Белоктор – денеде көптөгөн өтө маанилүү кызматтарды аткарган, чоң, комплекстүү молекулалар. Клеткадагы иштердин көпчүлүгүн аткарган белоктор денеде кыртыштардын жана органдардын пайда болушуна жана өз кызматтарын аткарышына керектүү. Белоктор аминокислота деп аталган жүздөгөн, ал тургай, миңдеген кичинекей бөлүктөрдөн турат. Бир белокту жасоодо 20 түрдүү аминокислота колдонулат жана ар бир белок үч жүздөн миңге чейинки сандагы аминокислотанын комбинациясынан пайда болот.73 Аминокислоталардын тизилиши белоктордун өзгөчө үч өлчөмдүү формасын жана жеке милдеттерин аныктайт. Ошентип ар бир орган атайын өзү үчүн өндүрүлгөн белокторду колдонуп, адамдын өмүрүн уланткан системаларды иштетет.
Адам денесинде ар бири өзүнчө маанилүү болгон, болжол менен 200.000 түрдүү белок кездешет. Белокторду түзгөн жыйырма аминокислота эгер туш келди биригип калганда, эч бир ишке жарабаган, сансыз түрдүү аминокислота тизмектери келип чыкмак. Аминокислоталар белгилүү пландардын негизинде тизилип, адамдын жашоо функцияларына керектүү белокторду пайда кылышат. Белоктор өзүнүн формасына жараша, клетканын ар кайсы бөлүмдөрүндө курулуш материалы болушат же ар кандай кызматтарды аткарышат. Мисалы, белоктор биригип денедеги иш-аракеттерди ылдамдатуучу ферменттерди, оорулар менен согушкан антителолорду, органдардын иштешин жөнгө салуучу гормондорду пайда кылышат. Булардын ар биринин денеде өзгөчө бир кызматы жана мааниси бар.
Тамак-аш аркылуу денеге кирген белоктор адамдын денесинде ошол түзүлүшү менен кызмат кыла албайт. Алгач клеткадагы атайын лабораторияларга алынып, ал жерде кичинекей молекулаларга, б.а. аминокислоталарга бөлүштүрүлөт. Андан соң ал аминокислоталар клетканын ДНКсына коддору жазылган 200.000дей белок түрүнүн ошол учурдагы керектүүлөрүн жасоо үчүн жаңы, башкача тизмектер аркылуу бириктирилишет. Ар бир баскычы өзүнчө бир керемет болгон бул өндүрүш механизми «белок синтези» деп аталат.
Белоктордун синтези – бул клеткалардын негизги кызматы. Себеби клетканын ичинде дээрлик бүт иштерди белоктор жасайт. Адамдын денесиндеги он миңдеген түрдүү белок керек болгондо оңдолот; эскиргенде болсо жаңылары менен алмаштырылат. Жаңы бир белокту өндүрүү үчүн генетикалык маалыматта жазылган рецепттерге каралат жана керек болгон белок ошого жараша өндүрүлөт. Белоктордун өндүрүш планы ДНКдагы коддолгон буйруктарда майда-баратына чейин жазылган. Молекулярдык биолог Майкл Дентон ДНКдагы белок өндүрүү планы жөнүндө мындай дейт:
ДНК жашоонун маалымат базасы жана бүт биологиялык маалыматтардын сактоо борбору болсо, белоктор жашоонун жандуу актерлору. Бул ааламдык куруучу машиналар же нано-башкаруучулар бир өлчөмдүү ДНКнын кыялын (элесин) клетканын жандуу жана үч өлчөмдүү реалдуулугуна айлантышат. Белоктор ДНКдагы буйруктарды окушуп, атомдор менен молекулаларды триллиондогон теңдешсиз, белгилүү тартиптерге салышат; клетканын өзүн жуптоо жана өзүн тартипке салуу сыяктуу кереметтүү иштерди жасашына шарт түзүшөт.74
Адам күнүмдүк жашоосун улантып жатканда, денесиндеги 100 триллион клетканын дээрлик бүт баарында, тынымсыз бул комплекстүү процесстер жүрүп турат. Денедеги көбөйүү (жыныстык) жана кан клеткаларынан тышкары, бүт клеткалар ар бир секунда сайын болжол менен эки миң белок өндүрүп турушат. Өспүрүм бир адамдын денесинде болжол менен 100 триллион клетка ар бир саат сайын болжол менен 150.000.000.000.000.000.000 (150 квинтильон) даана аминокислотаны эч катасыз уюштуруп, белок тизмектерин жасашат.75 Бул күн сайын, мүнөт сайын, секунда сайын ишке ашат. Проф. Жеральд Л. Шредер клетканын ичиндеги бул көрүнүштү мындайча сүрөттөйт:
Клеткаларыбыз кыймылдуулук эч азайбаган бир шедеврлер. Жети күн, жыйырма төрт саат, ар бир секунда өндүрүлгөн эки миң белок керек болгон жерлерге, так талап кылынгандай таратылат. Бул жерде түн уйкуга кетүү деген нерсе жок.76
Организмдердин жашоосунда өтө маанилүү роль ойногон белоктордун клетканын ичинде өндүрүлүшү үчүн дүйнөдөгү эч бир мисал менен салыштырылгыс даражадагы комплекстүү жана тартиптүү, кемчиликсиз бир система бар. Бул комплекстүү өндүрүш заводунда бир дагы ката кетирилбейт. Кандайдыр бир баскычта келип чыккан кемчилик ошол замат коопсуздукту көзөмөлдөө системасы тарабынан оңдолот. Ошентип организмдин жашоосун уланта турган белоктор эч катасыз, кечикпестен, керектүү жерде жана формада өндүрүлүшөт.
Белок өндүрүшүнүн дагы бир кереметтүү өзгөчөлүгү – бул абдан чоң ылдамдыкта ишке ашышы. Мисалы, 100 аминокислотадан турган бир белок молекуласы E. coli бактериясынын клеткасы тарабынан 5 секундада синтезделет.77 Бул ушунчалык чоң ылдамдык болгондуктан, мындай ылдамдыкта бүт өндүрүш процессин кемчиликсиз бүтүрө алчу бир завод жер жүзүндө жок. Бул ылдамдык жандыктар үчүн абдан маанилүү, себеби клеткаларда өмүр уланышы үчүн тынымсыз көптөгөн белоктор талап кылынат. Молекулярдык биолог Дэвид С. Гудсел «The Machinery of Life» (Жашоонун механизми) аттуу китебинде белок синтезинин организмдер үчүн мааниси жөнүндө мындай дейт:
Жашоону улантуучу эң негизги молекулярдык процесс – бул белок синтези, себеби жашоонун дээрлик бүт тарабында белоктор колдонулат. Белок синтези бири-бири менен тыгыз байланыштуу реакцияларды камтыйт жана алардын көпчүлүгү кайра эле белоктор тарабынан ишке ашырылат. Бул болсо биохимия жооп бере албаган табышмактардын бири. Кайсынысы биринчи пайда болгон, белокторбу же белок синтезиби? Эгер белокторду өндүрүү үчүн кайра эле белоктор керек болсо, анд бүт баары кантип башталган?78
Эволюционисттер бул суроого жооп бере алышпайт. Себеби дарвинисттик стереотиптер алардын бул жердеги апачык чындыкты көрүшүнө, т.а. акыйкатты ачык айтышына тоскоол болууда. Чындыгында болсо жаратылуу (Жаратуучунун бар экендиги) анык чындык: белокторду да, клетканын ичиндеги укмуш ылдам белок синтезин да бир учурда жараткан – бул Улуу Аллах. Раббибиз ар бир клеткабыздагы ДНКда коддолгон маалыматтарды себепчи кылуу менен белок синтези сыяктуу өтө маанилүү процесстин катасыз улантылышына мүмкүндүк берген.
Белокту өндүрүү учурунда көптөгөн белоктор бир учурда кызмат кылышат. Клеткалардын ичинде белок өндүрүүгө керектүү бүт бөлүктөр мыкты уюшкандык менен, чогуу иштешет. 80ден ашуун рибосома белогу, 20дан ашуун аминокислота кабарчысы болуп саналган молекула, бир дюжинадан ашуун жардамчы фермент, 100дөн ашуун акыркы процесстерди ишке ашыруучу ферменттер, 40тан ашуун РНК молекуласы болуп болжол менен 300 макромолекула координациялуу түрдө, белок синтезинде кызмат кылышат.79 Көп сандагы бир инженерлер тобу да кыйынчылык менен координация кыла алган бул кемчиликсиз өндүрүш системасы миллиметрдин миңден бириндей кичинекей бир жерде, мындан бир топ кичинекей жүздөгөн молекуланын көптөгөн аракеттери менен, жашоону улантышат. Бул өндүрүштө кызмат кылган молекулалардын бир даанасы эле болбосо, бүт өндүрүш чынжыры токтоп калат. Мынчалык пландуу жана коллективдүү аң-сезим менен иштеген бир система бүт жандыктарды толук башкарып турган Аллахтын жаратуусу менен гана келип чыгышы мүмкүн. Белок синтезинин кантип ишке ашаарына «Белок керемети» аттуу китебибизде терең орун берилген (тереңирээк маалымат үчүн караңыз: Харун Яхья, «Белок керемети»). Ушул себептен бул бөлүмдө бул өндүрүштүн негизгилерине гана токтолуу менен ДНКдагы маалыматтын кантип колдонулаарын карайбыз.
Белок өндүрүшү (белок синтези) ДНКдагы генетикалык маалыматты РНКга, ал жерден болсо белокко өткөрүүчү «транскрипция» (РНК синтези) жана «трансляция» (полипептид синтези) деп аталган эки баскычта ишке ашат.
Биринчи кадам, транскрипция клетканын ядросунда башталат жана жуп спиралдуу ДНКдагы генетикалык маалыматтын бир спиралдуу РНК молекуласына айландырылышы деген мааниге келет.
Белок синтезиндеги экинчи кадам, б.а. трансляция болсо клетканын цитоплазмасында (клетканын ядронун сыртындагы бөлүгүндө) ишке ашат жана бул этапта РНКдагы генетикалык маалымат белокко айландырылат.
Эми бул баскычтарды жалпысынан карап чыгалы:ДНК менен РНК молекулаларынын башка башка болушунун сыры
Нуклеиндик кислоталар клеткаларда эки түрдө болушат: ДНК (дезоксирибонуклеиндик кислота) жана РНК (рибонуклеиндик кислота) абалында. ДНК менен РНК клеткаларда башка башка кызматтарды аткарышат. РНК менен ДНК молекулаларынын арасындагы айырмалар жалпысынан төмөнкүлөр:
Түзүлүшүндөгү кант айырмалуу:
РНК молекуласынын омурткасында ДНКдагы дезоксирибоздун ордуна, рибоз канты жайгашкан.
Түзүлүшүндөгү база айырмалуу:
ДНКдагы тимин (Т) базасынын ордуна, РНКда урацил (U) бар.
РНК кыскараак жана бир спиралдуу:
РНК ДНКга түзүлүшү жагынан окшоп кеткен бир полимер (көп сандагы молекула химиялык байланыштар аркылуу тартиптүү туташып, пайда кылган кошулмалар) жана ДНК сыяктуу ал да маалымат алып жүрөт. Бирок РНК ДНКдан айырмаланып бир спиралдуу.
ДНК бекемирээк бир молекула:
РНКнын ар бир кант молекуласында ашыкча бир кычкылтек атому болот жана ар бир тимин базасында болсо бир көмүртек атому кем болот. ДНКнын кант молекулаларында кычкылтектин болбошу, б.а. ДНКнын кант түзүлүшүнүн дезоксирибоз болушу аны РНКдан бекемирээк бир молекулага айлантат. Ошондуктан ДНК маалымат сактоо үчүн эң идеалдуу молекула жана клеткада узун мөөнөткө генетикалык маалыматты сактоого абдан ылайыктуу. Ушул себептен клетканын ичинде организм жашашы жана урпактары уланышы үчүн маалыматтарды сактоо милдети ДНКга жүктөлгөн. Андан «жумшагыраак» болгон РНК болсо убактылуу милдеттерди аткарып, кыска мөөнөттүү маалыматтардын сакталышына кызмат кылат.80
РНК батыраак реакцияга кирет:
Мындан тышкары, РНКда ашыкча бир гидроксил (OH) тобу бар болгондуктан, ДНКдан оңойураак реакцияга кире алат жана ушул себептен жумшагыраак. Бул болсо генетикалык маалыматты сактоого РНКнын ДНКдай ыңгайлуу эмес экендигин көрсөтөт. Бир спиралдуу РНК молекуласынын комплекстүү 3 өлчөмдүү түзүлүшкө ыңгайлашы алышы бекем жана жуп спиралдуу ДНК спиралы жасай албаган каталитикалык иштердин РНКнын жасай алышына шарт түзөт. (Каталитикалык таасир: бир заттын химиялык бир реакцияда, эч өзгөрбөстөн, реакциянын ишке ашышын же ылдамдыгынын өзгөрүшүн камсыз кылуучу таасири.) Мындай каталитикалык жөндөмдөрүнүн урматында РНК молекулалары кереметтүү химиялык түзүлүштөрүн өзгөртө алышат. Мисалы, клетканын ядросундагы процесстер учурунда ДНК тизмегинин чоң бир копиясынан өздөрүн бир топ кичинекей кабарчы РНК тизмегине айлантышат. Кабарчы РНК болсо кийинчерээк рибосома тарабынан белоктун аминокислота тизмегине айландырылат.81
ДНКдагы маалыматка жетүү оңой болот:
РНК молекуласы ДНК сыяктуу жуп спиралдуу түзүлүштө болгондо, РНКда бүгүлүүлөр болмок эмес, бул болсо анын белоктор тарабынан таанылышына тоскоол болмок. Ошондой эле, жуп спираль формасындагы бир РНКда терең бир оюк болгондуктан, белоктордун ага жетиши, ошондуктан коддуу маалыматтардын окулушу ДНКдан оорураак болмок.82 Б.а. белоктор жуп спираль формасындагы РНКда база тизмектерин ДНКдагы сыяктуу оңой тааный албайт. Ошондуктан, генетикалык маалыматты сактоо үчүн ДНК бир тараптан бекемирээк, экинчи тараптан жетүү оңойураак болгондуктан, РНКдан бир топ ыңгайлуураак.83
ДНК менен РНК өз кызматтары үчүн эң идеалдуу молекулалар:
РНК ядронун ичиндеги ДНКдан алган генетикалык маалыматты цитоплазмага (клетканын ядронун сыртындагы бөлүгү) алып барат, ал жерде маалымат которулат. Бул эки молекуланын арасындагы айырмалар кызматтарын аткарышы үчүн бир шарт. ДНК клетканын ичинде туруктуу жана жетүүгө ыңгайлуу, тең салмактуу бир маалымат сактоо борбору. РНК болсо генетикалык маалыматтын которулушун камсыз кылуучу, өзгөрмө бир ташыгыч. Молекулярдык биолог Майкл Дентон «Nature's Destiny» (Табияттын тагдыры) аттуу китебинде бул өзгөчөлүктөрдүн маанисине мындайча көңүл бурат:
... бүт далилдер булардагы [ДНК менен РНКдагы] кандайдыр бир өзгөрүүнүн зыяндуу таасирлерге жол ачаарын жана биз билген башка эч бир полимердин ДНК менен РНК молекулаларынын химиялык жана физикалык касиеттерине ээ эмес экендигин көрсөтүүдө.84
Мындан тышкары, жалгыз спираль формасындагы РНК жуп спиралдуу ДНКдан бир топ ийкемдүү. Көрүнүп тургандай, ДНК менен РНК молекулалары экөө тең өз функцияларын аткарууга ыңгайлуу кылып жаратылган. Алардын түзүлүшүндөгү болор болбостой көрүнгөн айырмалардын баары алардын кызматы үчүн абдан маанилүү жана бул детальдардын баары комплекстүү бир тартиптин бөлүктөрүн түзүшөт. Проф. Жеральд Л. Шредер ДНК-РНК механизминдеги комплекстүүлүк жөнүндө мындай дейт:
Бир гана негизги клетка түзүлүшү, бир гана негизги энергия булагы, бир гана органелл жыйындысы бүт жандыктарда бирдей. Жана муну жөнгө салган бир гана система бар; жансыз, иштетилбеген материалдарды алып, аларды жашаган, ойлонгон, тандай алган жандыктарга айлана тургандай кылып уюштурган ДНК-РНК командасы. Бул шериктештиктин адамдын кыялы да жетпей турганчалык комплекстүү бир түзүлүшү бар.85
![]() |
1- Аминокислота, 2- Антикодон, 3- rRNA, 4- tRNA, 5- mRNA. |
Адамдын бул системага эч бир таасири жок. Адам эненин курсагында эми бир клетка болгон кезде эле Улуу Раббибиз бул системаны адамдын клеткаларына жайгаштырып койгон. Аллахтын мээрими менен курчалган адам бүт нерседе, дайыма Ага муктаж абалда жашайт:
Айткын: Ал Аллах жалгыз. Аллах Самад (бүт нерсе Ага муктаж, Ал түбөлүктүү, эч нерсеге муктаждыгы жок). Ал төрөгөн эмес жана төрөлгөн эмес. Жана эч нерсе Ага тең эмес. (Ихлас Сүрөсү, 1-4)
ДНКдагы буйруктардын негизинде жасалган белок өндүрүшү
Денеде кандайдыр бир белокко муктаждык пайда болгондо, ал муктаждыкты кабар берүүчү бир билдирүү өндүрүш жасала турган клетканын ДНКсына жеткирилет. Бул жерде көңүл буруу керек болгон абдан маанилүү бир жагдай бар: денеде кандайдыр бир белокко муктаждык болгондо, өздөрү да бир белок түрү болуп саналган кээ бир кабарчылар кайсы жакка кайрылаарын билип, кабарды туура жерге, туура формада жеткиришет. Бул байланышты камсыз кылуучу белок ал үчүн караңгы бир ааламдай сезилген дененин ичинде жоголбостон жолун таап, ага тапшырылган кабарды жоготпостон же кандайдыр бир бөлүгүнө зыян тийгизбестен ал жерге жеткирет. Б.а. бул процесстин ар бир этабында чоң бир жоопкерчилик бар.
Клетканын ядросуна келген кабар бир катар комплекстүү жана мыкты уюштурулган процесстерден соң белокко айланат. Белок талабынын денедеги 100 триллион клеткадан түздөн-түз клеткаларга жеткирилиши, кабарды алган клетканын андан эмне талап кылынганын түшүнүп ылдам ишке киришиши жана кемчиликсиз бир натыйжа алышы – илимпоздорду таң калтырган окуялар.
ДНК молекуласындагы генетикалык код ушундай өзгөчө жазылгандыктан, анын мазмунун, эмне мааниге келээрин жана өмүр бою адамдын денесине кандай таасир берээрин клетка өзү гана «биле алат». Бирок клеткалар – аң-сезимсиз жана жансыз атомдордун бир жыйындысы. Жердеги жана асмандагы бүт нерсени башкарып турган Улуу Раббибиздин буйругу менен, адамдар жасай албаган иштерди эч кемчиликсиз жасашат. Куранда Аллах мындай деп билдирет:
Мен чындыгында, менин да Раббим, силердин да Раббиңер болгон Аллахка тобокел кылдым. Ал маңдайынан кармап-көзөмөлдөбөгөн эч бир жандык жок. Сөзсүз менин Раббим туптуура бир жол үстүндө (туптуура жолдогуну коргоодо). (Худ Сүрөсү, 56)
Аллах жети асманды жана жерден да алардын окшошун жаратты. Буйрук булардын арасында токтобостон түшүп турат; силердин чындыгында Аллахтын бүт нерсеге кудуреттүү экендигин жана чындыгында Аллахтын илими менен бүт нерсени курчап тураарын билишиңер, үйрөнүшүңөр үчүн. (Талак Сүрөсү, 12)
Белок молекулалары, бир үйдүн кирпичтерди үстү-үстүнө тизүү аркылуу курулушу сыяктуу, «блоктор түрүндө» өндүрүлөт. Ар бир белок түрү белгилүү бир калыптын негизинде өндүрүлөт. Ар бир белоктун өзүнө тиешелүү аминокислота тизмеги ДНКда жазылган маалыматтар тарабынан аныкталат. ДНК молекуласындагы генетикалык коддун чечмелениши жана жазылган маалыматтардын негизинде белоктун өндүрүлүшү негизинен эки баскычтан турат:
1- ДНКдан РНК синтези (транскрипция)
2- РНКдан белок синтези (трансляция).
1- ДНКдан РНК синтези (транскрипция):
Белок өндүрүшүнүн алгачкы баскычы – бул РНК синтези. Бул процесс ДНК спиралынын ачылышынан башталат. ДНК молекуласындагы аденин, гуанин, цитозин жана тимин базалары бетме-бет тизилип, кол кармашуу аркылуу эки омуртканы бириктирип, спираль бир форманы пайда кылышат. Транскрипция баскычында болсо бул базалар колдорун койо беришет жана ДНК молекуласынын жуп тилкелүү түзүлүшү бир «сыдырма» сыяктуу ачылып баштайт.
ДНК ажыраган сайын «РНК-полимераза» аттуу атайын бир белок ДНКнын үстүнөн жүрүп, аны окуп баштайт. Бул процессте ДНКдагы базаларга туура келген башка базалар бири-бирине биригип жаңы бир РНК өндүрүлөт. Өндүрүлгөн бул РНК – кабарчы РНК (mRNA). Кабарчы РНКнын ДНКдан айырмасы, РНКда аденин базасынын тушуна тиминдин ордуна «U» тамгасы менен көрсөтүлгөн «урацил» базасы келет. Мындан тышкары, бул базалар үчтүк топтор түрүндө тизилишет.
Кабарчы РНК жасалып бүткөн соң ДНКдан бөлүнүп чыгып, бир катар процесстер аркылуу ар кандай оңдоолорго алынат. Бир скульптордун жасаган эстелигин эң майда-баратына чейин жонуп оңдошу сыяктуу, клетка дагы өндүрүлгөн «келбетсиз» РНКны оңдоо үчүн бир катар ферментти ишке салат.
2- РНКдан белок синтези (трансляция):
Оңдоо иштери бүткөн соң кабарчы РНК ядродон чыгып «рибосома» аттуу, энергия өндүрүү станциясы катары кызмат кылган бир органеллге келип ага туташат. Кабарчы РНК молекуласынын бир өзгөчөлүгү, тизилген базалар үчтүк топтор түрүндө бөлүнгөн. Бул үчтүк топтор «кодон» деп аталат. Ошентип кабарчы РНК рибосомага туташкан соң үчтүк топтор окулуп башталат.
Ташуучу РНК (tRNA) деп аталган дагы бир РНК түрү бар. Алар белок синтези учурунда жаңы белоктордун чийки заттарын, б.а. аминокислоталарды ташып келүү милдетин аткарышат. Ташуучу РНК кабарчы РНК же ДНК сыяктуу узун эмес; анда болгону 15-20 база тилкеси бар. Дагы бир өзгөчөлүгү болсо, бир тилкеге тизилген базалар айлана формасын пайда кылышат. Ташуучу РНКнын бетинде эки негизги аймак бар. Алардын биринчиси – ташый турган аминокислотаны тааныта турган аймак. Экинчи аймак болсо – ташуучу РНК кабарчы РНКга туташа турган, 3 даана база тилкесинен турган аймак. Бул аймак «антикодон» деп аталат.
Ташуучу РНКнын бетиндеги «антикодон» рибосомага туташкан кабарчы РНКнын бетиндеги «кодон» деп аталган 3түк топторго туташат. Ташуучу РНКлардын антикодондору кабарчы РНКнын бетиндеги кодондорго кезеги менен туташып жатканда, өздөрү менен бирге аминокислоталарды да алып келген болушат. Ташуучу РНКлар кезеги менен кодондорго туташкан сайын алардын жонундагы аминокислоталар да бири-бирине туташып башташат. Жүздөгөн, миңдеген ташуучу РНК тизилгенде, жондорундагы аминокислоталар да тизилип калат. Тизилген ушул аминокислоталар бири-бири менен туташып, белокту синтездеп башташат. Мына ушул кезде жумушу бүткөн ташуучу РНК жүгүн калтырып, кабарчы РНКдан байланышын үзүп, рибосомадан бөлүнүп чыгат. (тереңирээк маалымат үчүн караңыз: Харун Яхья, «Белок керемети»).
Өндүрүш учурунда бир эле аминокислотанын туура эмес бир жерге туташышы белокту ишке жараксыз бир молекулага айландыра алат. Бирок бул процесс бүт организмдердин клеткаларында эч кемчиликсиз иштейт. Ташуу кызматын аткарган ар бир ташуучу РНК алып келген ар бир аминокислотаны өндүрүш буйругунда көрсөтүлгөн жерге алып барып, өндүрүш процессинин бузулбашын камсыз кылат. Молекулярдык биолог Майкл Дентон бул жердеги кереметтүү тартипке мындайча көңүл бурат:
Эгер геномдун бетиндеги белгилүү аймактарды ишараттоо үчүн колдонулган максат тизмектер эч күмөн жаратпай турганчалык ар түрдүү болбогондо, албетте хаос болмок. Геном бүт тартмаларына окшош этикеткалар жабыштырылган бир документ шкафына окшоп калмак.86
Аң-сезимсиз молекулалардагы мындай кемчиликсиз дисциплина түшүнүгү жана аң-сезимди, жоопкерчиликти талап кылган иш-аракеттер алардын жогорку акыл жана күч-кудурет ээси Аллахка моюн сунгандыгын жана Анын башкаруусунда кыймыл-аракет жасагандыгын далилдейт. Куранда мындай деп айтылат:
Айткын: Адамдардын Раббисинен коргоо тилеймин. Адамдардын Малигинен (Падышасынан), Адамдардын (чыныгы) Кудайынан. (Нас Сүрөсү, 1-3)
1. РНК молекуласын жасоочу белок: РНК-полимераза
2. Копиялоо процессине керектүү башка комплекстүү белоктор
3. Копиялоо үчүн ДНК тилкелери ажыратылат.
4. РНК-полимераза ДНКны бойлой жүрүп отурат.
Бир клеткада белгилүү бир белокту өндүрүү керек болгондо, РНК-полимераза аттуу бир фермент клетканын маалымат базасы ДНКга барып, ДНКдан өндүрүлө турган белоктун маалыматтарын таап, өзүнө бир копиясын жасайт. Эң алгач 3 миллиард тамгадан турган ДНК молекуласынын арасынан өндүрүлө турган белокко тиешелүү тамгаларды таап чыгуу керек болот. Полимераза ферментинин 3 миллиард тамгадан турган ДНК молекуласынын арасынан бир канча саптык бир маалыматты таап чыгышы 1000 томдук бир энциклопедиянын кандайдыр бир бетине жазылган бир канча саптык белгилүү бир текстти эч сүрөттөөсүз ошол учурда табууга окшошот.
Бирок кээде бир белокко тиешелүү маалыматтар ДНКнын ар кайсы жеринде чачыранды абалда болушу мүмкүн. Ошондуктан, РНК-полимераза ферменти маалымат башталган жерден бүткөн жерге чейинки бөлүктүн баарын копияласа, ортодо керексиз жерлерди да копиялап алат. Ортодо керексиз маалыматтардын жайгашышы болсо башка, ишке жарабаган бир белоктун өндүрүлүшүнө себеп болот. Мындайда «сплайсосома» аттуу ферменттер жардамга келип, өтө чебердик менен жүз миңдеген маалыматтын арасынан керексиздерин жулуп салып, калган бөлүктөрүн бири-бирине туташтырышат.
РНКны үзүү процессинде бир канча атомдун биригишинен пайда болгон молекулалар өтө кереметтүү бир жумушту жасашат. Бир редактордой болуп, тексттин кемчиликтерин, каталарын оңдошот. Бул атомдор РНК-полимеразанын кайсы белокту өндүрүүгө аракет кылып жатканын билип, ал белоктун өндүрүшүнө керектүү жана керексиз маалыматтарды бири-биринен айырмалай алышат жана, болгондо да, бул жумушту жасап жатканда, жүз миңдеген маалыматтын арасында эч ката кетиришпейт. Ошондой эле, жардам керек болоор замат муну түшүнүп, эч кечикпестен ал жерге келип, өз жумушун аткарышат.
Адамдын ДНКсындагы маалыматтарды окуу үчүн дүйнөлүк масштабда жүргүзүлгөн Адамдын геному долбоорунун (Human Genom Project) алкагында дүйнөнүн алдыңкы жүздөгөн илимпозу эң өнүккөн жана эң жогорку технологиялар менен жабдылган лабораторияларда 10 жылдан ашуун убакыт бою болгон аракетин жумшап ДНКдагы маалыматты араң окуй алышты. Болгондо да, кайсы тамгалардын кайсы белоктун өндүрүшүндө колдонулаарын алигече аныктай алышкан жок. Ал эми денебизде болсо 100 триллион клетканын ичинде ар бир көз ирмем сайын триллиондогон РНК-полимераза ферменти ДНКдагы маалыматты башынан аягына чейин окуп, керектүү маалыматтарды кемчиликсиз, катасыз чыгарып беришүүдө. Албетте, бул кереметтүү окуялар РНК-полимераза ферментин жаратып, ага бул жөндөмдү берген Жаратуучунун Улуу Аллах экендигин толук далилдеп турат.
Апачык бир керемет: белок синтезин белоктор жасашат
Белок синтезинин баскычтарын караганыбызда көңүл бурган жагдайлардын бири – бул бир даана белок молекуласын өндүрүү үчүн жүздөгөн түрдүү белок менен ферменттин талап кылынышы. Мындан тышкары көптөгөн молекула менен ион (электрдик заряддуу атом) да болушу керек. Андай болсо, алгачкы белок кантип пайда болгон? Мына ушул суроо – эволюционисттерди туюкка такаган эң негизги суроолордун бири. Эволюционист биолог Carly P. Haskings «American Scientist» журналында жарык көргөн бир макаласында эволюциянын бул туюгун мындайча баяндайт:
... Бирок эволюция жөнүндөгү көптөгөн маанилүү суроолорго биохимиялык генетика аркылуу дагы деле жооп бериле элек... Бүт организмдерде ДНКнын жупташуусунда да, алардагы коддордун белокторго айландырылышында да абдан спецификалык жана ыңгайлуу ферменттер кызмат кылышат. Ошол эле учурда бул фермент молекулаларынын түзүлүшү түздөн-түз ДНК тарабынан аныкталат. Мына ушул чындык эволюцияда абдан сырдуу бир көйгөйдү пайда кылууда. Эволюция учурунда коддун өзү менен ал коддун ичинен белоктордун синтезинде кызмат кылуучу башка ферменттер чогуу пайда болду бекен? Бул кошулмалардын кереметтүү татаалдыгын жана алардын синтезделиши үчүн өз ара эч кемчиликсиз бир координациянын талап кылынаарын эске алганда, мындай дал келүүчүлүк болгон деп айтуу сандырактык эле болуп калат. Бул суроого Дарвиндин көз-караштарынын сыртынан жооп издешибиз керек. Себеби бул максаттуу жаратууга (бир Жаратуучунун бар экендигине) абдан күчтүү бир далил боло алат.87
Бул илимпоз да айткандай, белок синтезделиши үчүн клетканын ичиндеги бүт системалар толук бойдон бар болушу керек. Бул системанын бир эле бөлүгү кем болсо, белок өндүрүлө албайт жана натыйжада жашоо болбойт. Эволюционисттер болсо «алгач белоктор кокустан пайда болгон, анан белоктор кокустан биригип клеткалар пайда болгон» дешет. Бирок бул бөлүктөрдүн бири болбосо, экинчисинин эч пайда болбошу анык. Бул болсо, жогорудагы илимпоздун сөзүндө да айтылгандай, Аллахтын бүт жандыктарды бүт системалары менен бирге жараткандыгын апачык далилдейт. Аллахтын кемчиликсиз жараткандыгы Куранда мындайча билдирилет:
Ал – Аллах, Ал – жаратуучу, кемчиликсиз бар кылуучу, «калып жана келбет» берүүчү. Эң сонун ысымдар Аныкы. Асмандарда жана жердегилердин баары Аны тасбих кылат (аруулайт). Ал – Азиз, Хаким. (Хашр Сүрөсү, 24)
Мындан тышкары, бул молекулалардын аң-сезимсиз атомдордон тураарын унутпай, төмөнкү суроолорду суроо керек. Акылы, аң-сезими жок бир зат кандайча болуп башка бир нерсени көзөмөлдөө, контролдоо, иштерине кийлигишүү сыяктуу жөндөмдөргө ээ болуп калат? Буйруктарды жөнөтүп, белгилүү бир максатты көздөгөн абдан системалуу иш-аракетти кантип жасай алат? Дарвинисттик көз-караштын таасирине кирген адамдар булардын баары сокур жана аң-сезимсиз кокустуктардын натыйжасында келип чыккан дешет.
Бирок клеткалардын бар экенин да билбеген бул молекулалар эч качан ал клеткаларга керектүү белокторду өндүрүү жоопкерчилигин өздөрүнө алып, мындай чечимди кабыл ала алышпайт. Бул жердеги улуу акылды, илимди жана аң-сезимди талап кылган иш-аракеттерди аң-сезимсиз атомдордун уюштура албашында эч күмөн жок. Алар болгону өздөрүнө тапшырылган иштерди эч кемчиликсиз аткарышат жана аларга бул милдетти тапшырган, аларды бул системанын бөлүгү кылып жараткан Аллахка моюн сунушат.
Курандын бир аятында мындай деп кабар берилет:
«Силердин Кудайыңар бир гана Аллах, Андан башка кудай жок. Ал илим жагынан бүт нерсени ороп-курчаган.» (Таха Сүрөсү, 98)
Кокустуктар пландуу жана мыкты уюштурулган бир өндүрүштү жасай албайт
Бул сүрөттөгү тамгалар туш келди тизилген эмес. Бул тамгалар негизи каныңызда кычкылтек ташуу милдетин аркалаган гемоглобин белогунун сүрөттөлүшүнүн бир бөлүгү. Бул сүрөттөө дене жөнүндөгү бүт маалыматтарды камтыган ДНКда жазылган. Гемоглобин өндүрүү керек болгондо, ДНКдагы 3 миллиард тамганын арасынан ушул тамгалар тандалат. Бул тандоо жумушун РНК-полимераза аттуу фермент жасайт. Бул фермент ушунчалык сак болгондуктан, окууда жана туура тамгаларды тандоодо эч ката кетирбейт. Миллиондогон тамганын арасынан ар дайым туура тамгаларды тандайт.
Туура тамгаларды тандап, белоктун сүрөттөөсүн алган соң өндүрүш үчүн клетканын ичиндеги өндүрүш борборуна, б.а. рибосомага барат. Рибосома болсо ал сүрөттөөнү кунт коюп окуп түшүнөт жана ошол замат кемчиликсиз өндүрүштү баштайт. Бул – өтө жогорку технологиялуу бир бийик имараттын планы архитектор жана инженерлер тарабынан түзүлгөн соң, куруу үчүн тиешелүү адис жана техниктерге аманат тапшырылышы сыяктуу пландуу жана мыкты уюштурулган бир окуя.
Дарвинисттер болсо көзгө көрүнбөгөн кичинекей бир жердеги мындай жогорку деңгээлдүү уюштурууну кокустан пайда болгон дешет. Жансыз, сокур жана аң-сезимсиз атомдордон турган молекулаларды акылмандык менен, кемчиликсиз бир план жана тартипти башкарып, аны турмушка ашырышат дешет. Дарвинизмдин бул көз-караштарына ишенүү жомокторго ишенүүдөн да логикасыз жана чындыктан алыс.
Булактар:
74. Michael J. Denton, Nature's Destiny, Free Press, New York, 1998, s. 172.
75. Gerald L. Schroeder, Tanrı'nın Saklı Yüzü, çev. Ahmet Ergenç, Gelenek Yayınları, İstanbul, 2003, s. 187.
76. Gerald L. Schroeder, Tanrı'nın Saklı Yüzü, çev. Ahmet Ergenç, Gelenek Yayınları, İstanbul, 2003, s. 214.
77. Albert L. Lehninger, David L. Nelson, Michael M. Cox, Principles of Biochemistry, 2. baskı, Worth Publishers, 1993, New York, s. 892.
78. David S. Goodsell, The Machinery of Life, Springer-Verlag, New York Inc., 1993, s. 45.
79. Albert L. Lehninger, David L. Nelson, Michael M. Cox, Principles of Biochemistry, 2. baskı, Worth Publishers, 1993, New York, s. 892.
80. David S. Goodsell, The Machinery of Life, Springer-Verlag, New York Inc., 1993, s. 17.
81. Michael J. Denton, Nature's Destiny, Free Press, New York, 1998, s. 158.
82. Michael J. Denton, Nature's Destiny, Free Press, New York, 1998, s. 157.
83. Michael J. Denton, Nature's Destiny, Free Press, New York, 1998, s. 157.
84. Michael J. Denton, Nature's Destiny, Free Press, New York, 1998, s. 159.
85. Gerald L. Schroeder, Tanrı'nın Saklı Yüzü, çev. Ahmet Ergenç, Gelenek Yayınları, İstanbul, 2003, s. 73.
86. Michael J. Denton, Nature's Destiny, Free Press, New York, 1998, s. 417.
87. Carly P. Haskings, "Advances and Challenges in Science", American Scientist, cilt 59, 1971, s. 298.
Hiç yorum yok:
Yorum Gönder