Бир үйдүн курулушун баштаардан мурун, эң алгач ал имараттын архитектуралык бир планы даярдалат. Ал планды ишке ашырып баштоодон мурун болсо курулушта колдонула турган материалдарды аныктап, табуу керек. Ар кандай чоңдук жана формадагы тактайлар, мыктар, изоляция материалдары, керамиттер, терезелер, эшиктер, электр кабельдери, морлор жана дагы көп материалдар белгилүү максат үчүн даярдалат. Бул материалдар туш келди колдонулбайт; ошол сыяктуу курулушта иштеген жумушчулар да өз башынча иш кылбайт. Тескерисинче бүт баары белгилүү бир планга ылайык жана көзөмөл менен ишке ашат. Курулуш процессинде жумушчулардын алгач эмне кылаары, кайсы материалдарды кандай кезек менен жана кандай санда колдоноору да белгилүү. Мисалы, дубалдар менен чатырды куруудан мурда имараттын фундаменти коюлушу керек, монтаж менен кабельдер болсо кийин жасалышы керек. Бул баскычтардын баары ар тараптуу бир пландын баскычтары.
Эми бул айтылган ар тараптуу пландын көзгө көрүнбөгөн бир жерге коддор менен жазылып коюлганын элестетели.
Адам денесин бир имаратка салыштырсак, дененин эң майда-баратына чейинки кемчиликсиз план, долбоорун болсо ДНК молекуласы түзөт. ДНКдагы маалыматтар курула турган имараттын материалдарынын кантип жасалаарын да, каерлерде канча колдонулаарын да, имараттын толугу менен кандай көрүнүштө болоорун жана кантип кызмат көрсөтөөрүн да толук камтыйт.
Адамдын эне курсагындагы жана туулгандан кийинки өрчүү баскычтарынын баары алдын-ала аныкталган ушул программанын негизинде жөнгө салынат. Адамдын өрчүшүндөгү бул кемчиликсиз тартип Куранда мындайча айтылат:
Адам «өз башымча жана жоопкерчиликсизмин» деп ойлойбу? Өзү куюлган маниден (бел суудан) бир тамчы суу эмес беле? Анан бир алак (эмбрион) болду, анан (Аллах аны) жаратты жана «бир тартип ичинде калып берди.» (Кыямат Сүрөсү, 36-38)
Эне курсагында бир энелик клетка жаңы уруктанган кезде эле адамдын келечектеги бүт өзгөчөлүктөрүн Аллах аныктап, «бир тартип ичинде» ДНКсына жайгаштырган болот. Келечектеги көзүнүн өңү, кан группасы, жүзүнүн формасы, сөөк түзүлүшү сыяктуу бүт өзгөчөлүктөрү тогуз ай мурдатан, б.а. бир клетка кезинде эле коддор аркылуу бир планда жазылган.
Энелик клетка уруктанган соң көбөйүп баштаган эмбрион клеткаларын адам келбетине алып келе турган биохимиялык жана физикалык өрчүү процесстеринин баары ДНКдагы долбоордун көзөмөлүндө ишке ашат. Проф. Филлип Е. Жонсон бул системадагы кемчиликсиздик жөнүндө мындай дейт:
Уруктанган энелик клеткадагы буйруктар эмбриондук өрчүүнү башынан баштап көзөмөлдөйт жана белгилүү бир натыйжага жетишин камсыз кылат. Бул «кемчиликсиз буйруктар жыйындысы» физика менен химиянын материалдык процесстерин колдонот, бирок ал процесстер тарабынан өндүрүлгөн эмес. Ошол сыяктуу, бир компьютердеги программа да бир текст документин түзүү үчүн табигый процесстерди колдонот, бирок программа акылдуу бир автор тарабынан жазылышы зарыл.99
Болгондо да, бир адамдын курулуш планы материалдардын өндүрүшүн, материалдар өндүрүлө турган заводдордун жасалышын, энергия станцияларынын курулушун да камтыйт. Ошондуктан адам денесиндеги бул планга салыштыра турган нерсени табуу чындыгында мүмкүн эмес. Себеби кандай мисал келтирсек да, клеткадагы комплекстүүлүккө баары бир тең келе албайт. Жеральд Л. Шредер бул комплекстүүлүктүн тереңинде жашырылган кереметтүүлүккө мындайча көңүл бурат:
Жашоонун пайда болушунун таң калтырган кооздугу анын майда-бараттарында жашырылган. Адам бүт бул майда-бараттарды көрмөксөн болгондо, сүт табигый түрдө контернейлерден келет деши мүмкүн жана мунун чөптөргө тийген жаркыраган күндөн башталган бир процесстин жемиши экенин эч ойлонбошу ыктымал. Кош бойлуулуктагы баскычтардын баары комплекстүү бир тартиптүүлүктү камтыйт жана бул процесстин ичине жашырылган акылдын ишараттарын чагылдырат.100
Клетканын курулуш материалдарын түзгөн жансыз, аң-сезимсиз атомдор план, долбоор түзө алышпайт, код жазып, коддорду чечмелей алышпайт, көп баскычтуу чараларды көрүп, маалыматты коргой турган системаны кура алышпайт жана ал үчүн дагы көптөгөн башка иш-чараларды жасай алышпайт. Материалисттик жана дарвинисттик догмалардан көз-карандысыз ойлоно алган бүт адамдар мындай бир тартиптин өзүнөн-өзү пайда боло албашын, тескерисинче абдан улуу бир акылдын –Улуу Раббибиздин- чыгармасы экенин түшүнүп суктанат. Аллахтын каалоосу менен жансыз топурактагы элементтер жандуу бир адамды куруу үчүн чогулушуп, кемчиликсиз бир координация менен өздөрүнө жүктөлгөн милдетти аткарышууда. Куранда Аллах мындайча кабар берет:
Генетикалык маалыматтардын биригиши
Бир энелик клетканын сперма менен уруктанышы жаңы бир адамдын жашоосунун башталышы болуп саналат. Сперма менен энелик клеткалар кездешкенде, беттериндеги молекулалар эки тараптуу бири-бирине толук дал келгендиктен, биологиялык жактан бири-бирин таанышат. Бул молекулалар бири-бирине уланып, сперма клеткалары энелик клетканын жумшак кабыгына жабышат. Сперма клеткалары андан соң энелик клеткага кирүү үчүн аракеттенип баштайт.
Миллиондогон сперманын арасынан аягында бир даанасы гана ийгиликке жетет. Ар биринин өзүнө тиешелүү генетикалык программасы бар жана наристенин жынысы да кошо, ар бир сперма башка спермалардан көп тарабынан айырмаланат. Наристенин жынысын аныктоочу генетикалык кабар атанын спермасында болгондуктан, кайсы сперма башкаларынан озунуп энелик клеткага кире алса, наристенин жынысын ошол аныктайт. Ийгиликке жеткен сперма клеткасынын куйругу жана бүт бөлүктөрү менен энелик клетканын ичине кирген учуру «уруктануу» деп аталат. Мына ушул этаптардын баары Аллахтын тагдырга жазганы боюнча жүрөт. Аллах аяттарында бул чындыкты адамдарга мындайча билдирет:
Силерди Биз жараттык, дагы эле тастыктабайсыңарбы? (Жатындарга) куюлуп жаткан манини (бел сууну) көрдүңөрбү? Аны силер жаратып жатасыңарбы, же Биз жаратып жатабызбы? (Вакыа Сүрөсү, 57-59)
Сперма менен энелик клетканын биригишинен пайда болгон бул жаңы клеткада адамдын өмүрүнүн аягына чейин ар бир клеткасында кодун алып жүрө турган ДНК молекуласынын алгачкы копиясы келип чыгат. Таанымал химик проф. Уилдер Смит энелик клеткадагы кемчиликсиздик жөнүндө мындай дейт:
Адам спермасы менен энелик клетканын ичиндеги жуп спираль системасы адам денесинин толугу менен синтезделиши үчүн курулуш буйруктарын код түрүндө алып жүрөт. Алфавит системабызды колдонуу менен адамдын генетикалык маалыматын кагазга жазсак, ар бири 500 беттен турган 1.000 томдук бир чыгарма келип чыгат. Бул болсо жалпысынан 500.000 беттик маалымат дегенди билдирет. Т.а. бир ийненин көзүндөй энелик клеткада 500.000 беттик маалымат менен химиялык буйрук бар. Маалыматты сактоо жана кайра чакыруу технологиясында энелик клетка жана негизи эле клетка – миниатюралык бир керемет.101
Бир сперма клеткасы генетикалык маалыматын энелик клеткага кошкондо, 1027 даана атом биригет.102 Ал атомдордун кереметтүү бир тартип менен биригишинин натыйжасында жаңы төрөлө турган дененин бүт өрчүү баскычтарына керектүү бардык маалыматтар да аныкталган болот. Дэвид С. Гудсел «Our Molecular Nature» (Молекулярдык табиятыбыз) аттуу китебинде генетикалык маалыматтардын биригишин мындайча сүрөттөйт:
Эне менен атада бул 46 тилкенин жарымы болот, ошентип клеткаларыбызда бири-бирине окшош 23 тилке бар. Эне менен атадан келген маалыматтардын окулушунун натыйжасында балдарга тукум куучулук аркылуу өтүүчү ар түрдүүлүккө бай бир кулк-мүнөз өзгөчөлүктөрү келип чыгат... Мисалы, ата-эненин экөөндө тең тирозиназага (бир фермент) керектүү рецепт жок болсо, бала альбинос болот. Мурундун жана көздөрдүн формасы, дене түзүлүшү сыяктуу башка жеке өзгөчөлүктөр да ДНКдагы ар кандай аймактардын орток аракеттеринен көз-каранды болушу мүмкүн жана ата-энеден келген өзгөчөлүктөрдү чеберчилик менен бириктириши мүмкүн.103
Бул жерде таң калыштуусу, бүт организмдердин ДНКларындагы маалыматтар бир акылдын жана Жаратуучунун бар экенин айгинелейт. Пайда болгон жаңы индивид толугу менен жаңы бир генетикалык программага ээ болот. Эне менен атадан келген генетикалык маалыматтар биригип бүткөндө болсо энелик клетка бири-бирине опокшош эки жаңы клеткага бөлүнөт.
Адамдын курулуш материалы болгон клеткалар жасалат
Бир энелик клетка менен бир сперманын биригишинен келип чыккан түзүлүш «зигота» деп аталат жана бир клеткадан гана турат. «Эмбрион» уруктанган энелик клетка деп аталган алгачкы клеткадан –зиготадан- пайда болот жана бир адам кейпине келиши үчүн бул алгачкы клетка көбөйүшү керек. Клетка улуу бир аң-сезим менен, бир компьютер программасы сыяктуу бир программанын негизинде бөлүнүп баштайт. ДНК зиготанын ичинде өзүнүн бир копиясын жасайт. Ошентип клеткада ДНКнын саны эки эсеге көбөйгөн болот. Натыйжада клетка ылдам бөлүнүп баштайт. Бул ДНКлардын бирөөсү бир клеткага барса, экинчи ДНК экинчи клеткага жиберилет. Ошентип клетка экиге бөлүнөт. Бөлүнүүлөр эненин курсагында бир наристе пайда болгонго чейин уланат. Эмбрион абалына келгенге чейин бул процесс ушунчалык көп жолу кайталанып, триллиондогон жолу бөлүнүү керек болот.
Эмбрион толук өрчүшү ар бир клетканын башка клеткалардан алган жана аларга жиберген кабарлары аркылуу координациялуу ишке ашат. Клеткалардын ортоктошуп бири-бирин түшүнүү менен өрчүшү генетикалык буйруктарга таянган өз ара тынымсыз молекулярдык бир диалогдон келип чыгат. Бул буйруктар наристенин генетикалык программасынын ичинде ата-энеден келген клеткалар биринчи кошулган күнү пайда болот. Андан соң клетка бөлүнүп, жаңы эки клетканы пайда кылган сайын бүт гендердин дал өзүндөй копиясы алынып, ар бир жаңы клеткага берилет. Ушул себептен денебиздеги бүт клеткалардагы гендердин баары бирдей жана ар бир клетка генетикалык программанын баарын камтыйт.104
Денебиздеги бардык клеткалар жайгашкан орду башка башка болсо да (мисалы, бөйрөк, боор же кол), бирдей маалыматты камтыйт. Бирок ар бир клетка бир эле маалымат базасынын ар кайсы бөлүмүн колдонот жана ошого жараша аткарган кызматтары ар түрдүү болот. Компьютердеги сыяктуу маалыматтын оригиналы негизги процесс борборунан, б.а. ДНКдан жылдырылбайт. Анын ордуна копиялары алынып, керектүү жерлерге копиялары алынып барылат.
Адам клеткалары түзүлүшү жагынан бири-биринен айырмаланат. Мисалы, боор клеткалары, булчуң клеткалары жана нерв клеткалары формалары жагынан бири-бирине окшобойт, ошондой эле, башка башка белокторду өндүрүшөт жана жасаган биохимиялык иштери да бири-биринен айырмаланат. Бирок бүт баарында уруктанган энелик клеткадан тукум куучулук аркылуу алынган бир ДНК бар. Бирок ар бир клетка ал ДНКдагы генетикалык маалыматтын ар кайсы аймагын колдонот. Эгер клеткалар генетикалык маалыматтын ар кайсы аймагын колдонбой, баары бирдей типтеги клетка болуп көбөйгөндө, анда адам пайда болмок эмес. Адам бир гана сөөктөр жыйындысынан же бир гана тери жыйындысынан турган бир жандык болуп калышы мүмкүн эле. Бирок Рахман (Мээримдүү) жана Рахим (Ырайымдуу) Аллах Курандын бир аятында «Чындыгында Биз адамды эң сулуу абалда жараттык.» (Тин Сүрөсү, 4) деп кабар бергендей, бизди келбеттүү, жарашыктуу, симметриялуу кылып жана жогорку өзгөчөлүктөр менен жараткан.![]() |
1- боор клеткасы, 2- нерв клеткасы, 3- булчуң клеткасы. |
Клетканын бөлүнүшү улана берет
Клетканын бөлүнүшү учурунда ар бир жаңы клеткада жогоруда айтылган бүт комплекстүү түзүлүштөр пайда болот: ДНК, mRNA, tRNA, рибосомалар, белоктор, ферменттер ж.б. Булардын баарынан секундасына болжол менен беш миң даана өндүрүлөт.105 Проф. Жеральд Шредер айткандай, «Жашоонун кереметтүү табияты майда-бараттарында (тереңинде) жашылырган.»106 Сегизинчи жумага келгенде болсо бүт негизги бөлүктөрү байкала баштаган эмбрион түйүлдүккө айланат.107 Илимпоз Др. Жерри Бергман (Jerry Bergman) клетканын бөлүнүшү жөнүндөгү бир макаласында мындай дейт:
Клетка бөлүнүшү керек болгондо ДНК узунунан бөлүнүп, копияланып, жаңы клетка үчүн кайрадан пакеттелиши керек болот. Эч ким клеткалардын мындай топологиялык (бурчу жок формалардын геометриясы) көйгөйдү кантип чечээрин билбей келүүдө.108
Клетканын ичинде ар кандай көйгөй үчүн алдын ала ойлонулган жооптор бар жана алар алгачкы клетканын генетикалык маалыматында жазылган. Буга чейин айтылган мисалдардын баары адамдын кемчиликсиз жаратылгандыгынын апачык далилдеринен. Мындагы Жараткандын кереметтери бир китепке батпай турганчалык көп.
Клеткадагы таң калыштуу окуялардын дагы бири болсо – бул, генетикалык программанын баарынын дайыма активдүү абалда болушу. Демейде генетикалык маалыматтын баарынын колдонууга ачык же жабык турушу күтүлөт. Бирок андай болгондо, ар бир клетка өзүнүн копиясын гана өндүрмөк жана бирдей типтеги клетка жыйындысы пайда болмок. Гендердин ачылып жабылуу өзгөчөлүгүнөн улам, өндүрүлгөн клеткалар ушунчалык ар түрдүү болушат жана ар кандай кызматтарды аткарышат.
Гендер – химиялык тил менен жазылган сүйлөмдөр сыяктуу. Ар бир клетка гендердин бир бөлүмүн гана ачат жана гендин ачык бөлүгүндөгү маалыматтарды көрсөтөт. Ал кезде гендердин калган бөлүгү болсо жабык болот. Гендердин ачылып жабылуу процесси «гендин жөнгө салынышы» деп аталат.
Адамдын туура өрчүшүндө гендин жөнгө салынышынын абдан чоң мааниси бар. Өрчүү учурунда гендердин ар кайсы аймактары ачылып, жабылат; ошентип бир мээ клеткасы бир боор же бир булчуң клеткасынан башкача көрүнүштө болот жана башка кызматты аткарат. Клетканын түрү мурда да айтылгандай, өндүргөн белоктордун түрүнө жана санына жараша аныкталат. Өндүргөн белоктор аркылуу клетка боор же ашказан, тери же булчуң клеткасы болуп аныкталат. Клеткаларга кайсы белокторду өндүрөөрүн кайра эле гендер билдирет. Бул өндүрүштүн багыты белгилүү гендердин «ачык», белгилүү гендердин болсо «жабык» абалда болушу аркылуу аныкталат. Мисалы, боор клеткалары башка, тери клеткалары башка ген тармактарын ачышат, жана бул клеткалардын түрүнө жараша ар түрдүү белокторду өндүрүп, ар кайсы кызматтарды аткарышына шарт түзөт.
![]() |
Жерде өскөндөрдөн, алардын напсилеринен жана али билбеген канча нерселерден бардык жуптарды жараткан (Аллах абдан) Улук.
(Йасин Сүрөсү, 36) |
Гендер денедеги клеткаларга кайсы белокторду өндүрөөрүн айтып тургандыктан, гендер болбосо, бир клетка кыска убакыт гана жашай алат. Себеби клетка эмне кылуу, кайсы белокторду өндүрүү керек экенин айтып туруучу буйруктарга муктаж. Антпесе жаңы белоктор кыска убакыттын ичинде түгөнөт жана клетка жашоо функцияларын уланта албаганы үчүн өлөт. Мисалы, гендер клеткаларды белгилүү убактарда кандын уюшун (карттанышын) камсыз кыла турган атайын белокторду өндүрүүгө чакырышат. Катасы бар гендер болсо муну кыла алышпайт, ушул себептен кандын уюу механизминин бузулушунун себебинен, гемофилия оорусу келип чыгат.
Адам денеси кээ бир белокторду өмүр бою, кээ бирлерин болсо муктаждык болгон учурларда өндүрүшү керек. Ушул себептен бүт гендер бир клетканын керектүү сандагы белокту дал муктаждык болгон учурда өндүртө тургандай тартипке салынган. Мисалы, өрчүп жаткан эмбриондогу көп белоктор абдан кыска мөөнөт үчүн гана керектүү. Белгилүү бир клетка тарабынан өндүрүлө турган белоктор болсо ал клетканын эмбриондун каеринде жайгашкандыгынан, эмбриондун жашынан жана өз гендеринен жана башка клеткалардан алган буйруктарынан көз-каранды болот. Бирок илимпоздор клетканын өз колундагы пландын кайсы бөлүгүн качан ташташы керек экенин кайдан билээрине жооп таба алышкан жок. Кээ бир гендердин, б.а. ар бир өзгөчөлүккө жана ар кайсы органга тиешелүү файлдардын өз учурунда жолу тосулуп, кээ бирлериндеги кулпулар кантип ачылат, басып туруучу гендер менен басымды алып салуучу гендерге «ишке кириш» деп ким буйрук берет деген сыяктуу суроолор – илимпоздордун айтуусу боюнча толугу менен белгисиз, жооп күткөн суроолор.
Илимий адабияттагы «жөнгө салуу» (regulation) деген түшүнүктү кокустан ишке ашуучу бир процесс деп айтуу, албетте, илимге сыйбайт. Бул жерде да бир эле чындыкка барабыз: ортодо кереметтүү бир план жана акыл бар; бүт бул план жана кереметтүү системанын ээси Ааламдардын Рабби Аллах жана Андан башка кудай жок.Эмбриондо орган жана орган системаларынын өрчүшү
Клетканын ар түрдүү болушундагы керемет
![]() |
Гистон |
Бүт бул процесстер учурунда клеткалар өтө кылдат бир курулушта тыгыз кызматташып иштеген бир команда сыяктуу болушат. Ар бири пландын баарын толук билет жана бири-бири менен тыгыз байланышып, тыгыз кызматташтыкта иштешет. Мынчалык жогорку тартип жана координация кантип келип чыгат? Клеткалар каерге бараарын, кайсы органдын бөлүгү болоорун жана барган жерде эмне кылаарын кайдан билишет? Ошондой эле, башка клеткалар менен кантип мынчалык түшүнүшө алышат? Израилдик биофизик Др. Ли Спетнер (Lee Spetner) да бул жердеги кереметтүү жаратууга мындайча көңүл бурат:
Өрчүү программасы кантип иштейт, кантип мынчалык кемчиликсиз? Биз билгендей, өрчүү бир клетканын экиге бөлүнүшүнөн башталат. Эки андан соң төрткө бөлүнөт жана бул ушундайча уланат. Белгилүү жерден соң клеткалар айырмаланып башташат, т.а. кулк-мүнөз өзгөртүшөт. Аягында клеткалардын бир бөлүгү бир кыртыш же органга айланса, башка клеткалар башкаларына айланат. Бул ар бир жолкуда дээрлик бирдей кемчиликсиздик менен ишке ашат. Бул кандайча болот?110
Бул суроолордун жообу айдан ачык: бүт жандыктар кемчиликсиз жаратылган жана алардын жаратылышындагы чеберчилик менен илим бүт нерсенин Рабби Улуу Аллахка тиешелүү. Бир аятта мындайча кабар берилет:
Асмандарды жана жерди акыйкат менен жаратты жана силерге тартиптүү бир калып (келбет) берди; келбетиңерди сулуу кылды. Ага кайтасыңар. (Тегабүн Сүрөсү, 3)
Мындан тышкары, белоктор да ар кайсы клеткалар үчүн ар кандай типте өндүрүлөт. Бир эмбрион эне курсагында өрчүп жатканда, эмбриондун көздөрүн түзө турган клеткалардагы ДНКлар көз органына тиешелүү белокторду гана өндүрүшөт. Ошол сыяктуу, эмбриондун мээсин түзө турган клеткалардын ДНКлары болсо мээ органына тиешелүү белокторду гана өндүрөт.
Бул жерде төмөнкү жагдай маанилүү. Адамдын сөөк клеткасы да, боор клеткасы да, бөйрөк клеткасы да, кыскасы денесинин бүт тарабындагы клеткалардын баарынын ичиндеги ДНКларда адамдын бүт органдарын түзө турган маалыматтар сакталган. Бирок бул маалыматтардан тиешелүү органга керектүү белоктор гана өндүрүлөт. Башкача айтканда, ар бир клеткада адам денесинин бүт органдарына тиешелүү белок маалыматтары сакталат; бирок бул белоктордун баары өндүрүлбөйт. Жасала турган органга тиешелүү белоктор гана өндүрүлөт. Ал үчүн ДНКнын бети ал органга керексиз белоктордун өндүрүлүшүнө бөгөт боло турган «гистон» деп аталган атайын бир белок менен жабылат. Клеткалардагы «гистондордун» кайсы гендердин үстүн жаап кайсыларынын үстүн ачык калтыраарын кайдан билээри – учурда илимпоздорду кызыктырган эң чоң сырлардын бири. Себеби белоктор да жансыз атомдордон турган молекулалар. Аң-сезими жана акылы жок атомдордун мындай кереметти жасай албашы анык.
Клеткалардагы бөтөнчөлөнүү жана калыптануу процессиндеги координацияны да ДНК молекуласы камсыз кылат. Бирок ДНК эң акыркы технология менен жабдылган лабораторияларда иштеген бир биохимик да, секундасына триллиондогон операция жасай алган бир супер-компьютер да эмес. ДНК – көмүртек, фосфор, азот, суутек жана кычкылтек сыяктуу атомдордон турган бир молекула.
Эми ойлонуп көрөлү жана өзүбүзгө суроо узаталы: адам денесиндеги триллиондогон клетка бөлүнүү аркылуу бири-биринен келип чыгат. Бирок ар бир клеткадагы ар кайсы ген, ар кайсы убакта ишке киришет жана ошонун натыйжасында клеткалар бири-биринен бөтөнчөлөнөт. Башкача айтканда, алгачкы клеткадан баштап, бөлүнүп көбөйгөн ар бир клеткада бүт генетикалык маалымат болот; б.а. ар бир клетка негизи жүрөк булчуңу, тери, лейкоцит же дененин кандайдыр бир башка кыртышын өндүрүү жөндөмүнө ээ. Ар бир клеткадагы ДНКда ал дененин толук сүрөттөөсү болгону менен, өрчүүнүн ар кайсы баскычында жана ар кайсы органда кээ бир гендер гана активдүү болот. Мисалы, бөйрөктүн пайда болушу жана аткара турган кызматтарынын коддору бүт клеткаларда бар; бирок өрчүү учурунда тиешелүү гендер гана, белгилүү убактарда бул органда активдүү болот. Ошол сыяктуу, белгилүү ферменттер –мисалы глюкоз 6-фосфат- негизинен боордо болот, бирок башка органдардын бүт клеткаларында да бул белоктун рецепти бар, бирок алар бул белокту эч өндүрбөйт. Мисалы, көз клеткасы бул ферментти өндүрбөйт, көзгө керектүүлөрдү гана өндүрөт. Нерв клеткалары мээ менен органдардын арасында сигнал менен буйруктарды ташый турган, боор клеткалары токсиндерди зыянсыз кыла (нейтралдаштыра) турган жана май клеткалары болсо дененин алсыз учурлары үчүн азык топтой турган тармакта адистешишет. Булардын эч бири жаңылып кетип, ашказанга тиешелүү ферменттерди өндүрбөйт. Жумуштарды клеткалардын арасында ким минтип кемчиликсиз кылып бөлүштүрөт? Клеткаларга бөлүнүү жана бөлүнгөн соң ар кайсы багытта адистешүү буйругун ким берет? Жана, бүт клеткалар кантип мынчалык тартиптүү болушат жана кантип ушунчалык кемчиликсиз бир дисциплина жана уюшкандык менен иштешет? Булардын эч биринин кокустан келип чыккан, ээнбаш системалар эмес экени айдан ачык. Булардын баары «асмандан жерге чейин бардык ишти курчап жөнгө салган» (Сажда Сүрөсү, 5) Улуу Раббибиздин каалоосу менен ишке ашууда.
Клеткалардын керектүү учурда, керектүү жерде болушу жана керектүү гендерди активдештириши менен эле кемчиликсиздик бүтпөйт. Клеткалар, ошондой эле, жашоонун керектүү баскычында, керектүү санда болушу зарыл. Кээ бир «тейлөөчү» гендер дээрлик бүт клеткаларда, дайыма иштейт. Кээ бир гендер кээ бир клеткаларда бир канча сааттан аз кызмат кылып, андан соң келечекте иштөө үчүн күтүү абалына өтөт. Мисалы, эмизүү учурунда сүт өндүрүшү гендер тарабынан ылдамдатылат. Гендердеги маалымат керектүү учурда, керектүү санда жана керектүү жерде ишке киргизилет. ДНКда сакталган миллиарддаган маалыматтын мынчалык аң-сезимдүү, пландуу, эрктүү, эсептүү жана акылдуу башкарылып, колдонулушун эволюционисттердин «кокустук» пикирлери менен эч түшүндүрүүгө болбойт. Микроскопиялык көлөмдөгү бир жерде ишке ашкан кереметтүү пландалып, мыкты уюштурулган процесстерди кокустан келип чыккан деп ойлоо логикага такыр сыйбайт. Эволюционисттер да клеткалардагы мындай бөтөнчөлөнүүнү жана жумуштардын кемчиликсиз бөлүштүрүлүшүн түшүндүрүүдөн абдан алыс экенин кабыл алышууда. Эволюционист, микробиология профессору Али Демирсой мындай дейт:
Негизи уруктанган бир энелик клеткадан түзүлүшү жана функциясы ар кандай болгон көптөгөн клетка тобунун пайда болушунун ушул күнгө чейин канааттандырарлык бир түшүндүрмөсү жок.111
«National Geographic» коому тарабынан чыккан «The Incredible Machine» (Таң калыштуу машина) аттуу китепте болсо адамдын жаратылышынын илимпоздор тарабынан түшүндүрүлө албашы жөнүндө мындай дейт:
Жүз даана бөтөнчөлөнбөгөн клетка дүйнөдөгү эң комплекстүү омурткалууну, б.а. адамды пайда кыла турган триллиондогон клетканы өндүрүшү керек. Бөтөнчөлөнүү окуясы, б.а. клеткалардын кандайча болуп ар түрдүү формаларга айланаары илимдин чечилбеген, эң чоң көйгөйлөрүнүн бири катары кабыл алынууда. ДНКнын буйруктары клеткаларга кантип берилет? Жашоо икаясы башында уруктанган энелик клеткада жазылуу түрдө болобу? ДНКнын буйруктары энелик клетка бөлүнгөндө, төл клеткалары үчүн бөлүмдөргө бөлүнгөнбү?... Бул жерде жаңы сырдуу окуяларга кезигебиз. Азыр бүт клеткалардын жалпы клеткалардан келип чыгаарын жана ар бир клеткада бүт дененин генетикалык кодунун болоорун билебиз. Бирок бүт жашоонун абдан масштабдуу маалыматын камтыган бир клетка бир адамдын өрчүшүндө кантип өзүнүн кызматын гана аткарат? Ар кандай нерсеге айлана алган бир клетка кантип белгилүү бир нерсеге айланат? Мисалы, көздүн тордомо челиндеги бир чыбык клетка кандайча болуп жарыкты сиңирүүчү бир белокту өндүрө турган буйруктарга гана баш ийет? Же бир уйку бези клеткасы инсулинди өндүрүүнү кайдан билет?... Биз бул суроолордун баарына жооп бере албайбыз.112
Д-р Ли Спетнер болсо жалгыз бир клеткадан ой жүгүртө алган бир адамдын пайда болушун төмөнкүдөй сүрөттөйт:
Көздөрдүн, колдордун жана буттардын, ал тургай, манжалардагы тырмактардын жана кирпиктердин кемчиликсиздиги. Ушунчалык кемчиликсиз жана таң каларлык комплекстүү бир жандык кантип бир даана клеткадан пайда болду? Мындай өрчүүнү кандай программа башкарышы мүмкүн. Көрө алган көздөр, уга алган кулактар, ойлоно алган жана комплекстүү органдардын кыймылын башкарган бир мээ, баары бир даана клеткадан пайда болду. Баарыбыздын бир даана клеткадан куралышыбыз жана көптөгөн иш-аракеттерди жасай алган, ойлоно алган бир жандыкка айланышыбыз чындап эле керемет.113
Бүт бул кереметтүү окуялардын кокустуктардын же клетканын өзүнүн чыгармасы эмес экени апачык белгилүү. Анда, клеткадагы бул окуяларды башкарган, белгилүү бир максат менен жараткан, миллиарддаган маалыматты көзгө көрүнбөгөн кичинекей бир жерге батырган акыл менен күч кимге тиешелүү? Бул суроонун бир гана жообу бар: Улуу Раббибиз чексиз мээрими менен адамды азыркыдай, жарашыктуу бир келбетте жаратып, денесиндеги жана чөйрөсүндөгү тартипти адамзатка сый-жакшылык катары тартуулаган. Бир аятта мындай деп айтылат:
Силерге каалаган бүт нерсеңерди берди. Эгер Аллахтын сый-жакшылыгын санаганга аракет кылсаңар, аны санап бүтө албайсыңар. Чындыгында, адам абдан заалым, абдан шүгүрсүз. (Ибрахим Сүрөсү, 34)
Гендер клетканын бөлүнүшүн жана чоңойууну кантип башкарат?
Гендердин эң негизги кызматтарынын бири – бул эмбриондордун кандай өрчүп жатканын контрольдоо. Бул процесстеги жөнгө салуулар аркылуу бөлүнгөн клетканын ДНКсынын жакшы копияланышы, ДНКдагы каталардын оңдолушу жана ар бир жаңы клетканын толук бир комплект хромосома алышы көзөмөлгө алынат. Бул процессте кээ бир гендердин каталарды текшеришине жана бир нерсе туура эмес болсо, аны оңдоо үчүн операцияларды токтотушуна шарт түзүүчү көзөмөл чекиттери болот. Эгер бир клетканын ДНКсында оңдолбой турган бир ката келип чыкса, анда «апоптоз» деп аталган программаланган «клетканын өлүмү» ишке ашышы мүмкүн. Бул дененин керексиз клеткалардан кутулуусунда кеңири колдонулган бир ыкма. Апоптоз жасаган клеткалар талкаланып, «макрофаг» деп аталган бир лейкоцит клеткалары тарабынан кайрадан иштетилет. Апоптоз денени ракка себеп болуу ыктымалдыгы бар, генетикалык жактан жабыркаган клеткалардан коргойт. Рак, белгилүү болгондой, клетка бөлүнүшүнүн кадимки жөнгө салынышы бузулганда пайда болот. Клеткалар башкаруусуз, тартипсиз бөлүнүп, рактуу бир шишикке жол ачуучу генетикалык бузулуулар келип чыгат. Апоптоз, ошондой эле, эмбриондун өрчүшүндө жана бойго жеткен адамдын кыртыштарынын корголушунда абдан маанилүү роль ойнойт.
![]() |
1. Клетка, 2. Хромосомалар, 3. Теломер, 4. Копияланууну токтоткон клетка, 5. Копияланууну уланткан клетка, 6. Теломераза ферменттери. |
Кээ бир гендердин кээ бирлерин көбүрөөк башкара алышынын ачылышы молекулярдык биологиянын эң негизги ачылыштарынын бири болуп саналат. Себеби, гендер ошол «кызматтык макам» даражаларына жараша уюштурулган. Мисалы, кээ бир гендер гемоглобиндин жасалышы, чачтын өсүшү же тамак сиңирүү ферменттеринин өндүрүлүшү сыяктуу туруктуу иштерден гана жооптуу. Бул молекулярдык жумушчулардын үстүндө болсо «жөнгө салуучу гендер» турат. Алар бул жумушчу гендерди иштетет жана токтотот. Мисалы, наристе кезде гемоглобин генинин иштешин токтотот, керек учурда иштетет. Жөнгө салуучу гендер жумушчу гендердин да, орто даражалуу башкаруучу гендердин да үстүндө, жогорку көзөмөл гени катары кызмат кылышат. Алардын чечими ондогон, ал тургай, жүздөгөн астыңкы бөлүктөргө таасир берет. Бул гендердин ролу ушунчалык чоң болгондуктан, эмбрион учурунда булардын зыян көрүшү эмбриондун өлүмүнө себеп болушу мүмкүн.
Бул маалымат жөнүндө терең ойлонуу керек. Гендер – бул, атомдордон турган молекулалар. Анда, бул молекулалар өздөрүндөгү мындай тартипти кантип уюштурушкан? Кантип бир молекула бир адамдын боюнун узарышын токтотуу чечимин чыгарып, ал чечимин башка бир молекулага билдире алат жана ал чечимди алган тарап аны кантип түшүнүп ишке ашырат? Бул дисциплинаны ким курган? Болгондо да, миллиондогон жылдан бери триллиондогон ген абдан дисциплиналуу, абдан тартиптүү, акылдуу жана аң-сезимдүү түрдө өз милдетин кемчиликсиз аткарып келүүдө. Мындай системаны кокустан пайда болгон деп айтуу сандырактык. Гендерди эң акылдуу жана эң кемчиликсиз кылып программалаган – албетте, бүт нерсенин Рабби Аллах.
Мейоз жана митоз бөлүнүүнүн сырлары
Клетканын бөлүнүшү негизинен эки түрдүү болот жана ар биринин колдонулчу учуру бар. Булардын биринчиси уруктануу учурунда ишке ашуучу «мейоз» бөлүнүү формасы. Мейоз бөлүнүү – бул, энелик клетка менен сперма клеткаларынын бөлүнүү формасы.
Бул бөлүнүү адамдардын бүт урпактарында хромосомалардын санынын бирдей болушуна шарт түзөт. Бул клеткалар хромосомаларын энелик клетка менен сперма клеткаларын түзүү үчүн жарымга, б.а. 46дан 23кө түшүрүшөт. Уруктануу учурунда сперма менен энелик клеткалар кошулганда, эмбрион да 46 хромосомага толукталат. Мындай кемчиликсиз математикалык эсепти ким жасайт? Клеткалар өз алдынча келечекти божомолдоп, эки тарап бириккенде нормалдуу бир адам хромосомасын түзүү үчүн эмне кылуу керек экенин биле албайт. Аларды бир эсепке баш ийдирген, мындай кемчиликсиз системаны курган – албетте, улуу кудуреттүү Аллах. Курандын бир аятында мындай деп айтылат:
... Албетте Аллах Өз буйругун аткарып-ишке ашыруучу. Аллах бүт нерсе үчүн бир өлчөө кылган. (Талак Сүрөсү, 3)
Раббибиздин адамдын пайда болушунда мейоз бөлүнүүнү жаратышынын абдан чоң мааниси бар. Мисалы, бир биригүү учурунда атадан гана, же болбосо энеден гана келген хромосомалар жаңы эмбриондун хромосомаларын түзгөндө, бүт зигота клеткаларында кадимки бир адамдагы сыяктуу 46дан хромосома болмок, бирок анда дүйнөдөгү адамдар мынчалык көп түрдүү болмок эмес. Жаңы төрөлгөн наристелер же энесинин, же атасынын бир копиясы болмок. Ошондуктан, мейоз бөлүнүү формасы абдан маанилүү жана адамзат алгач жаратылгандан бери, кемчиликсиз бир тартип менен иштеп келе жатат. Клеткалардын мындай бөлүнүшү учурунда «ДНКнын аралашуу» (DNA shuffling) процессинен улам генетикалык ар түрдүүлүк келип чыгат. Ыктымалдуу ДНК комбинациялары ушунчалык көп болгондуктан, бир эле ата-эненин эки башка уруктануудан бүтүндөй опокшош эки балалуу болуу ыктымалдыгы абдан эле кичинекей бир сан болот. Мындай ыктымалдуулук болжол менен жетимиш триллиондон бирге барабар.114
Мейоз бөлүнүү
Проф. Жеральд Л. Шредер генетикалык маалыматтардын аралашуусу учурунда, бир анормалдуулук болмоюнча, абдан жарашыктуу жана келбеттүү бир көрүнүштөгү бир адамдын пайда болушунун кереметтүүлүгү жөнүндө мындай дейт:
Адам геномундагы өзгөчөлүк комплекттеринин арасында 5 миллиондон ашык түрдөгү комбинация ыктымалдыгы бар. Мындан тышкары, жуптар клетканын борбордук тегиздигинде тизилгенде, гендерди кайчылаш алмашышат... Жаңы хромосома жыйындыларынын ар бирине энеден да, атадан да бөлүктөр кошулат. Бул баскычта ыктымалдуу комбинациялардын саны триллиондорго жетет. Көп түрдүүлүктүн мындай ири потенциалы эске алынганда, эки адамдын эч качан бири-бирине опокшош болбошу таң калыштуу эмес. Бүт мындай генетикалык башаламандыкка карабастан, төрөлгөн балдардын көпчүлүгүнүн кадыресе (нормалдуу) көрүнүштө болушу таң калыштуу.115
Митоз бөлүнүү
ДНК тизмегиндеги каталардын канчалык кооптуу натыйжаларга себеп болоорун мурдакы бөлүмдөрдө карадык. Мындан тышкары, гендердеги майда-чүйдө өзгөрүүлөрдүн көп тараптуу терс натыйжалары бар экени эске алынганда, ири маалымат базасынын аралашмасынан ушунчалык кемчиликсиз бир адамдын пайда болушу – Аллахтын чексиз кудуретинин далилдеринин бири. Бир аятта Улуу Раббибиз мындай деп билдирет:
Ал – Аллах, Ал – жаратуучу, кемчиликсиз бар кылуучу, «калып жана келбет» берүүчү. Эң сонун ысымдар Аныкы. Асмандарда жана жердегилердин баары Аны тасбих кылууда. Ал – Азиз, Хаким. (Хашр Сүрөсү, 24)
Клеткалардын дагы бир бөлүнүү формасы болсо – «митоз» бөлүнүү. Митоз бөлүнүү учурунда клетка, хромосомалары да кошо, ичиндегилердин баарын копиялап, эки эгиз клеткага бөлүнөт. Ошентип отуруп жаңы кыртыштар (тканьдар) куралат. Мисалы, жүрөк куралышы үчүн миңдеген жүрөк клеткасы керек. Бир ашказан же бөйрөк клеткасы жүрөк клеткаларынын ордун алмаштыра албайт, ошондуктан жүрөк клеткалары бир жүрөккө жетиштүү санда көбөйүшү керек. Мындан тышкары, мисалы манжаңызды кесип алганыңызда болсо, ошол замат ал жердеги тери клеткалары бөлүнүп, кесилген аймакты толуктаганга чейин көбөйөт. Ошол сыяктуу, бир наристенин наристе жана өспүрүм кезинде чоңойушуна да митоз бөлүнүүлөр шарт түзөт. Сөөк клеткалары белгилүү бир тартип менен көбөйүп, алгач бир наристенин, анан бир өспүрүмдүн скелетин жасашат.
Бул процесс абдан маанилүү болгондуктан, митоздун баскычтары бир катар гендер тарабынан кылдаттык менен көзөмөлдөнөт. Себеби митоз бөлүнүү талап кылынгандай жөнгө салынбаса, рак сыяктуу оорулар келип чыгышы мүмкүн. Бул жердеги кемчиликсиздик абдан кызык. Бир клетканын ичинен кайра эле кемчиликсиз бир клетка келип чыгат. Ал клеткада өзүнө окшогон жаңы клеткаларды өндүрө турган бүт жабдыктар болот.
Мындан тышкары, уруктануудан соң митоз бөлүнүүнүн тездик менен башталышы да абдан таң калыштуу. Клеткалар жаңы бир наристе пайда болушу үчүн кереметтүү бир кубаттуулук менен бөлүнүп башташат. Органдарды калыптандырышат; алардын арасындагы байланыштарды курушат жана тогуз ай ичинде келбеттүү бир адамга айланышат. Бул жердеги жогорку аң-сезим, белгилүү бир максатты көздөгөн, пландуу баскычтардын баары Аллахтын буйругу, Анын илхамы менен болот. Куранда Раббибиз мындай деп кабар берет:
Чындыгында, адамдан ал али эстөөгө татыктуу бир нерсе эмес кезде узун убакыттардан (дехр) бир убакыт (хин) келип-өттү. Күмөнсүз, Биз адамды аралашма бир тамчы суудан жараттык. Аны сынап жатабыз. Ошондуктан аны угуучу жана көрүүчү кылдык (кулак, көз бердик). Биз ага жолду көрсөттүк; (эми ал) же шүгүр кылуучу болот, же болбосо шүгүрсүз (болот). (Инсан Сүрөсү, 1-3)
Айткын: «Силерди кураган (жараткан), силерге кулак, көздөр жана көңүлдөр берген – Ал.» Канчалык аз шүгүр кылуудасыңар? (Мүлк Сүрөсү, 23)
Генетикалык оорулар ДНКдагы тартипте кокустуктарга орун жок экенин көрсөтүүдө
ДНКдагы маалыматтардын тартип жана тең салмактуулук жагынан канчалык кылдат экендигин эске алганда, анын эч качан кокустан, өзүнөн-өзү пайда болбой тургандыгын жакшыраак түшүнөбүз. Үч миллиард тамгадан турган ДНКдагы маалыматтар A-T-G-C тамгаларынын тизилишинен пайда болот. Бирок бул тамгалардын тизмектеринде бир тамгадан да ката кетпеши керек. Бир энциклопедияда бир сөздөгү же тамгалардагы каталарга маани деле берилбейт, ал тургай, көбүнчө байкалбайт дагы. Ал эми ДНКда болсо кандайдыр бир баскычтагы, мисалы 1 миллиард 719 миллион 348 миң 632-баскычтагы бир тамганын туура эмес коддолушу сыяктуу бир ката да клетка үчүн, жана натыйжада адам үчүн олуттуу көйгөйлөргө себеп болушу мүмкүн.
Бир нуклеотиддин өзгөрүшү бир геномдогу эң кичинекей өзгөрүү болуп саналат. Бирок ушунчалык кичинекей бир ката да абдан олуттуу натыйжаларга себеп болот. Мисалы, адам көзүнүн тордомо челинде родопсин аттуу пигментти коддогон генде С (цитозиндин) ордуна A (аденин) жайгашып калышы сокурдукка жол ачуучу бир көз оорусуна себеп болот.116
Бир даана гендеги бузулуунун натыйжасында болсо дээрлик эч айыкпас, тукум куучу оорулар келип чыгат. Мисалы, «фенилкетонурия» аттуу оору менен туулган балдардын зат алмашуусу (метаболизмасы) белоктуу азыктардагы фенилаланин аттуу бир аминокислотаны колдоно албайт. Мунун натыйжасында канда жана башка дене суюктуктарында фенилаланин заты жана анын калдыктары көбөйөт. Бул болсо баланын өрчүп жаткан мээсин жабыркатып, жогорку даражадагы акылы кемдикке жана нерв системасы менен байланыштуу ар кандай оорулардын келип чыгышына себеп болот. Бул оору фенилаланин гидроксилаз ферментинин өндүрүш рецепти жазылган гендеги бузулуудан келип чыгат. Олуттуу көйгөйлөрдү пайда кылган эритробластикалык анемия, гемофилия, муковисцидоз, үй-бүлөлүк жер ортолук деңиз лихорадкасы (FMF), дүлөйлүк сыяктуу оорулар да ушул сыяктуу ген бузулууларынан келип чыгат. Генетикалык түзүлүштүн ар кандай бузулууларынан келип чыккан дагы көптөгөн тукум куучу оорулар бар. Баары бир топ олуттуу көйгөйлөрдү жараткан мындай оорулардын негизги себеби – бул, генетикалык коддогу миллиарддаган тамганын бир канчасынын туура эмес жерде жайгашышы.«Хантингтон хорейи» деп аталган генетикалык ооруда болсо оорулуунун 35 жашка чейин ден-соолугу жайында болот. Бирок бул жаштан соң кокустан колдун, буттун жана беттин булчуңдарында башкарыла албаган, эрксиз жыйрылуулар башталат. Айыкпас жана өлүмгө алып бара турган бул оору мээге да таасир бергендиктен, оорулуунун эс тутуму жана ойлонуу жөндөмдөрү барган сайын начарлайт. Бул генетикалык оорулардын баары маанилүү бир акыйкатты көрсөтөт: генетикалык код ушунчалык кылдат, тең салмактуу жана кемчиликсиз эсептелип пландалгандыктан, андагы кичинекей бир өзгөрүү да олуттуу маселелерге себеп болот. Бир эле тамганын кем же ашыкча болушу да өлүмгө алып бара турган ооруга же өмүр бою айыкпас, олуттуу майыптыкка себеп болушу мүмкүн. Ошондуктан ушунчалык кылдат бир тең салмактуулук жана тартипти «кокустан пайда болгон», же эволюция теориясы айткандай, «мутациялар аркылуу өзүнөн-өзү келип чыккан» деп эч качан айтканга болбойт.
Анда, ДНКдагы бул кереметтүү маалыматтар эң башында кантип пайда болуп, кантип коддолгон? Жашоонун келип чыгышын кокустуктарга таяндырган эволюционисттер жашоонун келип чыгышы жөнүндөгү бир суроого да жооп бере алышпайт. Миллиондогон беттик, миллиарддаган маалыматты кокустан пайда болгон дегендер, албетте, ушинтип жоопсуз калышат. Ар бир чыгарманын же ар бир маалыматтын бир автору, бир ээси болгон сыяктуу эле, ДНКдагы маалыматтын да бир ээси жана жаратуучусу бар; жана Ал Жаратуучу – улуу жана кудуреттүү, чексиз илим жана акыл ээси Раббибиз Аллах.
Кокустан болгон, туш келди таасирлердин организмдерге бир гана зыян тийгизээринин дагы бир далили болсо – бул, генетикалык коддун жазылуу формасы. Организмдердеги изилденген гендердин дээрлик баары ал организм менен байланыштуу бирден көп маалыматты камтыйт. Молекулярдык биолог Майкл Дентон гендердин бул өзгөчөлүгүн мындайча түшүндүрөт:
Гендердин өрчүүгө болгон таасири таң каларлык даражада көп түрдүү. Үй чычканында түктүн түсүнө тиешелүү дээрлик бүт гендер анын боюнун узундугуна да тиешелүү. Мөмө чымыны Drosophila Melanogaster'дин көзүнүн түсүн мутациялоо үчүн жүргүзүлгөн 17 жолку рентген нуру экспериментинин 14ү көздүн түсү менен эч байланышсыз, ургаачынын жыныстык органдарынын түзүлүшүнө таасир тийгизген. Татаал организмдерде изилденген гендердин дээрлик бүт баары бирден көп органга таасир тийгизет.117
Организмдердин генетикалык түзүлүшүнүн ушул өзгөчөлүгүнөн улам, туш келди бир таасирдин натыйжасында ДНКдагы кандайдыр бир гендин өзгөрүшү бирден көп органга таасир берет. Натыйжада гендин бузулушу белгилүү бир аймак менен эле чектелбестен, бир топ кеңири масштабдуу таасирлерге себеп болот.
Жыйынтыктасак, чың ден-соолук «кокустан» пайда болбойт. Тескерисинче, улуу Жаратуучубуз, мээримдүү жана ырайымдуу Раббибиздин берген бир сый-жакшылыгы. Аллах каалаган учурда бул сый-жакшылыгын алып коюшу жана дененин сезилбеген бир чекитинде өлүмгө алып бара турган бир ооруну жаратышы мүмкүн экенин бизге мисалдары менен көрсөтүүдө. Албетте, оору-сыркоолор сыяктуу мындай кемчиликтердин терең сырлары бар. Адамдын милдети – ага ден-соолук берип, аны «келбеттүү (жарашыктуу) бир адам кылган» (Кехф Сүрөсү, 37) Аллахка шүгүр кылуу. Ооруганда болсо ооруну да, ден-соолукту да Аллахтын берээрин билип, Аз. Ибрахим сыяктуу «ооруганда мага шыпаа берген Ал (Аллах)» (Шуара Сүрөсү, 80) деп Аллахтан жардам сурашы зарыл.Булактар:
100. Gerald L. Schroeder, The Hidden Face of God, Free Press, New York, 2001, ss. 79-80.
101. A. E. Wilder-Smith, The Natural Sciences: Know Nothing of Evolution, T. W. F. T. Publishers, ABD, s. 82.
102. Gerald L. Schroeder, Tanrı'nın Saklı Yüzü, çev. Ahmet Ergenç, Gelenek Yayınları, İstanbul, 2003, s. 59.
103. David S. Goodsell, Our Molecular Nature, Springer-Verlag, New York, 1996, s. 37.
104. Geraldine Lux Flanagan, Beginning Life, Dorling Kindersley, Londra, 1996, s. 42.
105. Gerald L. Schroeder, Tanrı'nın Saklı Yüzü, çev. Ahmet Ergenç, Gelenek Yayınları, İstanbul, 2003, s. 118.
106. Gerald L. Schroeder, Tanrı'nın Saklı Yüzü, çev. Ahmet Ergenç, Gelenek Yayınları, İstanbul, 2003, s. 118.
107. Gerald L. Schroeder, Tanrı'nın Saklı Yüzü, çev. Ahmet Ergenç, Gelenek Yayınları, İstanbul, 2003, s. 118.
108. Nicholas Wade, "How Cells Unwind Tangled Skein of Life", The New York Times, October 21, 1997, Tuesday, s. F1.
109. Geraldine Lux Flanagan, Beginning Life, Dorling Kindersley, Londra, 1996, s. 43.
110. Lee M. Spetner, Not By Chance, Shattering The Modern Theory of Evolution, The Judaica Press Inc., 1997, s. 234.
111. Ali Demirsoy, Kalıtım ve Evrim, Meteksan Yayınları, Ankara, 1984, s.158.
112. The Incredible Machine, National Geographic Society, s. 29.
113. Lee M. Spetner, Not By Chance, Shattering The Modern Theory of Evolution, The Judaica Press Inc., 1997, ss. 233-234.
114. The Incredible Machine, National Geographic Society, s. 15.
115. Gerald L. Schroeder, Tanrı'nın Saklı Yüzü, çev. Ahmet Ergenç, Gelenek Yayınları, İstanbul, 2003, s. 79.
116. Lee M. Spetner, Not By Chance, Shattering The Modern Theory of Evolution, The Judaica Press Inc., 1997, s. 45.
117. Michael Denton, Evolution: A Theory in Crisis, Adler&Adler, Publishers, Inc. ABD, 1986 s. 149.
Hiç yorum yok:
Yorum Gönder