24 Ocak 2017 Salı

ДНК КЕРЕМЕТИ ЭВОЛЮЦИЯ ТЕОРИЯСЫН КАНТИП ЖОККО ЧЫГАРУУДА?

Эволюция теориясы молекулярдык деңгээлде маанилүү бир туюкта. Палеонтология, геология, антропология ж.б. илим тармактары менен бирге, «жашоонун келип чыгышы» темасы да эволюция теориясы үчүн чоң бир көйгөй болууда. Болгондо да, эволюционисттердин көйгөйү аминокислота, белок сымал жашоонун курулуш материалдары менен эле чектелбейт. Булардан да жогорку негизги туюк – бул, организмдин клеткасынын укмуш комплекстүү түзүлүшү. Себеби клетка аминокислоталардан турган белоктордун бир жыйындысы эмес, адамзат ушул күнгө чейин көргөн эң комплекстүү системалардын бири.
Дарвинисттердин туюгу эволюция теориясын сактоо үчүн артына жашынган гипотезалардан келип чыгат. Дарвинисттердин ою боюнча, алгачкы организм сөзсүз жөнөкөй болушу керек жана керектүү химикаттар чогулганда жашоо кокустан, өзүнөн-өзү пайда болушу зарыл. Мына ушул негизсиз ишенимдер дарвинисттерди «вулкандык газдар менен чагылгандар ДНКны, анан жашоону пайда кылган!» деген бир жомокко ишенүүгө мажбур кылган. Дарвинисттердин ою боюнча, эң алдыңкы технология, эң алдыңкы лаборатория жана кылымдар бою чогулган илимий жетишкендиктер менен да жасала албаган жандуу клеткалардын миллиондогону кокустан биригип, абдан маанилүү милдеттерди аткарган органдарды пайда кылышкан. Болгондо да, ал органдар кемчиликсиз координация менен адам денесин түзүшкөн жана өз алдыларынча анын өмүрүн улантуу милдетин алышкан. Бул дарвинист жомоктордун эч бир илимий таянычы жок жана акыл менен логикага толук карама-каршы келет. Өзү да эволюционист, француз илимпоз Пьер-Поль Грассе бул туюкка мындайча көңүл бурат:
... кээ бир адамдар бир тарапты жактагандыктан, атайылап чындыктарды көрмөксөн болушат жана өздөрүнүн ишениминин кемчиликтерин жана катачылыгын моюнга алышпайт.174
Англия Салфорд университетинен доц. Л. Р. Крофт «How Life Began» (Жашоо кантип башталды) аттуу китебинде эволюционисттердин теориянын туюкка кабылганына кандайча маани бербегенине мындайча токтолот:
Эң негизги суроолордун бири болгон жашоонун келип чыгышы – эволюционисттик ой-жүгүртүүлөрдүн негизги башталыш чекити. Бирок ошентсе да эволюционисттер бул суроого көп маани беришпейт... жашоонун келип чыгышына көп токтолушкан эмес. Дарвин өзү да буга көп маани берген эмес...175
Дарвинисттер молекулярдык деңгээлде ишке ашкан деп айтылган «эволюциялык процесстердин» бирөөсүн да далилдей алышкан жок. Илимдин алга жылышы болсо бул суроолорго жооп табуу мындай турсун, суроолорду эволюционисттер үчүн андан да татаал жана комплекстүү кылып койду. ДНК сыяктуу түзүлүшү жана өзгөчөлүктөрү жагынан абдан татаал бир молекуланын эволюционисттер айткандай кокустуктардын натыйжасында пайда болушунун канчалык логикасыз экенин алдыда илимпоздордун жана эволюционисттердин өздөрүнүн сөздөрү менен карайбыз.

Генетикалык маалыматтын келип чыгышы илимпоздор
үчүн дагы эле белгисиз

Клетканын комплекстүү түзүлүшүнүн эң масштабдуу бөлүгүн генетикалык түзүлүшүн аныктоочу ДНК түзөт. Илимпоздор ДНКнын түзүлүшү жана коддолушу жөнүндөгү изилдөөлөргө көптөгөн жылдарды жана көп каражаттарды короткону менен, жаңы гана маанилүү маалыматтарды алып башташты. Бирок клетканын генетикалык түзүлүшүндөгү кемчиликсиздик дагы эле чоң сыр бойдон калууда. ДНКнын комплекстүү түзүлүшү жана ичиндеги өтө маанилүү, ири өлчөмдөгү маалыматтар жашоонун пайда болушун кокустуктар менен түшүндүрүүнү көздөгөндөрдү туюкка салууда. Белгилүү бир эволюционист, биохимик Лесли Оргел (Leslie Orgel) бул жөнүндө мындай дейт:
Генетикалык коддун келип чыгышынын жалпы өзгөчөлүктөрүн да алигече түшүнө элекпиз... Генетикалык коддун келип чыгышы жашоонун келип чыгышы маселесинин эң таң каларлык тарабы.176

ДНК жөнүндө канчалаган маалыматтар алынганына карабастан, илимпоздор дагы эле билгендерибиз өтө аз дешүүдө. Көзгө көрүнбөгөн, кипкичинекей жерге жашырылган геном керемети – Аллахтын жаратуу чеберчилигинин бир мисалы гана.


Ядролук физик проф. Жеральд Шредер ДНКдагы коддоонун кантип ишке ашканы жөнүндөгү маалыматтын жетишсиздигине токтолгон:
... Жана эгер фоссил калдыктары бизге туура айтып жаткан болсо, ДНКдагы маалымат дүйнөдөгү жашоонун эң алгачкы баскычтарында да кездешет. Бүт жашоонун келип чыгышына себепчи болгон коддоонун кантип ишке ашканы болсо дагы эле белгисиз. Пайда кылган продукциясынын комплекстүүлүгүн эске алганда, бул табышмактын масштабын жакшыраак түшүнөбүз.177
Белгилүү илимий журналдардын бири «Science» журналында макалалар жазган Жон Коэн (Jon Cohen) болсо бир макаласында ДНКдагы тартиптүү түзүлүштүн кемчиликсиздигине мындайча токтолот:
Эмне үчүн ДНК менен РНКдагы кант молекулалары биз билген бүт организмдерде оңду көздөй оролот? Ошол сыяктуу, белокторду түзгөн бүт аминокислоталар да солду көздөй бүгүлөт. Бул молекулалардын эмне үчүн мындай укмуштуу бир тартипте болоору белгисиз, бирок бул жөнүндө жазылган теориялар да аз эмес. Бул тема Лос-Анджелестеги бир чогулушта каралганда, тема айкындыкка жетиши үчүн жасалган аракет менен каалоо да эч аз эмес эле. Бул түшүнүктүү бир сезим эле; себеби бул суроо бүт илимий сырлардын фундаментинен сөз кылып жаткан; жашоонун келип чыгышынан.178
Германиядагы Johannes Gutenberg университетинин Биохимия институтунун башчысы проф. Клаус Доуз (Klaus Dose) «Жашоонун келип чыгышы: жооптон көп суроо бар» аттуу макаласында эволюционисттердин чарасыздыгын моюнга алгандардын бирөөсү:
... клетканын генетикалык маалыматынын кайдан келип чыкканын билбейбиз, алгачкы өзүн копиялай алчу нуклеиндик кислоталар кантип эволюцияланды же бүгүнкү клеткалардагы абдан комплекстүү түзүлүш-функция байланышы кантип пайда болду?179
Эволюционист журналдардын бири «Nature» журналынын мурдакы редакторлорунан Жон Мэддокс (John Maddox) болсо «генетикалык коддун келип чыгышынын жашоонун келип чыгышы сыяктуу дагы эле белгисиз бойдон калышын көрүү кайгыга салат.»180 дейт. Бирок чындыгында генетикалык коддун келип чыгышы белгисиз эмес, тескерисинче айдан ачык. Генетикалык код – Аллахтын жаратышындагы кемчиликсиздикти көрсөткөн мисалдардын бирөө гана. Куранда Аллахтын жаратышы мындайча билдирилет:

... Рахман (Аллах)тын жаратуусунда эч кандай «карама-каршылык жана дал келбестик» көрө албайсың. Мына көз(үң)дү айландырып-карап көр; кандайдыр бир жарака (кемчилик жана бузуктук) көрүп жатасыңбы? Андан соң көзүңдү дагы эки жолу айландырып-кара; ал көз (дал келбестик табуудан) үмүтүн кескен бир абалда чарчап, сага кайтат. (Мүлк Сүрөсү, 3-4)

Генетикалык маалыматтын келип чыгышын кокустуктар
менен түшүндүрүүгө болбойт
Эволюционисттердин сөздөрүн карап көрсөк, кемчиликсиз системалардын баарын «кокустуктардын натыйжасы» деп түшүндүрүүгө аракет кылганын көрөбүз. Клетканын комплекстүү түзүлүшү да эволюционисттер үчүн кокустуктардын жогорку бир ийгилиги (!), ийгиликтүү тандоолорунун (!) бир натыйжасы. Дарвинисттер бүт нерсенин жаратуучусу катары кабыл алган «кокустуктун» эмне экенин ойлонбостон, бул белгисиздик алгачкы клетканы пайда кылган деп кабыл алышат жана бүт теорияларын ошол клетканын үстүнө курушат. Бирок клетка мындай турсун, эң жөнөкөй организм дагы эволюционисттер ойлогондой, кокустан пайда боло албайт. Лондон университетинен клетка биологу Др. Эмброуз (Ambrose) бул ыктымалсыздыкты мындайча айткан:
Эң жөнөкөй бир клеткалуу комплекстүү организм дагы ушунчалык комплекстүү ДНК чынжырына ээ болгондуктан, мунун ыктымалдыгы 102.000.000 (бирдин артында 2 миллион нөл)дон бир сыяктуу элестетилгис бир ыктымалдыкка ээ.181
Математика илими учурда ДНКда жазылган маалыматтардын пайда болушунда кокустукка орун жок экенин далилдөөдө. Миллиондогон баскычтан турган ДНК молекуласы мындай турсун, ДНКны түзгөн 30.000 гендин бир даанасынын да кокустан пайда болуу ыктымалдыгы нөлгө барабар. Эволюционист биолог Франк Б. Солсбери (Frank B. Salisbury) бул ыктымалсыздык жөнүндө мындай дейт:
Орточо чоңдуктагы бир белок молекуласы болжол менен 300 аминокислотадан турат. Муну башкарган ДНК чынжырында болсо болжол менен 1.000 нуклеотид бар. Бир ДНК чынжырында төрт түрдүү нуклеотид болоору эске алынса, 1.000 нуклеотиддик бир тизмек 4түн даражасы 1000 түрдүү болушу мүмкүн. Жөнөкөй бир логарифма эсеби менен табылган бул сан болсо акылга эч сыйбас чоңдукка барабар. 41000'ден 1 санын «жөнөкөй бир логарифма эсеби» аркылуу 10600'дөн бирге барабар деп табууга болот. Бул сан 10дун жанына 600 нөлдү жазуудан алынат. 10дун жанына 12 нөлдүн жазылышы 1 триллионду пайда кылат, демек 600 нөлдүн жазылышынан келип чыккан санды чындап элестетүү анча мүмкүн эмес.182
Ошондуктан бир жерде бүт керектүү нуклеотиддер бар, алар бири-бирине туташышы үчүн керектүү бүт комплекстүү молекулалар жана туташтыруучу ферменттердин баары даяр турат деп элестетсек да, ал нуклеотиддердин керектүү катарда тизилүү ыктымалдыгы 10дун даражасы 600дөн бир ыктымалдыкка барабар болот. Кыскасы, адам денесиндеги орточо бир белоктун ДНКдагы кодунун кокустан, өзүнөн-өзү пайда болуу ыктымалдыгы 10дун жанына 600 даана нөл жазылган сандан 1ге барабар. Астрономиялыктан да чоң бул сан болсо иш жүзүндө «0» ыктымалдык деген мааниге келет. «Darwin Was Wrong: A Study in Probabilities» (Дарвин жаңылган: ыктымалдыктар анализи) аттуу китептин автору И.Л. Кохен болсо генетикалык маалыматтын кокустан пайда болбой тургандыгын мындайча айткан:
Математиктер 1050'дөн аркы кандайдыр бир сандын статистикалык жактан пайда болуу ыктымалдыгын нөл деп кабыл алышууда. Эң кичинекей бир клеткалуу бактерия да кошо, биз билген кандайдыр бир түр 100 же 1000ден бир топ көп нуклеотидге ээ. Негизи бир клеткалуу бактериянын белгилүү бир тизмектеги 3.000.000дой нуклеотиди бар. Бул болсо белгилүү болгон кандайдыр бир түрдөгү бир организмдин туш келди кокустуктардын же туш келди мутациялардын (эволюционисттердин эң жактырган сөзү) натыйжасында пайда болуу ыктымалдыгынын жок экенин көрсөтөт.183
Нуклеотиддердин кокустан чогулуп РНК же ДНКны түзүшүнүн мүмкүн эместигин эволюционист, француз илимпоз Пол Огер (Paul Auger) да айткан:
Туш келди химиялык кубулуштар аркылуу нуклеотиддер сыяктуу татаал молекулалардын пайда болушунун эки этабын, менимче бири-биринен так ажыратышыбыз керек; нуклеотиддердин бир-бирден өндүрүлүшү ... жана алардын абдан өзгөчө катарда бири-бирине туташышы. Мына ушул экинчиси эч мүмкүн эмес.184
Бул ыктымалсыздыкты абдан жөнөкөйлөтүлгөн бир мисал менен ойлонуп көрөлү. Кандайдыр бир бөлмөдө бир жарылуу болсо, андан эч качан адабий бир чыгарма, болгондо да барактары өз ордуна жабыштырылган бир китеп түрүндө пайда болбойт. Ушинтип кокустан өзүнөн-өзү, бир адабий чыгарма пайда болуп калды деген бир адамды көрсөңүз, эң алгач бул адамдын акылы жайындабы деп шектенесиз. Бирок эволюционисттер «кокустуктар жасады» деген нерсе бул мисалдагы ыктымалсыздыктан бир топ жогору. Бирок кокустук көз-карашы канчалык логикасыз жана ыктымалсыз болсо да, Дарвиндин мурасына сокурдук менен бекем жабышкандар «кокустуктар ошондо деле муну кыла алышат» дешүүдө. Эволюция теориясынын жараксыздыгын баяндаган «Evolution: A Theory in Crisis» (Эволюция: кризис ичиндеги теория) аттуу китептин автору, таанымал молекулярдык биолог профессор Майкл Дентон бул теңдешсиз кемчиликсиздикти кокустуктарга таяндыргысы келгендерге таң калаарын айткан:
Жалпы эволюция үчүн керектүү болгон туш келди жөнгө салуулар – логикалык балээлер. Бир канча жүз сөздөн турган бир тексттин кокустан грамматика эрежелерине ылайык чыгып калуу ыктымалдыгын «жок» дей турганчалык төмөн деп айтсак, анда да чындыктан алыстаган болобуз. Буга окшогон кандайдыр бир тизмек акылдын бар экенин көрсөтөт... Туш келди процесстердин чындык экендигине же кокустуктардын адамдын акылы чыгарган кандайдыр бир нерседен алда канча комплекстүү болгон функционалдуу белоктун же гендин кичинекей бир бөлүгүн пайда кыла алаарына чындап ишенүүгө болобу?185
Проф. Майкл Дентон дарвинисттердин мындай акылга сыйбас ишеними жөнүндө дагы бир сөзүндө мындай дейт:
Татаал организмдердин генетикалык программаларынын түзүлүшү миллиарддаган бит (компьютер бирдиги) маалыматка же миң томдук кичинекей бир китепкананын ичиндеги бүт тамгалардын тизмегине тең. Мынчалык комплекстүү организмдерди түзгөн триллиондогон клетканын өрчүшүн аныктаган, буйрук кылган жана башкарган сансыз татаал функцияларды толугу менен кокустан, өзүнөн-өзү пайда болгон деп айтуу болсо адам акылына кол салуу болуп саналат. Бирок бир дарвинист ушундай көз-карашты эч күмөн санабастан кабыл алат!186
Кембридж университетинен философ д-р Стефен К. Мейер болсо жашоонун келип чыгышын кокустуктарга таяндырган түшүндүрмөлөргө маани бербеш керек дейт:
Жашоонун келип чыгышынан тышкаркы биология чөйрөлөрүндө дагы эле биологиялык маалыматтын келип чыгуу себеби катары «кокустук» түшүнүгү кабыл алынышы мүмкүн, бирок муну бир канча изилдөөчүдөн башка эч ким чындап колдобойт. 1950- жана 1960-жылдары молекулярдык биологдор белоктордун жана нуклеиндик кислоталардын тизилишиндеги өзгөчө касиетке суктанып баштагандан бери функционалдуу белоктордун жана нуклеиндик кислоталардын кокустан пайда болуу ыктымалдыгы эсептелип чыккан. Алгачкы (эң башындагы) шарттар артыкчылыктуу болчу деп кабыл алынса да (чындыкка сыйса же сыйбаса)... биологиялык макромолекулалардын тизмегинин кокустан пайдалуу тизилип калуу ыктымалдыгы Илья Пригожин (Ilya Prigogine) айткандай, «жок дегенге боло турганчалык аз... ал тургай... миллиарддаган жылдык убакыт аралыгында да.»187
Бул ыктымалдыктардын мүмкүн эместигин эволюционисттер да билип туруп, чындыктарга тирешишүүдө. ДНКнын түзүлүшүндөгү комплекстүүлүк жана кемчиликсиздик улуу бир илим жана акыл ээси бир Жаратуучу, тагыраак айтканда, Улуу Раббибиз тарабынан жаратылган. Бир аятта мындай деп айтылат:

Чындыкты жалган менен жаппагыла жана чындыкты жашырбагыла. Силер (чындыкты) билип турасыңар. (Бакара Сүрөсү, 42)

ДНКнын бар болушу өзү жалгыз эч нерсеге жарабайт
Генетикалык система бир эле ДНКдан турбайт. ДНКдагы коддорду окуй турган ферменттер, ал коддордун окулушунан пайда болгон кабарчы РНК, кабарчы РНК өндүрүш жасалышы үчүн ал код менен барып улана турган рибосома, рибосомага өндүрүштө колдонула турган аминокислоталарды ташып келе турган бир ташуучу РНК жана ушул сыяктуу сансыз жумуштарды жасай турган абдан комплекстүү ферменттер да ал жерде болушу керек. Мындан тышкары, ал жер, клетка сыяктуу, керектүү бүт чийки зат жана энергия мүмкүнчүлүктөрү бар, бүт тараптан изоляция кылынган жана бүтүндөй көзөмөлдөнгөн бир жер гана болушу зарыл...

Клетканын комплекстүү түзүлүшү





A. Клетканын комплекстүү түзүлүшү
B. ДНКнын комплекстүү түзүлүшү
C. Клетканын ичиндеги комплекстүү процесстердин бир бөлүгү

1. Хромосомалар, 2. ДНК спиралы, 3. Экзон, 4. Гистон, 5. Интрон, 6. Кесүү, 7. Интрондор, 8. Кабарчы РНК (mRNA), 9. Цитоплазма, 10. Клетка, 11. Ядро, 12. Хромосомалар, 13. Митохондрия, 14. ДНК, 15. Кабарчы РНК, 16. Метилдешүү, 17. Гистондор, 18. Ацетилдешүү, 19. Кабарчы РНК, 20. РНКнын бузулушу, 21. Ортого кирген кабарчы РНК, 22. SIRC (татаал белок), 23. Белок синтези, 24. Толук даяр боло элек белок, 25. Шаперон белок, 26. Белоктун калыпка салынышы, 27. Активдүү абалдагы белок, 28. Митохондриялык ДНК.
Генетикалык система бир эле ДНКдан турбайт. Тирүү организм болушу үчүн ДНК чынжырын окуп, аны копиялап жана ал копиялардын негизинде белокторду өндүрө турган ферменттер да сөзсүз болушу керек. Бул маанилүү өзгөчөлүк клетканын «кемитүүгө болбогон комплекстүүлүгү» деп аталат.


Негизи бир органикалык зат бүт органеллдери менен бирге, толук уюштурулган бир клетка абалында бар болгондо гана өзүн көбөйтө алат. Бул болсо клетка укмуш комплекстүү түзүлүшү менен «бир заматта» пайда болгон деген мааниге келет. Нобель сыйлыгынын ээси француз биолог Жак Моно (Jacques Monod) «Chance and Necessity» (Кокустук жана зарылчылык) аттуу китебинде муну мындайча айткан:
Заманбап клеткада генетикалык маалыматты окуу процессинде кызмат кылган механизмде эң аз элүү макромолекулалык кошулма бар. Бирок алар өздөрү да ДНКда коддолгон: кодду, аны окуу аркылуу жасалган продукциялар болмоюнча, окууга болбойт. Бул omne vivium ex ovo [«Бүт жашоо бир жумурткадан келет» деген маанидеги латын макалы] макалынын заманбап жоромолу. Бул айлампа качан жабылган? Элестетүү чындап кыйын.188
Дагы бир Нобель сыйлыгынын ээси француз илимпоз Андре Львов (Andre Lwoff) болсо клетканын ичиндеги ар бир молекуланы бири-биринен көз-каранды иштеген бир бүтүндүн бөлүктөрү деп айткан:
Бир организм бири-биринен көз-каранды түзүлүштөрдөн жана функциялардан турган бир система. Ал клеткалардан турат жана клеткалар болсо кемчиликсиз кызматташкан молекулалардан жасалган. Ар бир молекула башкаларынын эмне кылганын билиши зарыл. Башкалардан кабар алып, ошого жараша кыймыл-аракет кыла алышы керек.189

1. Рибосома
2. Рибосоманын чоң астыңкы бөлүгү
3. Орнотулган белок чынжыры
4. Ташуучу РНК кабарчы РНК менен байланыш түзүп жатат
5. Рибосоманын кичи астыңкы бөлүгү.

«Примитивдүү клеткадан комплекстүү клеткага өтүү» көз-карашы эч чындыкка сыйбайт. Жашоого керектүү комплекстүү молекулалардын баары бир учурда, бир жерде болушу керек. Клетка жашай алышы үчүн эң башынан баштап бүт бөлүктөрү эч кемчиликсиз, толук бойдон бар болушу шарт.

Ыктымалдуулук эсептөөлөрү белоктор жана нуклеиндик кислоталар (РНК менен ДНК) сыяктуу комплекстүү молекулалардын бир-бирден, өзүнөн-өзү (кокустан) пайда болбой тургандыгын көрсөтүүдө. Бирок эволюционисттер үчүн эң негизги маселе мындай: бир организм жашай алышы үчүн бул комплекстүү молекулалардын баары чогуу бир жерде жана бир учурда бар болушу керек. Бул чындыкты эволюция теориясы эч түшүндүрө албайт. Кээде эволюционисттердин өз сөздөрүнөн да муну моюнга алганын көрүүгө болот. Алардын бири – көп тармактарда профессорлук кылган Индиана университетинен Дуглас Р. Хофштадтер (Douglas R. Hofstadter):
Генетикалык маалымат кандайча болуп аны чечмелей турган механизмдер менен (рибосомалар жана РНК молекулалары менен) чогуу пайда болгон? Бул суроого өзүбүздү бир жооп менен эмес, суктануу жана таң калуу сезимдери менен канааттандырышыбыз керек.190
Бул чындыкты, ошондой эле, эволюционисттик көз-караштагы, 20-кылымдын илим философторунан проф. Карл Раймунд Поппер (Karl Raimund Popper) да кабыл алган. Проф. Поппер бул туюкту мындайча сүрөттөйт:
Генетикалык коддун келип чыгышы менен байланыштуу көйгөй бул эле эмес. Коддун бар болушу бул маалыматтын алып, колдонулушу деген мааниге келет; антпесе ДНКнын ичинде жазылган маалымат керексиз болуп калмак. Маалыматты алып, колдонуу болсо фермент менен рибосомалардын маалыматты копиялап, которушу деген мааниге келет. Клетка бул фермент менен рибосомаларды жасашы керек экенин кайдан билген? Жооп: генетикалык коддо жазылган маалыматтан.191
Проф. Поппер көңүл бургандай, клетканын бүт курулуш материалдарына жана органеллдерине тиешелүү маалыматтар ДНКда жазылган. Ал эми ДНКдагы маалыматты колдонуу үчүн алгач бул курулуш материалдары жана органеллдер бар болушу керек. Бул акыйкат эволюция теориясынын «жашоо акырындап, этап этабы менен пайда болгон» деген көз-карашын толугу менен четке кагат. Себеби ДНКдагы маалыматтар болмоюнча, клетканын органеллдери пайда боло албайт; ал эми органеллдер болмоюнча, ДНКдагы маалыматты колдонууга болбойт. Башкача айтканда, экөөсү тең бир учурда бар болушу зарыл. Ошондуктан «примитивдүү клеткадан комплекстүү клеткага өтүү» көз-карашы куру кыялдар гана. Зоолог проф. Дэвид Е. Гриин (David E. Green) жана биохимик проф. Роберт Ф. Голдбергер (Robert F. Goldberger), эволюционисттик көз-карашта болушса да, илимий бир макалаларында мындай дешет:
«Примитивдүү клеткалар – түрлөрдүн келип чыгышынын башталышы» деген кеңири тараган көз-караш чындыгында туура эмес. Ал клеткаларда функционалдуулук жактан примитивдүү эч нерсе жок. Ал клеткаларда учурдагы мисалдары сыяктуу дал ошондой биохимиялык жабдыктар бар болгон. Анда кийинки клеткалар кантип пайда болгон? Бул суроого бериле турган жалгыз маанилүү жооп – бул «мунун кандайча болгонун билбейбиз» деген жооп.192
Бүт жашоону «кокустуктар» менен түшүндүрүүгө аракет кылган эволюция теориясы ДНКда кылдаттык менен, кемчиликсиз коддолгон кереметтүү маалыматтын булагын эч качан түшүндүрө албайт. Анын үстүнө, бул «ДНК тизмеги кантип пайда болгон» деген суроо менен эле чектелбейт. Себеби ДНК тизмеги, жогоруда да айтылгандай, ичиндеги укмуштуу маалымат сыйымдуулугу менен бирге бар болсо да, өзү жалгыз эч нерсеге жарабайт. Жашоодон сөз кыла алуу үчүн сөзсүз мындан тышкары бул ДНК тизмегин окуп, копиялай турган жана ошол копиялардын негизинде белокторду өндүрө турган ферменттер болушу шарт. Башкача айтканда, жашоо болушу үчүн ДНК деп аталган маалымат базасы да, ал базадагы маалыматтарды окуп өндүрүш жасай турган машиналар да болушу керек. Бул клетканын «кемитүүгө болбогон комплекстүүлүк» деп сыпатталган абдан маанилүү бир өзгөчөлүгү. Проф. Франк Б. Солсбери клеткадагы бул комплекстүүлүккө мындайча токтолгон:
Азыр клетканын биз элестеткенден бир топ комплекстүү экенин билебиз. Ар бири өзүнчө комплекстүү машиналар болуп саналган, миңдеген ферменттин иш-аракетин камтыйт. Анын үстүнө, ар бир фермент бир ДНК тилкесин түзгөн гендин негизинде жасалат. Ал гендеги маалымат мазмуну жана комплекстүүлүгү жагынан ал контрольдогон ферменттей укмуш болушу керек.193
Жыйынтыктасак, ар бир бөлүгү бири-бири менен өтө тыгыз байланыштагы системалардан турган организм клеткасынын бир даана органеллинин эле кем болушу ал клетканын иштебешине алып келет. Клетканын мынчалык маанилүү бир кемчиликти кийинчерээк жойгонго, «эволюция процесси» менен толуктаганга убактысы жок. Ошондуктан миллиондогон жылдык кокустуктардын майда майда бөлүктөрдү чогултушунун натыйжасында бир жандуу клетканын пайда болушу эч мүмкүн эмес. Клетка ар бир бөлүгүнүн баскыч баскыч пайда болушуна жол бербей турганчалык комплекстүү бир бүтүндүккө ээ. Клетка жашай алышы үчүн эң башынан бүт бөлүктөрү менен бирге, толук бойдон, эч кемчиликсиз бар болушу шарт. Бул дагы эволюция теориясы үчүн жолсуз туюктардын бири.

Кайсынысы мурда пайда болгон маселеси: белокпу же ДНКбы?

ДНК менен байланыштуу абдан маанилүү жагдай төмөнкүчө: ДНКны окуп, ошонун негизинде белокторду өндүргөн ферменттер да кайра эле ДНКдагы коддордун негизинде өндүрүлөт. Мунун мааниси мындай: клетканын ичиндеги завод ар кандай продукцияларды да өндүрөт, ал өндүрүштө кызмат кылган робот, машиналарды да өндүрөт. «Бир эле жеринде кемчилик болсо, ишке жараксыз болуп кала турган бул система кантип пайда болгон» деген суроонун өзү эле эволюция теориясын кыйратууга жетиштүү болот.
ДНКнын белок түзүлүштүү бир катар ферменттердин жардамы менен гана копиялана алышы жана ал ферменттердин ДНКдагы маалыматтардын негизинде гана синтезделе ашышы белок менен ДНКнын бири-биринен көз-каранды экендигин көрсөтөт. Ошондуктан ДНКны копиялай алуу үчүн эң башынан белок да, ДНК да бир учурда бар болушу зарыл. Илимпоз Жон Хорган (John Horgan) бул дилемманы мындайча түшүндүрөт:
... ДНК катализатор белоктордун жана ферменттердин жардамы болмоюнча, өз жумушун жасай албайт. Кыскасы, ДНК болмоюнча белоктор пайда болбойт, бирок ДНК дагы белоктор болмоюнча пайда болбойт.194

Сүрөттө «лейцин сыдырмасы» аттуу белок чагылдырылган. «Негизги сыдырма белок» деп да аталган бул түзүлүштөрдүн организмдин нормалдуу өрчүшүндө ролу чоң. ДНКнын копияланышында жөнгө салуу кызматын аткарышат. Булар мутацияга дуушар болгон учурда рак келип чыгышы мүмкүн.

Молекулярдык биолог Майкл Дентондун ою боюнча, «белоктор көп нерсени жасай алышат, бирок өздөрүнүн синтезине (курулушуна) керектүү маалыматты сактай да, өткөрө да алышпайт. Ал эми ДНК болсо маалыматты сактай алат, бирок эч нерсе өндүрө албайт жана өзүн көбөйтө албайт. Ошондуктан ДНК белокторго, белоктор болсо ДНКга муктаж. Бул туюк айлампа «жумуртка тооктонбу, тоок жумурткаданбы» деген парадоксту эске салат.»195 Эндрю Скотт (Andrew Scott) болсо «New Scientist» журналындагы бир макаласында белоктор менен генетикалык кодду бири-биринен бөлүп кароого болбойт дейт:
Кадимки «тоок жана жумуртка» дилеммасы менен алектенүүдөбүз. Нуклеиндик кислоталар белокторду жасоо үчүн керек; белоктор болсо нуклеиндик кислоталарды жасоо жана натыйжада нуклеиндик кислоталардын белок өндүрүү процессинде өздөрүнө багыт берип турушун камсыздоо үчүн керек... Жансыз атомдордон биздин пайда болушубуздун жолунда өтө маанилүү бир баскыч болгон ген-белок байланышынын келип чыгышы дээрлик толугу менен белгисиз табышмак.196
Бул «жашоо кокустан пайда болгон» деген сценарийди дагы бир жолу четке кагат. Америкалык химик проф. Гомер Якобсон (Homer Jacobson) болсо мындай дейт:
[Жашоо башталган кезде] көбөйүү пландары, айланадан зат жана энергия алуу, өрчүүнүн кезеги жана булардын баары өрчүшү үчүн керектүү маалыматтарды которо турган механизмге тиешелүү буйруктар ошол учурда жана толугу менен бар болушу зарыл. Мындай комбинациянын кокустан пайда болушу мүмкүн эмес.197
Проф. Якобсон бул сөздөрдү Жеймс Уотсон менен Фрэнсис Крик тарабынан ДНКнын түзүлүшү ачылгандан эки жыл өткөн соң жазган. Бирок илим канчалык өнүксө да, бул маселе эволюционисттер үчүн дагы эле чечилбеген бойдон калууда. Эволюционист биолог профессор, доктор Али Демирсой (Ali Demirsoy) белок менен ДНКнын чогуу пайда болуу ыктымалдыгы жөнүндө минтип айтууга мажбур болгон:
Бир белоктун жана ядро кислотасынын (ДНК-РНК) пайда болуу ыктымалдыгы божомолдордон бир топ ары бир ыктымалдык. Ал тургай, белгилүү бир белок тизмегинин пайда болуу ыктымалдыгы астрономиялык дегенге боло турганчалык аз.»198
Демирсой айткан ыктымалдык иш жүзүндө нөлгө барабар. Эволюционист д-р Лесли Оргел болсо 1994-жылкы бир макаласында бул жагдай жөнүндө мындай дейт:
Түзүлүштөрү абдан комплекстүү болгон ферменттердин жана нуклеин кислоталарынын (РНК менен ДНК) бир жерде жана бир учурда кокустан пайда болушу өтө эле ыктымалсыз. Бирок булардын бири болмоюнча, экинчисин алуу да мүмкүн эмес. Ошондуктан адам «жашоонун химиялык жолдор менен пайда болушу эч мүмкүн эмес» деген жыйынтыкка барууга мажбур болууда.199
«Жашоонун химиялык жолдор менен пайда болушу мүмкүн эмес» деген сөз «жашоонун өзүнөн-өзү пайда болушу мүмкүн эмес» деген мааниге келет. Бул акыйкат – жашоонун бир заматта жаратылгандыгынын анык бир далили. Бирок эволюционисттер далилдери апачык көрүнүп турса да, бул акыйкатты идеологиялык себептерден улам кабыл алышпайт. Аллахтын бар экенин кабыл албаш үчүн өздөрү да эч ыктымалсыз экенин билген сандырак сценарийлерди жакташат. Башка бир эволюционист Кэрил П. Хаскинс (Caryl P. Haskins) ДНК кодунун кокустан пайда болбой тургандыгын жана бул чындыктын жаратылууга күчтүү бир далил болоорун айтат:
Биохимиялык генетика деңгээлиндеги эволюцияга тиешелүү эң көлөмдүү суроолорго дагы эле жооп берилген жок. Генетикалык код алгач кантип пайда болгон жана кантип эволюцияланган? Бүгүн жашап жаткан бүт организмдердеги ДНК репликациясы да, ДНК кодунун натыйжалуу которуу процесстери да абдан так ферменттерге муктаж. Ошол эле учурда, бул ферменттердин молекулярдык түзүлүштөрүнүн ДНКнын өзү тарабынан так аныкталган болушу маанилүү бир эволюционисттик табышмакты пайда кылууда... Код жана кодду которуу ыкмалары эволюция процессинде өзүнөн-өзү пайда болгонбу? Мындай кокустуктун ишке ашканына ишенүү акылга дээрлик такыр сыйбайт. Бул табышмак Дарвинден мурдакы доордогу сыяктуу, Дарвинден кийин да эволюциядан күмөн санагандар тарабынан пландуу жаратылуунун эң күчтүү далили катары жоромолдонгон.200
Бир клеткалуу бир организмдин комплекстүүлүгү да илимпоздордун түшүнүгүнөн жогору турат. Себеби ушунчалык кичинекей организмде да өз алдынча өзүнүн копиясын жасай ала турган укмуш сыйымдуу бир генетикалык код камтылган. Бул код болсо мыкты тартипти эле эмес, жазылуу маалыматты да талап кылган бир түзүлүшкө ээ. Мындан тышкары, бул ДНК кодунун туура жазылышы эле жетиштүү болбойт. Ошол эле учурда, клетканын калган бөлүгү код менен жазылган бул буйруктарды окуп, ага баш ийиши зарыл. Организмдердин баары ушул көрсөтмөлөрдүн натыйжасында абдан уюшкан иштерди жасай алган, кемчиликсиз түзүлүштө болушат.
Албетте, аң-сезимсиз клетка органеллдеринин бул коддордун тилин өз алдынча үйрөнүшү же аларды кокустан чечмелеши мүмкүн эмес. Коддун бар болушу, чечмелениши, ал жердеги маалыматтын өткөрүлүп берилиши, туура колдонулушу... бул баскычтардын ар бири өзүнчө бир аң-сезимди жана акылды талап кылат. Клеткадагы ферменттер менен рибосомалар бул иштерди жасашы керек экенин кайдан билишет? Муну билишет деп элестетсек да, эч билбеген бир жердеги коддорду кантип катасыз чечмелей алышат? Бул суроолор бир тараптан эволюционисттердин туюктарын ачып көрсөтсө, экинчи тараптан жаратуудагы акыл менен илимди жакшыраак түшүнүүгө шарт түзөт. Куранда мындай деп айтылат:

Раббиң каалаганын жаратат жана тандайт; тандоо алардын колунда эмес. Аллах алардын шерик кошкондорунан аруу-таза, улуу. Раббиң алардын көкүрөктөрүндө сактагандарын жана ачык айткандарын билет. Ал Аллах, Андан башка кудай жок. Башында да, аягында да мактоолор Ага тиешелүү. Өкүм Ага тиешелүү жана Ага кайтарыласыңар. (Касас Сүрөсү, 68-70)

Химиялык эволюция көз-карашынын жараксыздыгы
Дарвин ысык бир көлдүн ичинде жашоонун чийки заты болгон кээ бир химикаттар бар болсо, белоктор пайда болушу мүмкүн, алар көбөйүп, биригип, бир клетканы пайда кылышы мүмкүн деген ойду жактаган.201 Дарвиндин бул кыялын ишке ашырууга жана жашоонун келип чыгышын «эволюциялык» жол менен түшүндүрүүгө аракет кылган миңдеген илимпоз да ушул туюк жолго киришти.
Орус биохимик Александр Опарин менен англиялык генетик Ж. Б. С. Холдейн 1920-жылдары «химиялык эволюция» деп аталган теорияны чыгарышты. Дарвин кыялдангандай, жашоонун чийки заты болгон молекулалардын энергиянын салымы менен өзүнөн-өзү эволюцияланып, жандуу бир клетканы жасай алаарын айтышты. Бирок Опарин да кошо, эч бир эволюционист бул «химиялык эволюция» көз-карашын колдой турган бир жыйынтык ала алган жок. Тескерисинче, 20-кылымдагы ар бир илимий ачылыш жашоонун эч качан кокустан пайда болбой турганчалык комплекстүү экенин көрсөттү. Таанымал эволюционист Лесли Оргел бул жөнүндө мындай дейт: «(ДНК, РНК жана белоктордун түзүлүшү изилденгенде) адам «жашоонун химиялык жолдор менен пайда болушу эч мүмкүн эмес» деген жыйынтыкка барууга мажбур болууда.»202
Адамдын курулуш материалы болгон клетка мындай турсун, ДНКнын негизги түзүлүшүндөгү нуклеотиддердин да кокустан, алгачкы дүйнө шарттарында химиялык өзгөчөлүктөрүн коргошу мүмкүн эмес. Эволюционисттик маанайдагы макалаларды жарыялоочу илимий журналдардын бири «Scientific American»'да орун алган төмөнкү саптар эволюционисттердин бул жөнүндөгү моюнга алууларын чагылдырган:
Ыктымалдуу алгачкы дүйнө шарттарын туураган чыныгы эксперименттерде эң жөнөкөй молекулалар да аз санда гана алынды. Андан да жаманы, алынган молекулалар көбүнчө органикалык молекулалардын экинчи даражадагы курулуш материалдары. Кадимки таасирлери барган сайын комплекстүүрөөк органикалык аралашмаларды жасаганга багытталган геохимиялык реакциялардын натыйжасында кандайча болуп молекулалардын бөлүнүп, тазалана алаары дагы эле көйгөй бойдон калууда. Бир аз комплекстүүрөөк молекулалар үчүн бул кыйынчылык ан сайын тездик менен өсөт.203
Немец илимпоздор Рейнхард Юнкер (Reinhard Junker) менен Шерер Зигфрид (Siegfried Scherer) болсо жашоого керектүү молекулалардын баарынын синтезинин башка башка шарттарды талап кылаарына көңүл бурушкан. Юнкер менен Шерердин ою боюнча, бул жагдай жашоого керектүү көптөгөн түрдүү заттын бир жерге чогулуу ыктымалдыгынын эч жок экенин көрсөтөт:
Химиялык эволюцияга керектүү бүт молекулаларды алууга мүмкүн болгон бир эксперимент жок. Ошондуктан ар түрдүү молекулалардын ар кайсы жерде, абдан ылайыктуу шарттарда өндүрүлүп, гидролиз (бир молекуланын суунун таасири менен экиге бөлүнүшүнө алып келген реакция) жана фотолиз (суунун жарык энергиясы менен бөлүнүү кубулушу) сыяктуу зыяндуу факторлордон корголуп, жаңы бир реакция чөйрөсүнө алынып келиниши зарыл. Бул жерде кокустуктан сөз кылууга болбойт, себеби мындай окуянын ишке ашуу ыктымалдыгы жок.204
Д-р Жон Кеосян (John Keosian) болсо «The Origin of Life» (Жашоонун келип чыгышы) китебинде эволюционисттердин бул чарасыз абалын төмөнкүчө мойнуна алган:
Химиялык эволюция көз-карашы чындыкка сыйбайт. Биохимиялык компоненттердин, биохимиялык реакция жана механизмдердин, энергия метаболизмасынын жана сакталышынын, белгилүү полимердешүүлөрдүн, коддордун, транскрипция (ДНКдагы генетикалык маалыматтын кабарчы РНКга берилиши) жана трансляция (РНКдагы генетикалык маалыматтын окулуп, белоктун өндүрүлүшү) механизмдеринин жана дагы көптөгөн бөлүктөрдүн алгачкы суулардын ичинде, организмдер али пайда боло электе, организмдин денесинде аткара турган функциялары менен бирге пайда болгонуна ишенишибиз керек болууда. Химиялык эволюция өзүнүн ичинен жок болду. Көбүнчө жашоого тиешесиз органикалык химиялык синтездерде эч качан пайда болбой турган, бирок жашоо үчүн ылайыктуу шарттарда жасалган жасалма же чеберчилик менен бурмаланган лаборатория синтездери менен алдыбыздан чыгат... Стереотиптүү көз-карашыбызды колдогону үчүн мындай эксперименттерди, жыйынтыктарды жана пикирлерди сындабастан кабыл алууга даярбыз... Жашоонун келип чыгышын түшүндүрүү максатында азыркы учурда чыгарылган подходдор же темага тиешесиз, же болбосо сокур бир чекитке такалат. Кризис мына ушул жерде турат...205

Клетка бүт органеллдери менен, толук бойдон бар болгондо гана ДНК бар боло алат.


Химиялык эволюция сценарийи ДНК молекуласынын түзүлүшү жагынан да мүмкүн эмес. Себеби ДНК молекуласы өз алдынча калтырылганда, тең салмактуулугун жоготот, башкача айтканда, тышкы факторлор молекуланын түзүлүшүн оңой гана бузуп салат. ДНКнын клетканын ичинде тең салмактуу болушунун себеби – бул, көп сандагы атайын ферменттер тарабынан көзөмөлдөнүп, оңдолушу. ДНК клетканын сыртында, эволюционисттер айткан «алгачкы океандардын» ичинде сүзүп жүргөн абалда молекулалык түзүлүшүн, б.а. тең салмактуулугун сактап кала албайт. Тескерисинче, бул молекуланын «алгачкы» океан шарттарындагы бузулуу ылдамдыгы синтезделүү ылдамдыгынан бир топ жогору болмок.206 Химик д-р Чарльз Б. Тэкстон (Charles B. Thaxton), д-р Роджер Л. Олсен (Roger L. Olsen) жана проф. Уолтер Л. Брэдли (Walter L. Bradley) тарабынан жазылган «The Mystery of Life's Origin» (Жашоонун келип чыгышынын табышмагы) аттуу китепте «океан шарттарындагы химиялык аралашмада РНКнын жана башка негизги биомолекулалардын синтездери көп сандагы кайчылаш реакциялардын себебинен дээрлик ар бир баскычта кыска туташууга (короткое замыкание) кабылышы ыктымал.» деп жашоого керектүү заттардын тең салмактуулугун сактай албашына токтолушкан.207
Бир биохимик ДНКны клеткадан бөлүп алганда же лабораторияда синтездегенде, аны ээритип салбашы үчүн суунун ичинде калтырып койбойт же ал турган пробирканы бөлмөнүн температурасында, лабораториядагы бир столдун үстүнө таштап койбойт. Чоң ыктымалдык менен анын оозун бекем жаап, бир пробирканын ичинде, азот астында жана тоңдургучта сактамак. Бирок, ушундай шарттарда да молекуланын ичиндеги химиялык байланыштар акырындап үзүлүп, биологиялык активдүүлүк акырындап жоголот.208
Эволюционисттер «алгачкы» океандын ичинде жана табигый шарттардын астында ДНК, РНК жана белок молекулаларынын кыска убакытта жок болоорун толугу менен көрмөксөн болушат. Д-р Карл Саган «The Origins of Prebiological Systems» (Пребиологиялык системалардын келип чыгышы) аттуу китебинде жашоонун келип чыгышы жөнүндөгү сценарийлердин акылга сыйбастыгын кабыл алган:
Биз талашкан маселе абдан кеңири. Органикалык молекулаларды өндүрүү үчүн энергия булактарын колдонуп жатабыз. Бирок ушул эле энергия булактарынын бул органикалык молекулаларды жок кылышы мүмкүн экендиги да аныкталды. Органика химиги реакциядан келип чыккан продукциялар бузулганга чейин, тездик менен аларды энергия булагынан алыстата алат. Бирок жашоонун келип чыгышы жөнүндө сөз кылганыбызда, синтез менен бирге ошол эле учурда бузулуулардын да болоорун жана пайда болгон продукциялар ошол замат ал жерден алынбаса, реакциянын башкача жыйынтыкка алып келээрин да көрмөксөн болбошубуз керек. Жашоонун келип чыгышын кайталаганга аракет кылганда, ушул кыйынчылыкка туш болбой турган кандайдыр бир ылайыктуу сценарийлерди ойлоп табууга мажбурбуз!209
Бул жерде бир жагдайды унутпаш керек: ДНКдагы маалыматты окуй турган, ал буйруктарды түшүнүп, белокторду өндүрө турган механизмдерди камтыган бир клетка болмоюнча, ДНКнын эч мааниси болбойт. Эволюционисттер айткан «алгачкы» дүйнө шарттарында ДНК молекуласы –канчалык ыктымалсыз болгонуна карабастан- кандайдыр бир жол менен өзүнөн-өзү пайда болду деп элестетсек да, ДНКнын өз алдынча пайда болушунун эч бир мааниси болмок эмес. Проф. Дэвид Е. Гриин менен проф. Роберт Ф. Голдбергер эволюционист болушса да, «клетка этап этабы менен, өзүнөн-өзү пайда болгон» деген көз-караштын жараксыз экендигин айтышкан:
... макромолекуладан клеткага өтүү – фантастикалык масштабдагы бир секирик, жана текшерүүгө боло турган бир гипотеза эмес. Бул тармакта бүт баары «кабыл алуулардан» (assumption, допущение) гана турат. Колдогу маалыматтар «клеткалар бул планетада өзүнөн-өзү пайда болгон» деп чындап «кабыл алууга» боло турган бир негиз түзгөн жок.210
«New York Times» гезитинин илимпоз жазуучусу Николас Уэйд 2000-ж. июньда жарык көргөн «Жашоонун келип чыгышы сырдуураак жана татаалыраак болууда» аттуу макаласында «дүйнөдө жашоонун келип чыгышы менен байланыштуу нерселердин баары табышмак, жана канчалык көп нерсе билинсе, табышмак да ан сайын тереңдеп барат.» дейт.211 Биохимик проф. Майкл Ж. Бихи (Michael J. Behe) болсо эволюция сценарийлери жагынан илимдин абалын төмөнкүчө сүрөттөйт:
Негизи көп илимпоздор жашоонун башталышын түшүндүрө алышпайт. Бирок, кээ бир илимпоздор жашоонун келип чыгышы жөнүндөгү бул китепте сүрөттөлгөн көптөгөн кыйынчылыктарга карабастан, эволюцияны оңой эле түшүндүрүүгө болот деп ойлошот. Бул кызыктай көрүнүштүн себеби болсо мындай: химиктер жашоонун келип чыгышы жөнүндөгү сценарийлерди өлчөөлөр жана эксперименттер аркылуу сынап көрүшүүдө (тест кылышууда). Ал эми эволюционист илимпоздор болсо эволюция сценарийлерин өлчөө жолу менен да, эксперименттер аркылуу да молекулярдык деңгээлде сынап көрүүгө аракет кылышпайт. Мына ушул себептен жашоонун келип чыгышы боюнча эмгектерди башкарган эволюционисттик биология, эксперименттер жасала электеги, 1950-жылдардагы түшүнүктө калып калган: кыялдануу күчүн чексиз колдонуу аркылуу. Биохимиянын өнүгүшү менен, негизи эволюция теориясы эч качан түшүндүрө албаган бир дүйнө аныкталды, жана мындай дүйнө организмдердин баарында бар. Дарвиндин баштапкы чекити болгон жашоонун келип чыгышын жана көрүүнүн келип чыгышын теория эч түшүндүрө алган жок. Дарвин эч качан жашоонун эң түпкү деңгээлинде да орун алган теңдешсиз комплекстүүлүктү элестете алган эмес.212
Эволюционисттер эч түшүнгүлөрү келбеген жагдай мындай: Дарвин организмдер жөнүндө үстүртөн гана маалыматтарды билгендиктен, алардын комплекстүүлүгүн элестете да алган эмес жана байкоолоруна гана таянып өзүнчө жоромолдорду жасаган үйрөнчүк бир илимпоз болгон. Эволюция теориясына эч далилсиз ишенген көп илимпоздор да өздөрүн ушундай сабатсыздыкка түртүшүүдө. Бир тараптан кадыр-баркын жоготуудан, экинчи тараптан чындыкты айтуудан коркушкандыктан жана үчүнчү тараптан болсо Аллахтын жаратканын кабыл алгылары келбегендиктен, массалык бир жалгандын мүчөсүнө айланышкан. Бирок чындыктар апачык көрүнүп тургандыктан, кээде эволюционисттер моюнга алууга аргасыз болушат. Өзү эволюционист болгонуна карабастан, биохимик Клаус Доуз (Klaus Dose) жашоонун «алгачкы» дүйнөдө өзүнөн-өзү пайда болушунун мүмкүн эместигин кабыл алган:
Мындан соң дагы деле түшүндүрүлө албаган бир табышмак бар, б.а. гендерибиздеги маалымат мисалындагы сыяктуу, биологиялык маалыматтын булагы эмне деген суроо... Бул тармакта жасалган сансыз ийгиликсиз эксперименттердин негизинде мындан ары «жөнөкөй нуклеотиддердин же, ал тургай, алгачкы дүйнө шарттарында копиялана алуучу полинуклеотиддердин өзүнөн-өзү пайда болуу ыктымалдыгы жок» деп кабыл алынышы керек.213
«Жашоо химиялык жолдор менен пайда болушу мүмкүн эмес» деген тыянак «жашоо өзүнөн-өзү, кокустан пайда болбойт» деген мааниге келет. Ошондуктан жашоонун келип чыгышын «кокустуктар» менен түшүндүрүүгө аракет кылган эволюция теориясын башынан эле четке кагууга болот. Жашоо кокустан пайда болгон эмес, демек илим жашоонун кемчиликсиз жаратылганын апачык көрсөтүүдө. Алгачкы жандуу организм эле эмес, жер бетиндеги бүт организм түрлөрү өз-өзүнчө жаратылган. Фоссил калдыктары да муну тастыктап, бүт түрлөрдүн жер бетинде бир заматта, жеке өзүнө тиешелүү өзгөчөлүктөрү жана органдары менен пайда болгондугун, эч кандай эволюциясыз жаратылгандыгын көрсөтүүдө.

Пландуу башкарылган эксперименттер
эволюция теориясына далил боло албайт
Жашоонун келип чыгышы менен байланыштуу экспериметтер жөнүндө сөз болгондо, оюбузга биринчи эле Миллер эксперименти келет. Бул эксперимент эволюционисттик булактарда жашоонун келип чыгышын түшүндүргөн бир «далил» катары көрсөтүлөт. Бирок эксперименттин майда-бараттары, тагыраак айтканда чындыкка туура келбеген шарттары, көбүнчө айтылбайт. Америкалык химик Стэнли Миллер (Stanley Miller) өзү түзүп чыккан жана алгачкы дүйнө атмосферасы менен эч байланышы жок, жасалма шарттарда экспериментин жасаган. Кыскасы, Стэнли Миллердин аминокислота синтези чындыкка туура келбеген шарттарда жасалгандыктан, илимий далил боло албайт.
Мындан тышкары, Миллер бул экспериментте аминокислоталарды гана синтездей алган. Бирок кандайдыр бир жол менен аминокислоталардын пайда болушу эч качан «тирүү организм пайда болду» деген мааниге келбейт. Аминокислоталар – дененин эң негизги материалы болуп саналган белоктордун курулуш материалдары. Клетканын ичинде жүздөгөн аминокислотаны белгилүү бир кезек менен бириктирүү аркылуу белоктор жасалат. Орточо бир клетка болсо бир канча миң түрдүү белоктон турат. Башкача айтканда, аминокислоталар – бул, организмдердин эң жөнөкөй, эң кичине бөлүктөрү. Миллердин экспериментинин жараксыз экендиги кийин көптөгөн илимий эмгектерде да айтылган.214 (тереңирээк маалымат үчүн караңыз: Harun Yahya, Evrim Aldatmacası (Харун Яхья, Эволюция калпы), Araştırma Yayıncılık)
Негизи, Миллер эксперименти аркылуу эволюционисттер эволюция теориясын өз колдору менен жокко чыгарышкан. Себеби бул эксперимент аминокислоталарды бүт шарттары атайын пландалган бир лабораторияда, аң-сезимдүү кийлигишүүлөр менен гана алууга болоорун далилдеген. Башкача айтканда, жашоону пайда кылган күч-кудурет – аң-сезимсиз кокустуктар эмес, бир Жаратуучу.
Эволюционисттер илимге толук карама-каршы келген бир ишенимде болгондуктан, ушундай апачык чындыкты кабыл алгылары келбейт. Миллер экспериментин Стэнли Миллер менен бирге уюштурган окуучусу Гарольд Юри (Harold Urey) минтип айтканга мажбур болгон:
Жашоонун келип чыгышын изилдеген биз баарыбыз, муну канчалык изилдесек да, «жашоо кандайдыр бир жерде эволюцияланышы мүмкүн болбогон даражадагы комплекстүүлүктө» деген жыйынтыкка барабыз. (Бирок) Баарыбыз бир ишеним катары, жашоонун бул планетанын бетиндеги өлүк заттардан эволюцияланганына ишенебиз. Анткен менен, комплекстүүлүк ушунчалык улуу болгондуктан, кантип эволюцияланганын кыялдануу да биз үчүн кыйын.215

1. Электр энергиясы
2. Метан, аммиак жана суу буусунун аралашмасы
3. Муздатылган суу сыртка
4. Муздатылган суу сыртка
5. Жылуулук энергиясы
6. Конденсацияланган суу.

Юри-Миллер экспериментинен соң, эволюционисттер тирүү организмдердин курулуш материалы болгон аминокислоталардын «примитивдүү дүйнө шарттарында» кокустан пайда боло алаары далилденди деп чыгышты. Бирок бүгүнкү күндө бул эксперименттин жараксыздыгы көп жагынан далилденип, эволюционисттер ага таяна албай калышты.

Эволюционисттер өздөрүнүн жашоонун келип чыгышы жөнүндөгү көз-караштарына далил катары көрсөткөн ушул сыяктуу эксперименттердин эч бири чындыкка туура келбейт. Мындан тышкары, негизги парадокс эволюционисттердин бир тараптан жашоонун келип чыгышын туш келди, аң-сезимсиз факторлор менен түшүндүрүүгө аракет кылып жатып, экинчи тараптан эксперименттерин абдан пландуу, аң-сезимдүү кийлигишүүлөр менен жасагандыгында турат. Ошондуктан лабораториядагы алар жасаган шарттарда эч нерсе туш келди эмес.
Тескерисинче, жашоонун келип чыгышын эволюция аркылуу түшүндүрүүнү көздөгөн бүт эксперименттер аң-сезимдүү, акылдуу жана билимдүү илимпоздор тарабынан, жогорку технологиялар менен жабдылган, атайын даярдалган лаборатория шарттарында жасалууда. Ушундай контрольдуу бир чөйрөдө гендерди ар кандай атайын ферменттерди колдонуу менен ДНКдан бөлүп алып, бири-бири менен аралаштыруу жана андан соң кайрадан клетканын ичине жайгаштырып, анан пайдалууларын тандап алуу сыяктуу баскычтарды эч качан туш келди (кокус) таасирлер дегенге болбойт. Ошондуктан эволюционисттердин «жашоонун тамырында акыл, аң-сезим жана маалымат жок» деген көз-карашынын жараксыздыгы дагы бир жолу далилденүүдө. Молекулярдык биолог Майкл Бихи «Darwin's Black Box» (Дарвиндин кара кутусу) аттуу китебинде бул жөнүндө мындай дейт:
Бул жердеги чоң маселе мындай: өздөрү да бир «курулуш материалы» болгон ар бир нуклеотид ар түрдүү бөлүктөрдөн турат жана ал бөлүктөрдү түзгөн процесстер химиялык мааниде бири-бирине туура келбейт. Бир химик өзүнүн лабораториясында материалдарды өз-өзүнчө синтездеп, аларды тазалап, андан соң бири-бири менен реакцияга киргизүү аркылуу нуклеотиддерди оңой эле ала алат. Бирок башкарылбаган химиялык реакциялар сөзсүз түрдө пробирканын түбүнө кааланбаган продукциялардын жана формасыз башаламан заттардын топтолушу менен жыйынтыкталат.216
Жасалган бүт эксперименттер негизи жашоонун пайда болушунун ар бир баскычында аң-сезимдүү кийлигишүүлөрдүн талап кылынаарын далилдөөдө. Проф. Вернер Гитт эволюцияга далил катары көрсөтүлгөн Миллер эксперименттери жөнүндө мындай дейт:
Ушул сыяктуу бир экспериментте эч качан бир белок синтезделген эмес. Булар белоктор эмес, белкоиддер. Узун бир аминокислота тизмегинен жана туура оптикалык бурулуудан (белоктордун сол-жактуу болушун камсыз кылуу үчүн химияда колдонулган бир ыкма) турган чыныгы бир белокту ала алышса да, бул эволюциянын башталышы боло алмак эмес. Кийинки баскычтарда ал өзүн жаңылай алышы үчүн ал белокко тиешелүү маалыматты сактай ала турган бир коддоо системасы да болушу керек. Бирок... бир коддоо системасы эч качан заттан пайда болбойт. Ошондуктан Миллер эксперименттери жашоонун келип чыгышын түшүндүрүүгө эч бир салым кошпойт.217
Таанымал физик проф. Пол Дэвис болсо башынан эле, жасалган эксперименттердеги подходдун туура эмес экендигине токтолгон:
Жандуу клетканы эң мыкты супер компьютерге салыштырууга болот. Таң каларлык комплекстүү бир маалымат иштетүү (процессор) жана копиялоо системасы. ДНК жеке жашоо берүүчү бир молекула эмес. ДНК – математикалык кодду колдонуп маалыматын өткөрүп берүүчү бир генетикалык база. Клетка менен байланыштуу эмгектердин көпчүлүгү эң мыкты компьютер жабдыгы сыяктуу материалдык нерселер менен эмес, жазылган программа сыяктуу маалымат базалары менен сүрөттөлөт. Бир эксперимент пробиркасында химикаттарды аралаштыруу аркылуу жашоону пайда кылуу аракетин клавишалар менен зымдарды ширетүү аркылуу Windows 98 программасын чыгаруу аракетине салыштырууга болот. Бул ийгиликке жетпейт, себеби маселе туура эмес тараптан колго алынууда.218
Жогоруда айтылгандардын баарынан көрүнүп тургандай, клетканын бүт бөлүктөрү эң башынан баштап өз ордунда, эч кемчиликсиз жана толук бойдон бар болушу зарыл. Кичинекей бир кемчилик же өзгөрүү да клетканын өлүмүнө алып келет. Миллиарддаган жыл мындай турсун, триллион эсе триллиондогон жыл өтсө да, эволюция теориясы айткандай бир «сыноо жана ката кетирүү жолу менен» жандуу клетканын пайда болушу мүмкүн эмес. Аң-сезимсиз кокустуктардын же табигый кубулуштардын бир жолкуда клеткадагы «кемитүүгө болбогон комплекстүүлүктөгү» түзүлүштөрдү жана системаларды пайда кыла албашы илимий бир чындык. Бүт бул чындыктарды көрүп туруп, кокустуктарга кудайлыкты таңуулагандар өздөрүн өздөрү алдашат. Аллах мындай адамдардын негизсиз (жалган) ишенимин Куранда мындайча кабар берген:

Асмандардын жана жердин мүлкү Ага тиешелүү; (Ал) балалуу болгон эмес. Анын мүлктө шериги жок. Бүт нерсени жараткан, ага бир калып берген, белгилүү бир өлчөм менен жараткан. Аны (Аллахты) унутуп, эч нерсе жаратпаган, тескерисинче өздөрү жаратылган, өздөрүнө да зыян да, пайда да жеткире албаган, өлтүрүүгө, жашатууга жана кайрадан тирилтип-жайууга күчтөрү жетпеген бир топ кудайларды тутунуп алышты. (Фуркан Сүрөсү, 2-3)

ДНКдагы комплекстүүлүк өзүнөн-өзү
пайда болбойт
Физиканын эң негизги мыйзамдарынын бири болгон «термодинамиканын экинчи мыйзамы» боюнча, ааламдагы табигый шарттарга, кароосуз ташталган бүт системалар убакыттын өтүшү менен тартипсиздикке, башаламандыкка жана бузулууга бет алат. Жандуу, жансыз бүт баары убакыттын өтүшү менен эскирип, бузулат, чирип, талкаланып, майдаланат. Эртеби-кечпи бүт нерсе сөзсүз талкаланат жана бул мыйзам боюнча бул процесс артка кайтпайт. Сидней университетинен биолог проф. Майкл Г. Питтман (Michael G. Pittman) бул жөнүндө мындай дейт:
Убакыттын бир пайдасы жок. Жандуу бир системанын сыртында, биомолекулалар убакыттын өтүшү менен бузулат, өнүкпөйт. Көбүнчө бир канча күнгө араң чыдайт. Убакыт комплекстүү системаларды бузат. Узун бир «сөз» (белок) же бир абзац кокустуктардын натыйжасында пайда болсо да, убакыт аны жок кылат. Канчалык көп убакыт берсеңиз, бул бөлүктөрдүн контрольсуз (ээнбаш) химиялык чөйрөдөгү кутулуу ыктымалдыгы ошончолук азайат.219
Эволюционисттер термодинамиканын 2-мыйзамы менен эволюцияны туура келтирүү максатында «ачык система» деп аталган, тынымсыз зат менен энергия кирип-чыгып турган системаларда белгилүү бир тартиптин пайда болоорун далилдөөгө аракет кылышууда. Бул жерде эволюционисттердин жаңылтуучу ыкмаларын байкоо үчүн эки негизги түшүнүктү билүү керек. Алар эки башка түшүнүктү, тагыраак айтканда «тартиптүү» жана «уюшкан» деген түшүнүктөрдү, атайылап алмаштыруу аркылуу жаңылтышат.
Мисалы, шамал чаң баскан бир бөлмөгө киргенде, мурда жерде чачылып, жайылып жаткан чаң катмары бөлмөнүн белгилүү бир бурчуна чогулушу мүмкүн. Бул термодинамикалык мааниде мурдакысына салыштырмалуу тартиптүүрөөк болот, бирок чаңдар эч качан шамалдын энергиясы менен «өзүнөн-өзү уюшуп» бөлмөнүн төбөсүндө бир адамдын сүрөтүн пайда кыла алышпайт. Кыскасы, табигый процесстер менен эч качан комплекстүү жана уюшкан системалар пайда болбойт. Бирок кээ-кээде жогорудагы мисалдагы сыяктуу жөнөкөй тартипке келүүлөр болушу мүмкүн. Мындай тартипке келүүлөр да белгилүү бир чектен ары өтө албайт.
Бирок, эволюционисттер ушундай табигый процесстер менен өзүнөн-өзү пайда болгон тартипке салынуу (self-ordering) окуяларын эволюциянын абдан маанилүү бир далили катары көрсөтүшүп, буларды «өзүн уюштуруунун» (self-organization) мисалдары деп айтышат. Ушинтип түшүнүктөрдү алмаштыруу (аралаштыруу) аркылуу, «жандуу системалар табигый кубулуштардын жана химиялык реакциялардын натыйжасында өзүнөн-өзү пайда болушу мүмкүн» дешет.

Сүрөттөгү буюмдардын баары белгилүү бир максат менен ошондой абалда коюлган. Ар бири колдонууга ыңгайлуулук, кооздук, симметрия, шайкештик сыяктуу көптөгөн жагдайлар эске алынып жайгаштырылган. Акылы ордундагы эч бир адам муну мындай эмес дей албайт, б.а. мисалы «буюмдар терезеден соккон шамалдын таасири менен көп жылдардын арасында, кокустан ушундай жайгашып калган» дей албайт.


Бирок, башында да айтып кеткендей, «уюшкан системалар» менен «тартиптүү системалар» бири-биринен толугу менен айырмалуу түшүнүктөр. Тартиптүү системалар жөнөкөй тизилүүлөр же кайталануулар сыяктуу абалдарды камтыса, уюшкан системалар бири-бири менен тыгыз байланыштуу, абдан комплекстүү түзүлүш жана функцияларды камтыйт. Уюшкан системалар келип чыгышы үчүн сөзсүз түрдө аң-сезим, маалымат жана акыл керек. Ортодогу мындай маанилүү айырманы эволюционист илимпоздордон Жеффри Виккен (Jeffrey Wicken) мындайча сүрөттөйт:
«Уюшкан» системаларды «тартиптүү» системалардан кылдаттык менен айырмалоо керек. Эки системанын бирөөсү да «туш келди» эмес, бирок тартиптүү системалар жөнөкөй калыптардан тургандыктан, эч комплекстүүлүккө ээ эмес, ал эми уюшкан системалар болсо ар бир бөлүгү жогорку маалыматты камтыган, тышкы булак тарабынан түзүлгөн бир пландын негизинде түзүлөт... Уюм (организация) ошол үчүн функционалдык жактан комплекстүү жана маалыматты камтыйт.220
«Өзүнөн-өзү уюшуу» сценарийлеринин негизсиздигин ДНК молекуласынын түзүлүшүн изилдегенде оңой эле көрүүгө болот. Биохимия жана молекулярдык биология тармагындагы изилдөөлөр ДНК, РНК сыяктуу көптөгөн маалыматтарды камтыган макро-молекулалардын пландуу тизилишин түшүндүрө албай келет. Нью-Йорк университетинин химия профессору жана ДНК адиси Роберт Шапиро (Robert Shapiro) эволюционисттердин «заттын өзүн-өзү уюштурушу» жөнүндөгү ишеними жана анын түбүндөгү материалисттик догма жөнүндө мындай дейт:
Бизди жөнөкөй химикаттардан турган бир аралашмадан алгачкы натыйжалуу репликаторго (ДНК же РНКга) алып бара турган бир эволюциялык принципке муктаждык бар. Бул принцип «химиялык эволюция» же «заттын өзүнөн-өзү уюшушу» (self-organization) деп аталат, бирок бул эч качан терең чечмеленип берилген эмес же кайда экендиги көрсөтүлгөн эмес. Диалектикалык материализмден ажырап калбоо үчүн ушундай бир принцип бар деп ишенилет.221
Эволюционисттердин «өзүнөн-өзү уюшуу» түшүнүгү «жансыз заттар өзүн-өзү тартипке салып, уюштуруп, комплекстүү бир организмди пайда кыла алат» деген ишенимди билдирет. Бул илимге толугу менен карама-каршы бир ишеним, себеби бүт байкоо жана эксперименттер затта мындай жөндөмдүн жок экенин көрсөтүүдө. Анда, эволюционисттер эмне үчүн дагы деле «заттын өзүн-өзү уюштурушу» деген сыяктуу илимге сыйбаган сценарийлерге ишенишет? Эмне үчүн тирүү организмдердеги Жаратуучунун апачык далилдерин өжөрдүк менен четке кагууну каалашат?
Бул суроолордун жообу эволюция теориясынын пайдубалы болуп саналган материалисттик философияда жашырылган. Материалисттик философия «зат гана бар, заттан башка эч нерсе жок» деп кабыл алат, ошондуктан организмдерди да затка гана таяндырып түшүндүргүсү келет. Эволюция теориясы мына ушул муктаждыктан келип чыккан жана канчалык илимге карама-каршы келсе да, ошол үчүн гана бул теорияны жактай беришет.
Жандуу организмдерди (жашоону) «жаратылуу» менен гана түшүндүрүүгө болот, т.а. бүт жандуу организмдерди бир Жаратуучу жараткан. Эволюционисттер Аллахтын бар экенин четке кагуу үчүн ар түрдүү ыктымалсыздыкка ыктымалдык беришип, ар кандай туюк жолго өздөрүн мажбурлашууда. Бирок чындыктардан канчалык качышпасын, дайыма алдыларынан Раббибиздин бар экендигин көрсөткөн далилдер, Ал жараткан нерселердеги улуулуктар чыга берет. Куранда чындыкты тангандардын (каапырлардын) абалы мындайча кабар берилет:

Каапырлар болсо; алардын иштери түптүз бир талаадагы закымга окшошот; суусаган аны бир суу деп ойлойт. Аягында ага жеткенде эчтеке таба албайт жана жанында Аллахты табат. (Аллах) Анын эсебин толугу менен берет. Аллах эсепти абдан так тутуучу. (Нур Сүрөсү, 39)

Неодарвинизм эволюция туюгуна
бир чара боло албайт
Неодарвинизм – бул, Дарвиндин эволюция теориясын австралиялык биолог Грегор Мендельдин (Gregor Mendel) генетикалык тукум куучулук мыйзамдары менен бириктирип, илимий ачылыштарга ылайыкташтыруу аркылуу сактап калуу аракети. «Модерн синтез» деп да аталган неодарвинизм негизи Дарвиндин сабатсыздыгын толук ачып көрсөтөт. Организмдердин көп түрдүүлүгүн табигый тандалуу менен түшүндүрүүгө аракеттенген Дарвин организмдердеги өзгөчөлүктөрдүн тукум куучу жолдор аркылуу кийинки урпактарга берилээрин билген эмес. Эволюция теориясынын бул жаңы версиясы ушул сабатсыздыкты жашыруу аракетинин бир натыйжасы. Бирок неодарвинисттер теорияны канчалык жаңылаганга аракеттенишсе да, эң башынан чирик пайдубалдын үстүнө курулган бир теория болгондуктан, максаттарына жете алышкан жок.
Неодарвинисттер да, Дарвин сыяктуу, сансыз түрдүү организмдерди өзүнөн-өзү, кокустан пайда болгон дешет.222 Бул туура эмес логиканын үстүнө кошумча кылып, мутацияларды (эволюционисттер муну «туш келди генетикалык өзгөрүүлөр» деп да аташат) жашоонун булагы катары көрсөтүшкөн. ДНКнын копиялануу процессинде келип чыккан каталар ыктымалдуу эң кичине мутациялар болгондуктан, неодарвинисттер муну теорияга колдонууга болот деп ойлошту.223 Бирок кичинекей бир копиялоо катасы да, мисалы бир даана нуклеотиддеги өзгөрүү да, абдан маанилүү натыйжаларга себеп болууда.
Неодарвинисттер кичинекей өзгөрүүлөр генетикалык маалыматтын алгач бир тарабында, анан башка тарабында ишке ашат деп айтышкан.224 Биофизик д-р Ли Спетнер (Lee Spetner) «неодарвинисттик теория эртеби-кечпи чоң өзгөрүүлөр болот деп айтат. Бул тыйындарды чогултуп, миллионер болуу сыяктуу бир нерсе.»225 деп теориянын чындыкка сыйбастыгын баса белгилеген.
ДНКнын копиялануу процессинде 

келип чыккан каталар эң кичинекей 
мутациялар болгондуктан, неодарвинисттер 
муну өздөрүнүн теориясына 
колдонууга  болот деп ойлошкон. 
Бирок бүгүнкү күндө 
бул көз-караштын жараксыз 
экендиги аныкталды.

Франция илимдер академиясынын мүчөсү, Париж университетинин математик, биолог жана медицина доктору, проф. Марсель-Поль Шютценберже (Marcel-Paul Schützenberger) – неодарвинизмди математикалык далилдер менен жокко чыгарган бир илимпоз. «Mathematical Challenges in the Neo-Darwinian Interpretation of Evolution» (Эволюциянын неодарвинисттик жоромолун математикалык сындоо) аттуу китебинде мындай жыйынтыкка барат:
Неодарвинизмдин эволюция теориясында олуттуу бир боштук экендигине ишенебиз. Жана бул боштуктун табияты жагынан учурдагы биология түшүнүгү менен толуктоого болбой турган бир боштук экендигине ишенебиз.226
Неодарвинизм көз-карашы боюнча, туш келди генетикалык мутациялар эволюцияга чийки затты пайда кылат. Бирок бүгүнкү күндө көптөгөн илимпоздор кабыл алгандай, организмдердеги жогорку деңгээлдеги комплекстүүлүккө неодарвинизм ойлогондой «сыноо жана ката кетирүү» жолу менен жетүүгө болбойт. Д-р Ли Спетнер «вариациялар туш келди (кокустан) болсо да, генетикалык маалыматтын пайда болушун түшүндүрө албайт. Ыктымалдыктар дээрлик нөлгө барабар... Гармониялуу улуу бир генетикалык тартипти кокустуктун натыйжасы деп айтууга болбойт.»227 деп бул көз-караштын ыктымалсыздыгын айткан.

Клетка ДНКнын бир жери бузулганда кантип коңгуроо кагат?

1. РНК геномдун баарын копиялайт.
2. Интрондор ортодон чыгарылып салынат.
3. Экзондор гана кала тургандай кылып кесилгенде, клетка улана турган жерге молекулярдык бир эскертме кошуп койот.
4. Рибосома копияланган бөлүктү сканерлеп жатканда, бул эскертмелерди алып салат.
5. Эгер рибосома акыркы эскертмеден мурда токтосо, ортого кошулуп калган бузук бөлүктөн улам сигнал берет.
6. «ТОКТО» белгиси.
7. Рибосома.


Эволюция теориясынын жашоонун келип чыгышын түшүндүрүү максатында чыгарган «көз-караштарынын» баары акылга жана илимге сыйбайт. Бул чындыкты кабыл алып, ачык айткан белгилүү илимпоздордун бири – бул, Франция илимдер академиясынын мурдакы башчысы таанымал француз зоолог Пьер Грассе. Грассе өзү да эволюционист; бирок дарвинисттик теориянын жашоону түшүндүрө албай тургандыгын айтып, дарвинизмдин негизин түзгөн «кокустук» логикасы жөнүндө мындай деген:
Туш келди мутациялар жаныбарлар менен өсүмдүктөрдүн муктаждыктарын камсыз кылат деп ишенүү чындыгында өтө кыйын. Бирок дарвинизм мындан да көбүн каалайт: бир өсүмдүк же бир жаныбар миңдеген жана миңдеген дал талап кылынгандай пайдалуу кокустуктарга туш болушу керек. Башкача айтканда, кереметтер катардагы бир эрежеге айланып, ыктымалдыгы өтө төмөн окуялар оңой гана ишке ашышы зарыл. Кыялданууга тыюу салган бир мыйзам жок, бирок илим мындан оолак болушу керек.228
Мындан тышкары, эволюционисттер «ДНКдагы маалыматтарды убакыттын өтүшү менен көбөйтүп, ар түрдүүлүккө жол ачат» деп ойлогон туш келди мутациялар табияты жагынан дарвинисттердин жооп таппаган суроосуна жооп боло албайт. Эң биринчиден, мутациялар – бул, радиациянын же химиялык таасирлердин натыйжасында, бир организмдин клеткасынын ядросунда генетикалык маалыматты сактаган, ДНК молекуласында үзүлүү же орун которуу сыяктуу зыяндуу таасирлердин келип чыгышы. Мутациялар ДНКны түзгөн нуклеотиддерди бузуп же орундарынан жылдырып жибергени үчүн, көбүнчө клетка оңдой албай турган бир катар зыяндуу өзгөрүүлөргө себеп болот. Мисалы, рентген нурлары адамдын денесине терең сүңгүп бир топ ДНК жабыркоолоруна себеп болот. Бул болсо ДНКнын туура эмес копияланып башташына жол ачат. Дененин клеткасындагы копиялоо процессинин каталарынан рак оорусу келип чыгат. Күндүн нурунун мутагендик таасири теринин рагына себеп болот же тамекидеги мутагендик таасир өпкөнүн рагына алып келет. Жыныстык клеткадагы 21-хромосоманын туура эмес копияланышы болсо балада Даун синдромуна (монголизмге) себеп болот.

1. Катасыз ДНК спиралы
2. Мутациянын натыйжасында ашыкча копияланган нуклеотиддер
3. Ичинде каталары бар ДНК спиралы

ДНКнын копияланышында кетирилген катачылыктар организмде ар түрдүү ооруларга алып келет. Мындай катачылыктар организмди эч качан эволюционисттер айткандай мурдакысынан жакшыраак кылып койбойт (мисалы, канатсызды канаттууга айландырбайт).


Эволюция теориясы жер бетиндеги жашоонун келип чыгышын түшүндүрө алуу үчүн, бузуучу, кыйратуучу эмес, сөзсүз түрдө жаңы, пайдалуу өзгөчөлүктөрдү кошуучу бир механизмди көрсөтүшү зарыл. Бирок «бир организмдеги жаңы бир өзгөчөлүк кантип келип чыккан» деген суроо узатылса, эволюционисттер «мутация аркылуу» деген гана жоопту айтышат. Алардын айтуусу боюнча, бүт организм түрлөрү бир клетканын ДНКсына туш келди мутациялардын тийгизген таасирлеринен келип чыккан. Бирок мутациялар организмдерди өнүктүрүп, кемчиликсиздикке алып бара турган бир механизм болбогондуктан, эволюционисттерге таяныч боло албайт. Башкача айтканда, эволюционисттер таянган мутациялар организмдерге жаңы өзгөчөлүктөрдү кошо албайт, ошондуктан эволюция теориясынын муктаждыгын канааттандыра албайт. Мутациялардын эволюция теориясына эмне үчүн эч кандай салым кошо албашына бул жерде кыскача токтоло кетели: (тереңирээк маалымат Харун Яхьянын «Жашоонун чыныгы тамыры», «Эволюция калпы» ж.б. эмгектерин караңыз)

* Мутациялар зыяндуу:
Мутациялар туш келди болгондуктан, организмге дээрлик дайыма зыян тийгизет. Комплекстүү бир түзүлүшкө кандайдыр бир аң-сезимсиз кийлигишүү жасалса, ал түзүлүш мурункусунан жакшыраак болуп калбайт, тескерисинче бузулат. Эволюциянын механизми катары көрсөтүлгөн «туш келди пайдалуу мутациялардын» бир дагы жарактуу мисалы жок.229 Мутациялар Хиросима, Нагасаки же Чернобльдагы адамдардын тагдырына окшогон өзгөрүүлөргө гана себеп болушу мүмкүн: башкача айтканда өлүмдөргө, майыптыктарга жана оору-сыркоолорго гана алып келет...

1. Мутация, 2. Аминокислота, 3. Клетка мембранасы, 4. Антикодон, 5. Рибосома, 6. Клетканын ядросу, 7. Бузулган аминокислота.

A. МУТАЦИЯ = ДНКнын БУЗУЛУШУ = ООРУ/МАЙЫПТЫК/ЗЫЯН


Мутациялар туш келди болгондуктан, дээрлик дайыма организмге зыян алып келишет. Комплекстүү бир түзүлүшкө плансыз, максатсыз кийлигишүү ал түзүлүштү алдыга жылдырбайт, тескерисинче, аны бузат.


Огайо университетинен проф. Уолтер Л. Старки (Walter L. Starkey) «пайдалуу мутация» көз-карашынын жараксыздыгын ачык айткан:
Бир канча саат бою бир рентген аппаратынын жанында туруу же бир ядролук объекттин ичинде күтүү акылдуулукпу? Же ядролук бир объект жарылган Россиядагы Чернобль сыяктуу бир жерге саякатка баруу туурабы? Бизди радиациядан коргогон озон катмарын бузууга активдүү аракет кылышыбыз керекпи? Эгер мындай радиациядан келип чыккан таасирлер эволюцияланышыңызга же жаңы өзгөчөлүктөргө ээ болушуңузга себеп боло турган болсо, анда радиация булактарына өзүңүздү мүмкүн болушунча көбүрөөк тосууга аракет кылышыңыз зарыл. Балким башыңыздын арт жагында жаңы бир көз пайда болушу мүмкүн. Бирок эгер чындап акылдуу болсоңуз, сизди өнүктүрбөй, тескерисинче зыян тийгизгендиктен мындай радиациялардан качасыз.230
Адамдарда байкоо жүргүзүлгөн бүт мутациялар зыяндуу. Медицина китептеринде «мутация мисалы» катары айтылган монголизм, Даун синдрому, альбинизм, лилипуттук сыяктуу психикалык же физикалык деформациялардын же рак сыяктуу оорулардын баары мутациялардын зыяндуу таасирлеринин далили. Албетте, адамдарды майып же оорулуу кылган бир процесс «организмдерди өнүктүрө турган бир механизм» боло албайт. Себеби организмдин ДНКсы абдан комплекстүү жаратылган. Бул молекулага кандайдыр бир фактордун туш келди таасир тийгизиши организмге бир гана зыян алып келет. Проф. Старки мутациянын зыяндуу таасирлери жөнүндө мындай дейт:
Мутацияларга себеп болуучу радиацияга туш болуу жаңы бир автомобильди 30-калибрлик бир мылтык менен атууга окшошот. Ошол сыяктуу эле мутациялардын сизге же кандайдыр бир организмге мындан башка бир таасири көп болбойт. ДНКнын копиялануу процессиндеги каталардан келип чыккан мутациялардын натыйжасы да ушул сыяктуу болот... Мутациялар, эң аз 10.000ден бир учурдан тышкары, бардык учурларда зыяндуу. Радиация же копиялоо учурундагы каталар организмге пайдалуу жаңы өзгөчөлүктөрдү кошпойт.231

* Мутациялар ДНКга жаңы маалымат кошпойт:
Мутациянын натыйжасында генетикалык маалыматты түзгөн бөлүктөр өз ордунан ажырап үзүлөт, бузулат же ДНКнын башка жерлерине орун которот. Бирок мутациялар эч качан ДНКга жаңы бир маалыматты кошуп, организмди жаңы бир органдуу же жаңы бир өзгөчөлүктүү кылып койбойт. Буттун желкеден, кулактын курсактан чыгышы сыяктуу анормалдуулуктарга гана себеп болот. Проф. Вернер Гитт «Мутациялардын натыйжасында жаңы маалымат пайда болушу мүмкүнбү?» деген суроого мындайча жооп берет:
Бул көз-караш эволюционисттик түшүндүрмөлөрдө негиз тутулат, бирок мутациялар бар болгон маалыматты гана өзгөртүшү мүмкүн. Мындан маалымат көбөйбөйт жана жалпысынан натыйжалар зыяндуу болот. Жаңы функциялар же жаңы органдар үчүн жаңы долбоорлор пайда болбойт; мутациялар жаңы (жаратуучу) маалыматтын булагы боло алышпайт.232
Проф. Филлип Жонсон болсо бул жөнүндө мындай дейт:
Спетнер дарвинисттер айткан адаптациялык мутациялардын маалымат өндүрбөй тургандыгын аларга айткан эле. Мисалы, бир мутация бактерияны антибиотикке карата чыдамкай кылганда, муну белгилүү бир химиялык заттын анын зат алмашуусуна кошулушуна бөгөт коюу аркылуу жасайт. Бул жерде жалпысынан караганда бир маалымат жана гармония жоголууда... кээде чызылдаган бир радиону урганда, бул анын кыска циклин ачуу же чыгып кеткен бир кабелин кайра калыбына келтирүү аркылуу анын жөндөмүн оңдошу мүмкүн. Бирок, мындай өзгөрүүлөрдү чогултуу аркылуу (т.а. радионун башына көп жолу уруу аркылуу) жакшыраак бир радио же бир телевизор жасаганга болот деп эч ким үмүт кылбайт.233
Белгилүү эволюционист Стивен Жей Гулд мутация жөнүндөгү чындыктарды мындайча мойнуна алат:
Бир мутация чоң жана жаңы бир чийки материалды (ДНКны) пайда кылбайт. Түрлөрдү мутацияга тосуу аркылуу жаңы бир түрдү ала албайсыз.234
Мутациялардын, эволюция теориясы муктаж болгон, жаңы өзгөчөлүк кошуучу касиетке ээ эмес экендигинин дагы бир далили бар. Жаңы өзгөчөлүктөр же жаңы түрлөр келип чыгышы үчүн организмдин ДНКсына бир топ атом кошулушу керек.235 Адамдын ДНКсында E.Coli бактериясына тиешелүү ДНКдагы атомдордон 3.000 эсе көп, т.а. 204 миллиарддай атом бар.236 Ошондуктан, бир клеткалуу бир организмден адамга чейин бир эволюция болушу үчүн анын ДНКсына көмүртек, суутек, кычкылтек, азот жана фосфор сыяктуу 200 миллиарддан ашуун атом кошулушу керек болот.237 Белгилүү болгондой, көмүртек менен азотту абадан, суутек менен кычкылтекти суудан, фосфорду болсо топурактан алууга болот. Бирок бул жерде ал атомдордун каерден табылаары эмес, алардын турган жеринен чыгарылып ДНК молекуласынын ичиндеги дал керектүү жерге жайгаштырылышы чоң маселени жаратат. Атомдор, мурдакы бөлүмдөрдө айтылгандай, укмуш комплекстүү кант топторун, фосфат топторун жана азот базаларын камтый тургандай белгилүү бир тартипке салынып, ДНК молекуласы катары кызмат кыла алышы үчүн жуп спираль формасындагы тепкичтин туура жерине жайгаштырылышы керек.238
Проф. Филлип Жонсон энциклопедия жана компьютер процессорлорундагы сыяктуу, ДНКда да абдан кылдат бир тартипке муктаждык бар экенин; генетикалык маалыматты иштеп чыгуучу бир механизмдин талап кылынаарын айткан. Туш келди мутациялардын ДНКдагы маалыматка жана тартипке кандайча терс таасир тийгизээрине төмөнкүчө токтолгон:
... Туш келди мутация мындай бир механизм эмес, табигый тазалануу жана физика же химия мыйзамдары да ушундай. Мыйзамдар жөнөкөй кайталануучу моделдерди чыгарат, кокустук болсо маанисиз тартипти пайда кылат. Мыйзам менен кокустук бириккенде, маанилүү бир тизилүүгө тоскоол болуу үчүн экөө бири-бирине карама-каршы иштейт. Бүт адамзат тажрыйбаларынын арасынан мээ фактору гана бир энциклопедия же компьютер программасын жаза алат же комплекстүү, өзгөчө жана мезгилдик болбогон маалыматты жарата алат. Ушул себептен, организмдерде сөзсүз түрдө орун алган маалыматтар алардын жаратылуунун түшүмдөрү экендигине (б.а. жаратылгандыгына) ишарат кылат.239

* Мутациялар тартипсиз:
Мутациялар мурдатан бар болгон түзүлүштү өзгөртүшөт, бирок толугу менен тартипсиз өзгөрүүлөргө себеп болушат. Мутациялардын бири-бирин толуктоочу бир касиети жок, б.а. мутациялардын таасирлеринин жыйындысы белгилүү бир максатка алып барбайт. Мутациялардын тартипсиз таасир берээри жөнүндө Франция илимдер академиясынын мурдакы башчысы Пьер Поль Грассе мындай дейт:
Бир организмдин денесинде абдан кичинекей болсо да бир тартипсиздик пайда болгондо, бул өлүмгө алып келет. Жашоо кубулушу менен анархиянын (тартипсиздиктин) ортосунда эч бир элдешүү ыктымалдыгы жок.240

* Бир мутация кийинки урпактарга таасир бериши үчүн
сөзсүз жыныстык клеткада болушу зарыл:
Дененин кандайдыр бир клеткасындагы же органындагы кандайдыр бир өзгөрүү кийинки урпактарга берилбейт. Мисалы, бир адамдын кулагы же колу радиация же башка таасирлер аркылуу мутацияга туш болуп, баштапкы абалынан башкача көрүнүшкө келип калышы ыктымал. Бирок мындай өзгөрүүлөр жыныстык клеткадагы ДНК молекуласында болмоюнча, кийинки урпактарга өтпөйт. Кийинки урпакка таасир бериши үчүн мутациялар триллиондогон клетканын арасынан жыныстык клеткада гана болушу шарт; бул эволюционисттердин божомолдорун ан сайын ыктымалсыз кылат.

* Мутациялар сейрек болот:
Мутациялар сейрек гана кездешет. Бир клетканын ДНКсы копияланып жатканда, бир жактан ферменттер оңдоо иштерин жүргүзүшөт. Ошондуктан, мурдакы бөлүмдөрдө терең каралгандай, копиялоо учурунда абдан сейрек ката кетет. Мутациялар боюнча болжолдуу эсептөөлөр миллиондон бир организмдин гана мутацияга кабылаарын көрсөтүүдө.241 Молекулярдык биолог проф. Жеральд Л. Шредер мутацияларга таянган, ойдон чыгарылган эволюция көз-караштарын мындайча сындайт:
... Молекулярдык биологиянын өнүгүшү жашоо механизминин ар бир баскычында кереметтүү бир комплекстүүлүк бар экенин көз алдыга тартуулады; бул жердеги комплекстүүлүк деңгээли ушунчалык жогору болгондуктан, эгер мунун баскыч баскыч пайда болушун туш келди мутацияларга тапшырганыбызда, Нобель сыйлыгынын ээси Де Дюв айткандай, «түбөлүктүүлүк да бул үчүн жетиштүү болмок эмес.»242
Ошондуктан, Грассе айткандай, «мутациялар канчалык көп санда болсо да, кандайдыр бир эволюцияга алып келбейт.»243

1- ДНК спиралы,
2- Үзүлгөн, сынган ДНК бөлүктөрү,
3- Мутация.


Адамдарда байкалган бүт мутациялар зыяндуу. Себеби организмдин ДНКсы абдан комплекстүү жаратылган. Бул молекулага кандайдыр бир фактордун туш келди таасири организмге зыян гана алып келет. Мутациялар бир гана өлүм, майыптык жана оору-сыркоолор сыяктуу натыйжаларга себеп болот.



* Мутациялар бир «түрдүн өзгөрүшүнө» алып келбейт:
Мунун эң ачык далилдеринин бири – көп жылдар бою мөмө чымындарына жасалган эксперименттер. Радиацияга тосулган мөмө чымындарынын көптөгөн мутанттары пайда болгон: ашыкча канат чыккан мөмө чымындары, канатсыз мөмө чымындары, абдан чоң канаттуу мөмө чымындары, абдан кичине канаттуу мөмө чымындары сыяктуу... Көпчүлүгү майып болуп, кээ бирлери өлсө да, түпкүрүндө алардын баары мөмө чымыны бойдон калган. Жаңы бир түргө айланышкан эмес.
Гендердин тизилишиндеги болор-болбос бир орун которуу же азайуу да бат эле өлүмгө алып келиши мүмкүн. Ушунчалык назик бир тизмектеги толугу менен кокустуктарга таянган мутациялар организмдин генетикалык маалыматына кошумча жасап, аны башка түрлөргө эволюция кыла албайт. Эволюционисттер өздөрүнүн теориясын далилдөө үчүн лабораторияларда мутацияга тоскон бүт жаныбарлардын эмбриондору майып же өлүк туулууда.
Булардын баары тирүү организмдердин келип чыгышында туш келди мутацияларга орун жок экенин көрсөтөт. Болгондо да, азыркы кылымдын өнүккөн технологиясы жана илим-билимдүү илимпоздордун көптөгөн аракеттери менен да жаңы бир түрдү чыгарууга мүмкүн болбой жатат. Көрүнүп тургандай, мутациялар эч качан организмдердеги көп түрдүүлүктүн себеби боло албайт. ДНКдагы кемчиликсиз тизмектер атайын, пландуу жаратылган. Ал Жаратуучу – улуу кудуреттүү Аллах. Аллахтын кемчиликсиз жаратуусу Куранда мындайча кабар берилет:

Аллах силерге жерди мекен, асманды там кылды; силерге келбет берди, келбетиңерди эң сулуу (бир көрүнүштө) кылды жана силерге сонун-таза нерселерден ырыскы берди. Мына силердин Раббиңер – Аллах ушул. Ааламдардын Рабби Аллах кандай Улуу. Ал – Хайй (тирүү туруучу). Андан башка кудай жок; демек бир гана Ага ыклас кылып (чын ниет менен), Ага дуба кылгыла. Ааламдардын Раббисине мактоолор болсун. (Момун Сүрөсү, 64-65)

«Жансыз заттар өзүнөн-өзү чогулуп, ДНКдай кереметтүү системалардан турган жандуу организмдерди пайда кылган» деген көз-карашты айткан эволюция теориясы – илим менен акылга бүтүндөй карама-каршы келген бир куру кыялдар гана. Жогоруда айтылгандардын баары бизди бир гана тыянакка алып барат. Жашоонун бир планы (ДНК) бар жана бүт организмдер ошол планга карап жасалат, демек ал планды жараткан улуу бир Жаратуучунун бар экендиги анык. Башкача айтканда, бүт жандыктарды чексиз кудуреттүү жана чексиз акыл ээси Аллах жараткан. Аллах Куранда бул чындыкты мындайча кабар берет:

Ал – Аллах, Ал – жаратуучу, кемчиликсиз бар кылуучу, «калып жана келбет» берүүчү. Эң сонун ысымдар Аныкы. Асмандарда жана жердегилердин баары Аны тасбих кылат (аруулайт). Ал – Азиз, Хаким. (Хашр Сүрөсү, 24)



Тамгалардагы каталардын бир китепти жакшыртпашы сыяктуу, туш келди мутациялар да генетикалык маалыматты жакшыртпайт

Эволюционисттердин «мутация» көз-карашынын акылга сыйбастыгын көрсөтүү үчүн, ДНКны бир китепке салыштыралы. ДНК, бир китеп сыяктуу, тизилген тамгалардан турат. Мутациялар болсо китептеги кээ бир тамгалардын туура эмес жазылышына окшошот. Кааласаңыз бир эксперимент кылып көрөлү. Калың бир «дүйнө тарыхы» китебин башынан аягына чейин компьютерде тердирели. Ал ортодо бир канча жолу терүү процессине кийлигишип, терип жаткан кишиге клавишаларды туш келди бас деп айталы.  Ошентип тамга каталары кетирилген текстти башка бирөөгө берип, ага да ичине туш келди клавишаларды бастыралы.

Ушул ыкма менен китепти бир канча миң жолу башынан аягына чейин жаздырып чыгалы, ар жолкусунда текстке туш келди бир канча туура эмес тамгаларды кошуп...
Бул тарых китеби мындай ыкма аркылуу жакшырышы мүмкүнбү? Мисалы, башында китепте жок болгон «байыркы кытай тарыхы» сыяктуу бир бөлүм пайда болуп калышы мүмкүнбү?
Албеттте, китепке кошулган тамга каталары китепти жакшыртпайт, тескерисинче бузуп, маанисин жоготот. Туура эмес копиялоо процессин канчалык көбөйтсөк, ошончолук бузук китеп келип чыгат. Ал эми эволюция теориясы болсо «тамга каталары китепти жакшыртат» деген көз-карашты жактайт. Эволюция теориясы боюнча, ДНКда пайда болгон мутациялар (каталар) чогулуп отуруп, аягында кокустан пайдалуу натыйжаларга алып келген, мисалы, организмдерге көз, кулак, канат, кол сыяктуу кемчиликсиз органдарды, ойлонуу, үйрөнүү, ой жүгүртүү сыяктуу аң-сезимди талап кылган өзгөчөлүктөрдү тартуулаган.
Албетте, бул – бир «дүйнө тарыхы» китебиндеги тамга каталарынын чогулушунун натыйжасында, ал китепке «байыркы кытай тарыхы» жөнүндөгү бир бөлүмдүн кошулуп калышына караганда, алда канча акылга сыйбас бир көз-караш. Болгондо да, табиятта, жогорудагы китеп мисалындагы сыяктуу, тынымсыз мутацияларды пайда кылып туруучу бир механизм жок. Табияттагы мутациялар, китепти жазуу учурунда келип чыккан тамга каталарына салыштырганда, бир топ сейрек кездешет.


Клеткага жашоо берген – Улуу Аллах

Бул жерге чейин айтылган бүт ыктымалсыздык менен логикасыздыктарды бир саамга унутуп, алгачкы дүйнө шарттарындай эң ылайыксыз чөйрөдө бир белок молекуласы кокустан пайда болгон деп элестетели.
Бир даана белоктун пайда болушу жетиштүү болбойт, ал белок ошондой контрольсуз чөйрөдө эч жабыркабастан, өзү сыяктуу кокустан пайда боло турган башка белокторду күтүшү керек болмок... Клетканы түзө турган миллиондогон ылайыктуу жана керектүү белок баары «кокустан» бир жерде катары менен пайда болгонго чейин. Мурда пайда болгондор ал чөйрөдө ультра-кызгылт көк нурларга, күчтүү механикалык таасирлерге карабастан, эч бузулбай, сабырдуулук менен жанында башкаларынын пайда болушун күтүшү керек болмок. Анан жетиштүү санда жана бир жерде пайда болгон бул белоктор белгилүү формада биригип, клетканын органеллдерин түзүшү зарыл эле. Алардын арасына эч бир чоочун зат, зыяндуу молекула же ишке жараксыз белок тизмектери аралашпашы керек болмок. Анан ал органеллдер абдан пландуу, тартиптүү, гармониялуу жана бири-бири менен байланыш түзө ала турган абалда чогулуп, бүт керектүү ферменттерди да кошуп алышып, бир кабыкча менен өздөрүн ороп алышса, ал кабыкчанын ичи буларга идеалдуу чөйрөнү камсыз кыла турган атайын бир суюктук менен толсо, бүт ушундай «эч ыктымалсыз» окуялар ишке ашса, ошол молекула жыйындысына жан кирмек беле?
Жооп – «жок»! Себеби изилдөөлөр көрсөткөндөй, жашоо башталышы үчүн организмдердеги керектүү заттардын чогулушу жетиштүү эмес. Жашоого керектүү бүт белокторду топтоп, бир эксперимент пробиркасына салсак, баары бир жандуу бир клетканы ала албайбыз. Бул багытта жасалган бүт эксперименттер ийгиликсиз аяктаган. Эксперимент, байкоолордун баары жашоонун жашоодон гана келээрин көрсөттү. «Жашоо жансыз заттардан өзүнөн-өзү, кокустан пайда болгон» деген көз-караш – эволюционисттердин кыялдарынан гана орун алган, бүт байкоо жана эксперименттерге карама-каршы келген бир жомок.

Бактериянын ДНКсы «примитивдүү клетка» жомогун жокко чыгарууда

Эволюция теориясы организмдерди «жөнөкөйдөн татаалды» көздөй тизүүгө аракет кылгандыктан, бактерияларды «примитивдүү (жөнөкөй) клеткалар», ал эми көп клеткалуу организмдерди болсо ошол клеткалардан эволюцияланган деп ойлошот. Бирок бир клеткалуу организмдер эч эволюционисттер ойлогондой «примитивдүү» эмес. Тескерисинче, бактерия изилдөөчүлөрдү таң калтыра тургандай татаал бир түзүлүшкө ээ. Зоология профессору Джеймс Грей мындай дейт: «бир бактерия адамзат билген бүт жансыз системалардан комплекстүүрөөк. Жер бетиндеги эң кичинекей тирүү организмдин биохимиялык иш-аракеттери менен атаандаша ала турган бир лаборатория жок.»1
1. Хромосома, 2. Рибосомалар, 3. Плазмида, 4. Пилус (фимбрия), 5. Капсула катмары, 6. Клетканын капталы, 7. Клетка мембранасы, 8. Цитоплазма, 9. Камчы (флагеллум).

Бир бактериянын 2000дин тегерегинде гени бар. Ар бир ген 100дөй тамгадан, башкача айтканда, коддон турат. Бул болсо бактериянын ДНКсындагы маалымат эң аз 2 миллион тамгадан турат деген мааниге келет. Бул эсептөө боюнча, бир бактериянын ДНКсындагы маалымат ар бири 100 миң сөздөн турган 20 романга тең.2 Бактериянын кичинекей денесинде укмуш чоң маалыматты камтышы жөнүндө д-р Ли Спетнер мындай дейт: «бактерия клеткалары ушунчалык кичинекей болгондуктан, 1 триллион даанасы араң бир чай кашык болот. Бир бактерияны аныктоо (идентификациялоо) үчүн өтө көп маалымат талап кылынат жана ал маалыматтардын баары кичинекей көлөмдөгү клетканын абдан кичине бир бөлүгүнө батырылып коюлган.3
Бүт бактериялардын ДНКларына коддолгон бул маалыматтардагы кандайдыр бир өзгөрүү бактериянын бүт иштөө системасын бузуп салышы мүмкүн. Бактериялардын ген коддорундагы бир катачылык алардын иштөө системасынын бузулушуна жана натыйжада өлүмүнө себеп болот. Бир даана бактерия дагы Аллахтын бар экендигин апачык далилдейт. Ааламдардын Рабби Аллах Куранда мындай деп билдирет:

... Асмандардагы жана жердеги кыпынчалык бир нерсе дагы Андан алыста (жашыруун) калбайт. Андан кичинеси да, чоңу да, бүт баары сөзсүз апачык бир китепте (жазылуу). (Саба Сүрөсү, 3)

1- Sir James Gray, Science Today, 1961, s. 21.
2- Mahlon B. Hoagland, Hayatın Kökleri, Tübitak yayınları, 8. Basım, s. 25.
3- Lee M. Spetner, Not By Chance, Shattering The Modern Theory of Evolution, The Judaica Press Inc., 1997, s. 24.


Кардифф университетинен Колдонмо математика жана астрономия профессору Чандра Викрамасингх (Chandra Wickramasinghe) жашоонун кокустан пайда болгонуна он жылдар бою ишендирилген бир илимпоз катары бул чындык жөнүндө мындай дейт:
Бир илимпоз катары билим алган бүт жылдарым бою мээм «илим кандайдыр бир аң-сезимдүү жаратылуу түшүнүгүнө туура келбейт» деген пикирлер менен абдан күчтүү жуулду. Бул түшүнүккө болушунча каршы чыгуу керек эле... Бирок азыр Аллахка ишенүүнү талап кылган түшүндүрмөгө карата айта турган эч бир акылдуу аргумент таба албайм... Биз дайыма ачык бир мээ менен ойлонууга көнгөнбүз жана эми жашоону түшүндүрүүнүн жалгыз логикалуу жообу «жаратылуу» деген жыйынтыкка баруудабыз, туш келди башаламандыктар эмес.244
Демек, жер бетиндеги алгачкы жашоо да бир Жашоодон гана келген болушу зарыл. Башкача айтканда, жашоону «Хайй» (Жашоо Ээси) Аллах жараткан. Жашоо Анын каалоосу менен гана башталат, уланат жана аяктайт. Эволюция теориясы болсо жашоонун кантип башталганын түшүндүрүү мындай турсун, жашоого керектүү материалдардын кантип пайда болгонун жана кантип бир жерге чогулганын да түшүндүрө албайт. Куранда Раббибиз мындай деп кабар берет:


Жаратуучу эч жаратпаган сыяктуубу? Эми насаат алып, ойлонбойсуңарбы? Эгер Аллахтын сый-жакшылыктарын санайбыз десеңер, аларды топтоштуруу менен да санап бүтүрө албайсыңар. Чындыгында Аллах – кечиримдүү, коргоочу. Аллах жашырганыңарды жана ачыкка чыгарганыңарды билет. Аллахтан башка жалынгандары эч нерсени жарата алышпайт, ал тургай, өздөрү жаратылып турушат. (Нахл Сүрөсү, 17-20)


Булактар:

174. Pierre-Paul de Grasse, Evolution of Living Organisms, 1977, s. 8.
175. L. R. Croft, How Life Began, Evangelical Press, İngiltere, 1988, s. 34.
176. Leslie E. Orgel, “Darwinism at the Very Beginning of Life”, New Scientist, cilt 94, 15 Nisan 1982, s. 151.
177. Gerald L. Schroeder, Tanrı'nın Saklı Yüzü, çev. Ahmet Ergenç, Gelenek Yayınları, İstanbul, 2003, s. 189.
178. Jon Cohen, "Getting All turned Around Over the Origins of Life on Earth", Science, cilt 267, 3 Mart 1995, s. 1265.
179. Klaus Dose, "The Origin of Life: More Questions Than Answers”, InterDisciplinary Science Reviews, cilt 13, no. 4, 1988, s. 348.
180. John Maddox, "The Genesis Code by Numbers", Nature, cilt 367, 13 Ocak 1994, s. 111.
181. Wendell R. Bird, The Origin of Species Revisited, Nashville, Thomas Nelson Co., 1991, s. 302.
182. Frank B. Salisbury, "Doubts About The Modern Synthetic Theory of Evolution", American Biology Teacher, cilt 33, Eylül 1971, s. 336.
183. I. L. Cohen, Darwin was Wrong, 1984, s. 205.
184. Paul Auger, De La Physique Théorique à la Biologie, 1970, s. 118.
185. John W. Oller, “A Theory In Crisis”, Institute for Creation Research, Impact no: 180, Temmuz 1988.
186. Michael Denton, Evolution: A Theory in Crisis, Adler&Adler, Publishers, Inc., ABD, 1986 s. 351.
187. William A. Dembski, James M. Kushiner, Signs of Intelligence, Brazoss Press, ABD, 2001, s. 109.
188. Michael J. Denton, Nature's Destiny, Free Press, New York, 1998, s. 293.
189. Werner Gitt, In the Beginning was Information, 3. baskı, Almanya, 2001, s. 106.
190. Douglas R. Hofstadter, Gödel, Escher, Bach: An Eternal Golden Braid, Vintage Books, New York, 1980, s. 548.
191. Francisco J. Ayala, Theodosius Dobzhansky, The Philosophy of Biology: Reduction and Related Problems, University of California Press, Berkeley, CA, 1974, ss. 259-284.
192. Green, David E., Robert F. Goldberger, Molecular Insights into the Living Process, Academic Press, New York, 1967, s. 403.
193. Frank B. Salisbury, "Doubts about the Modern Synthetic Theory of Evolution," American Biology Teacher, cilt 73, Eylül 1971, s. 336.
194. John Horgan, "In the Beginning", Scientific American, cilt 264, Şubat 1991, s. 119.
195. Michael J. Denton, Nature's Destiny, Free Press, New York, 1998, s. 293.
196. Andrew Scott, "Update on Genesis", New Scientist, cilt 106, 2 Mayıs 1985, ss. 31, 32.
197. Homer Jacobson, "Information, Reproduction and the Origin of Life", American Scientist, Ocak 1955, s. 125.
198. Ali Demirsoy, Kaltm ve Evrim, Meteksan Yaynlar, Ankara, 1984, s. 39.
199. Leslie E. Orgel, "The Origin of Life on Earth", Scientific American, cilt 271, Ekim 1994, s. 78.
200. Caryl P. Haskins, "Advances and Challenges in Science in 1970", American Scientist, cilt 59, Mayıs-Haziran 1971, s. 305.
201. http://ibiblio.org/gutenberg/etext00/2llcd10.txt; [Charles Darwin to J.D. Hooker, Down, 29 Mart 1863]
202. Leslie E. Orgel, "The Origin of Life on Earth", Scientific American, cilt 271, Ekim 1994, s. 78.
203. Alexander G. Cairns-Smith, "The First Organisms", Scientific American, Haziran 1985, cilt 252, s. 90.
204. Reinhard Junker, Siegfried Scherer, Entstehung und Geschichte Der Lebewesen, Weyel Verlag, 1986, s. 89.
205. Duane T. Gish, Creation Scientists Answer Their Critics, Institute for Creation Research, ABD, 1993, s. 262.
206. Duane T. Gish, Creation Scientists Answer Their Critics, Institute for Creation Research, ABD, 1993, s. 270.
207. Charles B. Thaxton, Walter L. Bradley, Roger L. Olsen, The Mystery of Life's Origin, Reassessing Current Theories, Lewis and Stanley, Teksas, 2. baskı, 1992, s. 57.
208. Duane T. Gish, Creation Scientists Answer Their Critics, Institute for Creation Research, 1993, USA, s. 270.
209. Charles B. Thaxton, Walter L. Bradley, Roger L. Olsen, The Mystery of Life's Origin, Reassessing Current Theories, Lewis and Stanley, Teksas, 2. baskı, 1992, s. 103.
210. Duane T. Gish, Creation Scientists Answer Their Critics, Institute for Creation Research, ABD, 1993, s. 275.
211. Nicholas Wade, "Life's Origins Get Murkier and Messier; Genetic Analysis Yields Intimations of a Primordial Commune", New York Times, 13 Haziran 2000.
212. Michael J. Behe, Darwin's Black Box: The Biochemical Challenge to Evolution, The Free Press, New York, 1996, ss. 172-173.
213. Werner Gitt, In the Beginning was Information, 3. baskı, Almanya, 2001.
214. Peter Radetsky, "The Crucible of Life", Earth, Şubat 1998, ss. 34-41.
215. W. R. Bird, The Origin of Species Revisited, Thomas Nelson Co., Nashville, 1991, s. 325.
216. Michael J. Behe, Darwin's Black Box: The Biochemical Challenge to Evolution, The Free Press, New York, 1996, s. 171.
217. Werner Gitt, In the Beginning was Information, 3. baskı, Almanya, 2001, ss. 126-127.
218. Paul Davies, "How We Could Create Life", Guardian, 11 Aralık 2002; http://www.guardian.co.uk/comment/story/0,3604,857635,00.html
219. Michael Pitman, Adam and Evolution, 1984, s. 233.
220. Jeffrey S. Wicken, "The Generation of Complexity in Evolution: A Thermodynamic and Information-Theoretical Discussion", Journal of Theoretical Biology, Nisan 1979, cilt 77, s. 349.
221. Robert Shapiro, Origins: A Sceptics Guide to the Creation of Life on Earth, Summit Books, New York, 1986. s. 207.
222. Lee M. Spetner, Not By Chance, Shattering The Modern Theory of Evolution, The Judaica Press Inc., 1997, s. 50.
223. Lee M. Spetner, Not By Chance, Shattering The Modern Theory of Evolution, The Judaica Press Inc., 1997, s. 60.
224. Lee M. Spetner, Not By Chance, Shattering The Modern Theory of Evolution, The Judaica Press Inc., 1997, s. 60.
225. Lee M. Spetner, Not By Chance, Shattering The Modern Theory of Evolution, The Judaica Press Inc., 1997, s. 57.
226. M. P. Schutzenberger, Mathematical Challenges in the Neo-Darwinian Interpretation of Evolution, 1967, ss. 73-75.
227. Lee Spetner, Not By Chance, Shattering the Modern Theory of Evolution, The Judaica Press Inc., 1997, s. 180.
228. Pierre-P Grassé, Evolution of Living Organisms, Academic Press, New York, 1977, s. 103.
229. Walter L. Starkey, The Cambrian Explosion, WLS Publishing, Ohio, 1999, s. 157.
230. Walter L. Starkey, The Cambrian Explosion, WLS Publishing, Ohio, 1999, s. 158.
231. Walter L. Starkey, The Cambrian Explosion, WLS Publishing, Ohio, 1999, s. 158.
232. Werner Gitt, In the Beginning was Information, 3. baskı, Almanya, 2001, s. 127.
233. Phillip E. Johnson, Evrim Duruşması, Gelenek Yayınevi, s. 28
234. Stephen Jay Gould, "Is a New and General Theory of Evolution Emerging?", Lecture at Hobart & William Smith Colleges, 4 Şubat 1980.
235. Walter L. Starkey, The Cambrian Explosion, WLS Publishing, Ohio, 1999, s. 159.
236. Walter L. Starkey, The Cambrian Explosion, WLS Publishing, Ohio, 1999, s. 159.
237. Walter L. Starkey, The Cambrian Explosion, WLS Publishing, Ohio, 1999, s. 159.
238. Walter L. Starkey, The Cambrian Explosion, WLS Publishing, Ohio, 1999, 1999, s. 159.
239. Phillip E. Johnson, Evrim Duruşması, Gelenek Yayınevi, s. 105.
240. Pierre-Paul Grassé, Evolution of Living Organisms, Academic Press, New York, 1977, s. 97.
241. Walter L. Starkey, The Cambrian Explosion, WLS Publishing, Ohio, 1999, s. 157.
242. Gerald L. Schroeder, Tanrının Saklı Yüzü, Gelenek Yayınları, çev: Ahmet Ergenç, İstanbul, 2003, s. 105.
243. Pierre-Paul Grassé, Evolution of Living Organisms, Academic Press, New York, 1977, s. 88.
244. Chandra Wickramasinghe, Interview in London Daily Express, 14 Ağustos 1981.

Hiç yorum yok:

Yorum Gönder