Кээ бир илимпоздор илимдин өнүгүшүнө салым кошуунун ордуна, эмгеги менен убактысынын көбүн эволюция теориясын сактап калууга коротушууда. Дарвинизмди эң башынан бир догма катары кабыл алганы үчүн, илимий изилдөөлөрүндө да туура эмес жыйынтыктарга барышууда. Молекулярдык биология тармагынан эволюция теориясына жалган далилдерди чыгаруу үчүн, эч бир илимий мааниси жок ар кандай түшүнүк, гипотезаларды ойлоп чыгарышууда. Болгондо да, мындай гипотеза же түшүнүктөр, илимий эч бир мааниси болбосо да, дарвинисттик маалымат каражаттарынан колдоо көрүп, элге чындыктай чагылдырылууда. Бирок өнүккөн илим менен технология бул пикирлердин акылга сыйбастыгын далилдеп көрсөтүүдө. Материалисттик дүйнө көз-карашын сактап калуу аракетинен келип чыккан бир жактуу жоромолдор, бурмалоолор жана бир жактуу кабарлар Улуу Аллахтын бүт тарапты ороп курчаган илимин, чеберчилигин, акылын жашыра албайт. Курандын көп аяттарында акыйкаттын жалганга үстөмдүк кылаары кабар берилген. Алардын кээ бирлери төмөнкүлөр:
Айткын: «Эч күмөнсүз, Раббим акыйкатты (жалгандын ордуна же каалаган адамдын жүрөгүнө) койот. Ал кайыптарды билүүчү. Айткын: «Акыйкат келди; жалган болсо (бир нерсе) чыгара да албайт, артка кайтара да албайт.» (Саба Сүрөсү, 48-49)
... Аллах жалганды жок кылып салат жана Өз сөздөрү менен акыйкатты чындап бекемдейт (ишке ашырат). Себеби Ал көкүрөктөгү (сыр)ларды билүүчү. (Шура Сүрөсү, 24)
Аллах, кылмышкер-күнөөкөрлөр каалабаса да, акыйкатты (чындап) Өз сөздөрү менен ишке ашырат. (Йунус Сүрөсү, 82)
Бул бөлүмдө эволюция теориясына колдоо болот деген үмүт менен ойлоп чыгарылган натыйжасыз көз-караштардын бир канчасына кыскача токтолобуз:
Эволюциондук сабатсыздыктын бир мисалы:
калдык ДНК жаңылыштыгы
Адам геному долбоору менен бирге ушул күнгө чейин ДНКдагы код тизмеги гана аныктала алды. Бирок бул коддордун адам денесинде кандай функцияларды аткараары, бир канча генден тышкары, дагы эле белгисиз. ДНК тизмегинде белок коддогон, б.а. активдүү иштеген болжол менен 30 миң ген бар. Бирок бул адам ДНКсынын 3%ын гана түзөт. Калган узун ДНК тизмегинин болсо эмне иш аткараары азырынча белгисиз.
Мына ушул жерде эволюционисттердин бул белгисиз тарап жөнүндөгү бир жактуу жоромолдору пайда болууда. Дарвинист илимпоздор бул гендерди «эч кандай максаты жок», «эч маанисиз» же «акыр-чикир, калдык» тизмектер гана дешет. Миллиондогон жылдык «эволюция процессинде» бул аймактар бара бара функцияларын жоготкон гендерге айланган дешет. Бирок эч далилсиз айтылган бул көз-караш учурда жаңы илимий ачылыштар тарабынан кыйратылды. «Калдык ДНК» деп 5-6 жыл мурдага чейин илимпоздор функцияларын билбеген чоң ДНК жыйындыларын атап келишти. Ген деп атай албаган бул узун тизмектерди ошол кезде «junk DNA» (калдык/акыр-чикир/бош ДНК) дешчү. Бирок тескерисинче, ишке жарабайт деген бул бөлүмдөрдүн негизи өтө маанилүү функцияларды башкараары, иштеген бөлүктөрдү оңдоодо өтө чоң мааниге ээ экендиги аныкталды.145 Болгондо да, генетика илими ДНКнын функцияларын аныктоо боюнча изилдөөлөрдүн эң башында турат.
«Nature Genetics» журналынын 2002-жылдын 13-майындагы санында жарык көргөн бир макалада д-р Жон В. Моран менен командасы калдык ДНКнын кыймылдуу бөлүктөрүнүн геномго оңдоо кызматын көрсөтүүчү ДНК бөлүктөрү экенин айтышты.146 Булар геномдун айланасында кыймылдай алышат жана сөздөр менен байланыштуу операциялар учурунда «көчүрүү-койууга» (copy paste) окшогон бир процесс аркылуу өздөрүнүн копияларын чыгарышат. Бул өзгөчөлүк ДНКнын жуп спиралы бөлүнүп баштаганда абдан пайдалуу. Жуп спираль клеткага химикаттар аралашканда же кандайдыр бир басым болгондо жарылып, клетканын өлүмүнө себеп болушу мүмкүн. Калдык ДНК деп айтылган бөлүмдүн бул бөлүктөрү геномдун ичинде кыдырып жүрүшөт жана мындай бөлүнүүлөрдү аныкташат; анан өздөрүн бөлүнгөн жердин ортосуна кошуп, ал аймакты кайрадан бириктиришет.147
Эволюционист булактарда организмдердин кээ бир органдары эч бир ишке жарабайт деген пикирлер көп айтылат жана булар ал жандыктардын аталарынан мураска калып, бирок колдонулбаган органдар деп айтылат. Мисалы адамдагы аппендицит (appendiks) же куймулчак көп жылдар бою «керексиз орган (рудимент)» деп саналып келген. Бирок акыркы илимий изилдөөлөр бүт бул органдардын маанилүү функциялары бар экенин көрсөттү. Эволюционисттер 20-кылымдын башында чыгарган «керексиз органдар тизмеси» учурда толугу менен жокко чыгарылды. Эволюционист Скеддинг (Scadding) айткандай, «биология илими өнүккөн сайын, керексиз органдар тизмеси да барган сайын азайды» жана аягында жок болду.148 (тереңирээк маалымат алуу үчүн караңыз: Harun Yahya, Hayatın Gerçek Kökeni (Харун Яхья, Жашоонун чыныгы тамыры), Araştırma Yayıncılık). Ошол сыяктуу, эволюционисттер айткан «калдык ДНК» түшүнүгү, б.а. «ДНКнын көп бөлүгү ишке жарабайт» деген пикир да жаңы ачылыштар тарабынан жокко чыгарылды.
Адам геному долбоорунун жана башка генетикалык изилдөөлөрдүн натыйжасында гендердин белок өндүрүшү учурунда бири-бирине тынымсыз таасир берип тураары аныкталды. Бул өндүрүш учурунда бир гендин өз алдынча, башка ДНК бөлүмдөрүнөн көз-карандысыз иштебей тургандыгы аныкталды. Учурда илимдин жеткен чеги бир гендин иштеши учурунда, өзгөчө белокту коддоонун баштапкы баскычында, гендерди түзбөгөн ДНК бөлүктөрүнүн ал генди жөнгө салаарын көрсөттү. Ошондуктан, илимий изилдөөлөрдүн жыйынтыктарын жакшы билген эч бир илимпоз «калдык ДНК» түшүнүгүнө учурда эч маани бербейт.
Негизи ДНКнын калдык деп айтылган бөлүктөрүнүн тынымсыз кыймыл-аракет абалында болуп, азырынча белгисиз ар кандай функцияларды аткараары, эволюционисттер жактырбаса да, көптөн бери айтылып келген бир чындык эле. «Science» журналында 1994-жылы жарык көргөн «Калдык ДНК өз тилинде сүйлөп жатабы?» деген темалуу макалада149 Гарвард университетинин медицина факультетинин молекулярдык биологдору менен Бостон университетинин физиктери муну айтып чыгышкан. Ар түрдүү организмдерден алынган 50.000 база жубун камтыган 37 ДНК тизмегине жүргүзүлгөн изилдөөлөрдүн натыйжасында адам ДНКсынын 90%ын ээлеген «калдык» ДНКнын чындыгында өзгөчө бир тилде жазылганын айтышкан. Изилдөөлөр бул бөлүктөрдө бир тилге окшош өзгөчөлүктөр бар экенин тапкан. Алынган жыйынтыктардын негизинде «калдык» деп аталган ДНКнын эч бош эмес экенин айтышкан. «Калдык ДНКдагы тилдин ишараттары» аттуу макалада болсо Бостон университетинен Евгений Стэнлинин (Eugene Stanley) изилдөөлөрүндө ДНК тизмектеринде адам тилине окшош сыпаттагы маалыматтарды камтыган өзгөчөлүктөрдүн бар экендиги далилденген.150
ДНК тизмектеринин мурда 97%ынын калдык жана ишке жараксыз деп аталышынын себептеринин бири – албетте сабатсыздык эле. Кливленд университетинен эволюционист илимпоз Эван Эйхлер (Evan Eichler) муну мындайча мойнуна алган:
Калдык ДНК сөзү биздин сабатсыздыгыбыздын гана натыйжасы.151
Өзү да эволюционист Эрнст Майр (Ernst Mayr) болсо гендер жөнүндөгү маалыматтарынын аз экенине мындайча токтолот:
Илимди чектеген олуттуу бир жагдай – бул абдан комплекстүү системалардын иштешин түшүндүрүүдөгү кыйынчылык... Бул көз-караш абдан комплекстүү жана азырынча белгисиз болгон генетикалык маалыматтын жөнгө салуучу механизмдерине да тиешелүү.152
«Scientific American» журналынын 2003-ж. ноябрындагы санында жарык көргөн «Көрүнбөгөн геном: калдыктын арасындагы кооздуктар» аттуу макалада болсо Австралиянын Квинсленд (Queensland) университетинде молекулярдык биобилим институтунун башчысы Жон С. Мэттиктин (John S. Mattick) төмөнкү сөздөрү орун алган:
«Чечмелене албагандыктан, калдык деп аталгандар [гендер] чындыгында адамдын комплекстүүлүгүнүн негизи болуп калышы мүмкүн.»153
Молекулярдык биолог проф. Мэттик «интрон» деп аталган жана белок синтезине түздөн-түз катышпаган бул тизмектердин ролу жөнүндөгү туура эмес жоромолдорго мындайча токтолот:
Мунун [калдык ДНКнын] толук маанисин түшүнбөө... молекулярдык биологиянын тарыхындагы эң чоң каталардын бири болушу мүмкүн.154
«New Scientist» журналынын 2005-ж. 19-ноябрындагы бир макаласында болсо «калдык ДНКнын» маанисинин болжонгондон бир топ жогору болушу мүмкүн экендиги айтылат:
... кереметтүү абалда калдык ДНКнын гендердей –ал тургай, андан да жогору- бир мааниге ээ экендиги аныкталышы ыктымал... Калдык ДНКнын коюлган текчелерден кайра алынышына түрткү болгон, өзгөчө нерсе эмне? Геномдорду салыштыруудан бир далил келип чыгууда... Илимпоздор али чечмелей албаган өтө маанилүү маалыматты коддогон болушу мүмкүн. Бул болсо көбүрөөк ДНК, көбүрөөк маалымат сактоо жана комплекстүү организмдерди чыгаруу кубаттуулугу дегенди билдирет. Бир нерсе анык белгилүү. Гендерибиздин картасын чыгардык, демек эми калдыкты ачып баштоонун учуру келди.155
Адам геному долбоорунун башчысы, д-р Фрэнсис Коллинс болсо «калдык» ДНК деп аталган бөлүктөрдүн адамдар ойлогондой калдык эмес экенин айтат:
Көп убактан бери маалыматтын 95%ын калдык деп санап, көңүлгө албаганыбыз үчүн көңүлүм тынч эмес эле, себеби анын эмне функция аткараарын билчү эмеспиз. Кандай функция аткараарын билбегенибиз үчүн муну калдык деп атап келдик. Бирок бүт генетикалык маалымат алдыңызга коюлганда, биз «калдык» деп атаган материалдын негизи ишке жарактуу бир ДНК тизмеги экенин түшүнөсүз... Ушул себептен, менимче генетикалык маалыматтан «калдык» деген терминди алып салуу керек.156
Эволюционист генетиктер «калдык ДНК» деп аталган бөлүктөрдү эптеп мажбурлап, теорияларына бир далил катары көрсөтүүнү каалашты. Эволюционисттердин бул бөлүктөрдү «калдык» деп атап, маанисиз көрсөтүүгө аракет кылышы жана догмалык эволюция ишенимине ыңгайлаштырышы илимпоздордун «калдык» деп аталган бул бөлүктөрдү изилдешине көп жылдар бою тоскоол болуп келди. «Science» журналында бул жагдай мындайча айтылган:
Жагымдуулугуна карабастан, «калдык ДНК» түшүнүгү илимпоздорду көп жылдар бою коддобогон ДНКны изилдөөдөн алыс кармады. Геномдор менен туш келди алектенген кичинекей бир топтон тышкары, геном таштандысын кимдин изилдегиси келсин? Бирок, кадимки жашоодогу сыяктуу, илимде да бош убактысы бар, шылдың болуу рискине макул болгон жана популярдуу эмес тармактарды изилдегендер бар. Алардын урматында калдык ДНК көз-карашы, өзгөчө кайталанган бөлүктөр, 1990-жылдардын башында өзгөрүп баштады.157
Эволюция теориясынын илимий туюктарын көп эмгектеринде жарыялап келген д-р Пол Нельсон (Paul Nelson) болсо «Калдык сатуучусу эми калдык сатпайт» деген темалуу макаласында калдык ДНК түшүнүгү жөнүндө мындай дейт:
Карл Саган (Carl Sagan) «Shadows of Forgotten Ancestors» (Унутулган аталардын көлөкөлөрү) аттуу китебинде «генетикалык таштанды», ДНКдагы «ашыкчалар, кекечтенүүлөр (керексиз кайталоолордун) жана копия кылынбаган бош нерселер» жашоонун негизинде терең кемчиликтер бар экенин далилдейт деген. Мындай жоромолдор мурда биология китептеринде көп кездешчү, бирок эми мындай жоромолдор айтылбай калды. Эмне үчүнбү? Себеби эми генетиктер «генетикалык таштанды» деп аталган бөлүктөрдүн функцияларын ачышууда.158
Хелен Пирсон (Helen Pearson) «Калдык ДНК өтө маанилүү бир рольду аткарууда: түшүнүксүз генетикалык тизмектер өтө маанилүү окшойт сыягы» деген темалуу макаласында мындай дейт:
Илимпоздор ичи сырга толо, бүт омурткалуулардын өмүрүн улантышында абдан чоң рольду ойногон ДНК бөлүктөрүнөн турган бир коллекцияны карап, табышмактын жандырмагын издешүүдө. Бирок булардын функциялары толугу менен белгисиз... бул бөлүктөр эч бир белок коддобогон геномдун кенен бөлүктөрүндө жайгашкан. Бул бөлүктөрдүн болушу көбүнчө «калдык ДНК» деп аталып маани берилбеген бул аймактардын маанисинин адамдар ойлогондон бир топ жогору болушу мүмкүн экенин көрсөтүүдө.159
«Perlegen илимдери» фирмасында ДНКнын калдык деп аталган бөлүктөрүн изилдеген д-р Келли А. Фрейзер (Kelly A. Frazer) «Бул [табылгалар] адамдардын кызыгуусун ойготот. Бул адамдарды таң калтыруучу нерселерден.» десе, «Cambridge Broad» институтунан генетик Керстин Линдблад-Тох (Kerstin Lindblad-Toh) жүргүзүлгөн изилдөөлөр жөнүндө «булар айсбергдин үстү гана» дейт.160
ДНКнын ачыла элек бөлүктөрү Жаратуучунун кереметтеринин бири
ДНКнын копиясын алып жүрүүчү кабарчы РНК эки негизги бөлүктөн турат. Алар: «экзон» деп аталган белок коддоочу бөлүктөр жана «интрон» аттуу белок коддобой турган бөлүктөр. Интрондор – бул, аткарган кызматтары жаңы гана белгилүү боло баштаган узун ДНК тилкелери. Кабарчы РНКдагы белок коддобой турган жана ортого кошулган бул бөлүктөр кескич ферменттер тарабынан кесилип, ортодон чыгарылып салынат. 1977-жылы ачылган интрондор белок коддоочу буйруктардын арасына киргени үчүн, башында «ортого кирүүчү (intervening) гендер» деп аталышкан. «Science» журналында жарыяланган «Калдык ДНКда казына аңчылыгы» аттуу макалада айтылгандай, учурда интрондор «клетканын жашоосунда өтө маанилүү роль ойногон ДНКнын башка бир бөлүгүнүн комплекстүү аралашмасы» деп кабыл алынууда.1 Ошондой эле, макалада интрондордун функцияларынын ачылышы менен бирге, булар ракты дарылоодо шишикти аныктагыч катары колдонулушу мүмкүн деп айтылат. Интрондордун өзгөрүшүнүн рактын пайда болушу менен түздөн-түз байланышы бар экенин аныктаган илимий ачылыштар интрондордун адамдын жашоосунда чоң роль ойноорун көрсөтүүдө.
1- R. Nowak, “Mining Treasures from 'junk DNA”, Science, 1994, cilt 263, s. 608; Jerry Bergman, “The Functions of Introns: From Junk DNA to Designed DNA”, 18 Kasım 2001; http://www.rae.org/introns.html
Бул ачылыштарга карабастан, эволюционисттердин көпчүлүгү эволюцияга далил көрсөтүү үчүн «калдык ДНК» түшүнүгүн көпкө чейин жактап келишти. Бирок, эволюционисттер эволюция теориясына далил катары колдонууну көздөгөн «калдык ДНК» түшүнүгү да жок болду. ДНК жөнүндөгү көптөгөн изилдөөлөр бул ДНК бөлүктөрүнүн өтө чоң мааниси бар, керектүү, пайдалуу ДНК бөлүктөрү экендигин далилдеди. Ошентип илим адабиятына дарвинисттердин дагы бир одоно жаңылыштыгы кошулду.
Митохондриялык Обо (Ева) гипотезасынын
жараксыздыгы
Клетканын ичиндеги белоктордон турган митохондрия бир электрдик станция сыяктуу иштейт жана клеткага керектүү энергияны өндүрөт. Бул станцияларда азыктардан алынган химиялык энергиялар клетка колдоно ала турган ATP деп аталган энергия пакеттерине айландырылат. Клетканын ичиндеги жашоону камсыз кылган бүт иш-аракеттер митохондрияларда өндүрүлгөн ушул энергияга пакеттери аркылуу ишке ашат. ДНК клетка ядросунан тышкары, энергия өндүрүү борборлору болуп саналган митохондрияларда да болот.
Митохондрияларда митохондриялык ДНК (mtDNA) орун алат. Эволюционисттер митохондриялык ДНКлардын тукум куучулук аркылуу ар түрдүү болушун «эволюция» деп жоромолдошот жана бул гипотезаны «молекулярдык саат» деп аталган башка бир гипотеза менен бириктиришет. 1965-жылы чыгарылган «молекулярдык саат» гипотезасы боюнча, нуклеотид менен белоктордун тизмегинде белгилүү убакыт аралыктары менен өзгөрүүлөр болуп турат. Бул гипотезага таянып, организмдердеги mtDNA өзгөрүүлөрүн анализ кылуу аркылуу, алардын орток бир атадан качан бөлүнүп чыкканын аныктоого болот деп кабыл алынган.
Бирок муну «mtDNA'да организмдерди белгилүү убакыт аралыктары менен өзгөрүүгө дуушар кылып туруучу бир саат механизмасы жайгашкан» деп түшүнбөш керек. Бир жандыктын фоссилге (калдыкка) айланган сөөктөрүнөн ДНК молекулаларын табууга болбойт, анткени бул молекулалар абдан бат бузулат. Ошондуктан ДНК молекуласына таянып табият тарыхын изилдөөгө болбойт. Бул анализдер – эволюционисттердин организмдердин тарыхын өздөрүнүн гипотезаларына мажбурлуу түрдө ылайыкташтыруу аракеттери гана.
Эволюционисттер бул гипотезага таянып, эволюция санжыра дарагынын кайсы күнү, каерден башталганын аныктоого аракеттенишкен. Митохондриялык ДНКдагы ар түрдүүлүк эң көп африкалыктарда кездешкендиктен, алардын урпагы эң байыркы деп чечишкен. Мунун натыйжасында «учурда жашаган бүт адам расалары 130.000 жыл мурда Африкада жашаган бир аялдан төрөлгөн, ал аял болсо «эволюция» аркылуу пайда болгон, хомо сапиенстин алгачкы өкүлү болгон» дешкен.
Бул аял менен байланыштуу божомолдор митохондриялык ДНК анализдерине таянгандыктан, бул ойдон чыгарылган аял «митохондриялык Обо» деп аталган. Бирок бул эмгекте колдонулган ыкманы объективдүү илимий көз менен караганда, алгачкы адамдардын тарыхын же географиялык ордун аныктоодо колдонууга болбой турган ыкма экенин оңой эле көрүүгө болот. Эволюционисттер таянган гипотезалар – далилденбеген, эксперимент жана байкоолор менен тастыкталбаган көз-караштар гана. Бул гипотезанын илимий бир мааниси жок экенин учурда эволюция теориясын жактаган көп илимпоздор да кабыл алышууда.
Белгилүү «Nature» журналынын редакторлор кеңешинен Генри Джи (Henry Gee) «Африка бейишинин үстүндөгү статистикалык булут» аттуу макаласында митохондриялык ДНК (mtDNA) жөнүндөгү изилдөөнүн жыйынтыктарын «сандырактык, маанисиз маалымат» деп баалаган.161 Джинин макаласында колдогу 136 mtDNA сериясынын негизинде сызууга боло турган санжыра дарактарынын санынын 1 миллиарддан ашаары айтылган. Башкача айтканда, жогоруда айтылган изилдөөдө 1 миллиарддай туш келди санжыра дарагы көрмөксөн болунуп, шимпанзе менен адамдын «орток эволюциялык» тарыхы бар деген гипотезага ылайыктуу бир санжыра дарагы тандалып алынган.
Эң биринчиден, бүт бул гипотезалар эволюция теориясына эч кандай илимий далил болбойт. Мисалы, «молекулярдык саат анализи боюнча, адам менен шимпанзе 10 миллион жыл мурда бири-биринен бөлүнгөн болушу керек» деп айткан бир эволюционист алдын-ала эле «бул эки жандык эволюциялык жактан тууган» деген ишенимге далилсиз ишенип алган. Бул жерде бул кишилер «туюк бир айлампанын» ичинде ой жүгүртүшүүдө, жана негизсиз гипотезаларга таянган мындай эмгектер убакыт жоготуудан башка эч нерсеге жарабайт.
Вашингтон университетинен генетик Алан Темплтон (Alan Templeton) ДНК серияларына таянып, адамдын тамырынын тарыхын жазууга болбой тургандыгын айткан. Себеби ДНКлар адам коомдорунун арасында абдан аралашып кеткен.162 Бул абал математикалык жактан каралганда, «санжыра дарагында жалгыз бир адамга тиешелүү mtDNA'ны да айырмалоого болбойт» деген мааниге келет. Бул гипотезанын ээлери да жаңылыштыктарын моюндарына алышкан. 1992-жылы бул изилдөөнү кайталап көргөн топтун арасынан Марк Стоункинг (Mark Stoneking) (Пенсильвания штаттык университети) «Science» журналына жазган бир катында «Африкалык Обо» пикиринин жараксыз экенин кабыл алган.163
Мындан тышкары, митохондриялык ДНК анализи «митохондрия эне жагынан гана берилет, ошондуктан митохондриялык ДНК бөлүктөрүндөгү өзгөрүүлөрдү эне, тайэне, чоң тайэне ж.б. каналы аркылуу эң байыркы атага чейин изилдөөгө болот» деп кабыл алынып жасалат. Бирок митохондрия энеден гана берилет деген көз-караш учурда бир жомок гана. Себеби митохондриянын атадан да берилээрин көрсөткөн илимий далилдер бар. Атактуу «New Scientist» журналында чыккан «Митохондрия энеден да, атадан да берилет» деген темалуу макалада даниялык бир оорулуунун митохондрияларынын 90%ын атасынан алганы айтылган. Демек эволюция сценарийлерине колдоо катары көрсөтүлгөн бүт mtDNA изилдөөлөрүнүн чындыгында эч бир мааниси жок экендиги көрүнүп турат. «New Scientist» журналында бул мындайча айтылат:
Эволюция биологдору түрлөрдүн бири-биринен бөлүнүшүнө митохондриялык ДНК тизмектериндеги айырмачылыктарга таянып дата белгилешкен. Митохондриялык ДНКнын кээ-кээде болсо да атадан берилиши изилдөөлөрүнүн көпчүлүгүн жараксыз кылууга жетиштүү болот.164
Белгилүү «Nature» журналы эволюционист бир журнал болгонуна карабастан, бул ачылыштардын «митохондриялык ДНК гипотезаларын жараксыз кылаарын» моюнга алган:
Митохондриянын берилишинде атадан өтүүчү ДНК ыктымалдыгы тарыхтан мурдакы окуяларга убакыт коюуда адамдын митохондриялык ДНКсынан пайдаланылган көптөгөн эволюциялык жана молекулярдык антропологиялык эмгекти кайрадан карап чыгуу керек деген мааниге келиши мүмкүн.165
![]() |
A. КЛЕТКА
1. Хромосома, 2. Ядро, 3. Митохондрия, 4. Ядролук ДНК, 5. Митохондриялык ДНК.
ДНК клетканын ядросунан тышкары, энергия өндүрүүчү борборлор болуп саналган митохондрияларда да болот.
|
«Annals of Human Genetics» журналында чыккан бир макалада болсо бүгүнкү күнгө чейин жарык көргөн бүт митохондриялык ДНК анализдеринин жарымынан көбүнүн туура эмес экендиги айтылган.166 Анда айтылышынча, эволюционисттер колдонгон митохондриялык ДНК маалымат базалары туура эмес алынган маалыматтарга таянган. Петер Форстер (Peter Forster) аттуу изилдөөчү аныктаган бул жагдайды «Nature» журналы мындайча жарыялаган:
Каталар ушунчалык көп, генетиктер адам популяциялары жана эволюция жөнүндөгү изилдөөлөрдө туура эмес жыйынтыктарга барышууда... эволюция дарактары жөнүндөгү туура эмес изилдөө ыкмасы бул каталардын болжонгондон көп экенин көрсөтүүдө.167
Ошентип, Форстердин бул жыйынтыгы менен бирге эволюционисттер тарабынан изилдөөлөрдө колдонулган статистикалык маалыматтардын ишенимсиздиги дагы бир жолу тастыкталды. Көрүнүп тургандай, учурда жашаган адамдардын гендерине карап, толугу менен туура эмес бир ыкма менен жасалган жана эволюционисттик стереотиптер менен гана жоромолдонгон генетикалык анализдер эволюцияга бир далил боло албайт. Митохондриялык ДНК анализдеринин логикасыздыгын далилдеген так илимий далилдер бул тармактагы эволюционист көз-караштарды жокко чыгарууда. Эволюциялык бир процесс тарыхта эч качан болбогондуктан, ар бир эволюционист өз оюнан бир сценарий чыгарууда. «Митохондриялык Обо» гипотезасы болсо – оор соккуларды алып, илим тарыхына көмүлгөнү калган эволюция теориясын күч менен сактап калуу аракеттеринин бири.
Өзүмчүл ген, аң-сезимдүү ген
көз-караштарынын жараксыздыгы
Дарвинисттердин ойдон чыгарылган көз-караштарынын дагы бири – бул «өзүмчүл ген теориясы (ген тандалуу теориясы)». Бул теория боюнча, белгилүү ген түрлөрү өмүрүн улантууга жана көбөйүүгө туруктуураак организмдерди жасоо же өнүктүрүү аркылуу, өздөрүнүн өмүрүн улантуу мүмкүнчүлүгүн өстүрүшөт. Ошондуктан «өзүнүн гендерин кийинки урпактарга жакшыраак өткөрө ала турган өсүмдүк, жаныбарларды чыгара алган ген түрлөрү дүйнөгө өкүмчүлүк кылат» деп айтылат.168
Теориянын жараксыздыгына өтүүдөн мурда, теорияны кыскача карай кетүү керек. «Ген тандоочулугу» философтор «редукционизм» деп атаган ой жүгүртүүнүн бир мисалы. Редукционисттер, адам акылын да кошо, бүт нерсени затка таяганга болот дешет. Бирок мурдакы бөлүмдө терең каралгандай, «жашоо заттан гана турат» деген көз-караш чоң жаңылыштык. Ошондуктан бул философияны адамга тууралаган, эволюция теориясынын күчтүү жактоочусу Ричард Доукинстин (Richard Dawkins) бул теориясы да туура эмес, ал тургай, сандырактык. Доукинстин ою боюнча: «биз өмүрдү улантуучу машиналарбыз, гендер деп аталган өзүмчүл молекулаларды коргоо үчүн сокур кылып программаланган робот каражаттарбыз.»169 Ричард Доукинс "The Selfish Gene" (Өзүмчүл ген) аттуу китебинде бүт организмдер негизи «өзүмчүл, өз кызыкчылыгын ойлогон жана өзүн көбөйтүп өмүрүн улантууга аракет кылган гендерден гана турат» жана «жашоонун жалгыз максаты – бул ДНКнын өмүрүн улантышы» дейт. Бирок бул көз-караштын эч бир илимий негизи жок, жана абдан акылсыз бир гипотезага, тагыраак айтканда гендердин бир акылы, аң-сезими жана ал тургай «кулк-мүнөзү» бар деген гипотезага таянат. Бул – учурдагы материалист редукционизмдин канчалык туура эмес жыйынтыктарга барышы мүмкүн экендигинин бир көрсөткүчү.
Бул гипотезанын аңкоолугун көрүү үчүн гендердин эмне экенин эстөө эле жетиштүү болот: гендер – бул бири-бирине туташып, өзгөчө бир «кабаттоо жана пакеттөө» ыкмасы менен кысылган ДНК бөлүктөрү. ДНК болсо, мурдакы бөлүмдөрдө терең каралгандай, белгилүү маалыматтарды коддогон, бири-бирине уланган узун ири бир молекула. Албетте, сокур жана аң-сезимсиз атомдордун биригишинен турган бир молекула «өзүмчүл» боло албайт, «өзүн көбөйүү аркылуу көбөйтүүнү максат кыла албайт» же башка бир пландуу максат түзө албайт. ДНК – негизи бир атомдор тизмеги, жана эч бир атомдун акылы, аң-сезими жана «өзүмчүлдүк сезими» жок. Ошондуктан Доукинс чыгарган «өзүмчүл ген» гипотезасы акылга жана илимге сыйбаган бир жомок гана.
Австралиялык илимпоз Люси Г. Салливан (Lucy G. Sullivan) Доукинсти «жазгандарынын жасалма-илимий теориялардын бутактанышына жол ачканы жана адабияттын темасы боло турган темалардын илимге киришине себепчи болгону» үчүн сындаган.170 Гарвард университетинен эволюция генетиги Ричард Левонтин (Richard Lewontin) Доукинсти «базарда жалган жомокторду саткан же чындыкка туура келбес пикирлерди айткан» авторлордун арасына кошкон:
Жетиштүү далилге таянбаган пикирлер илим литературасын, өзгөчө популярдуу илим литературасын толтурууда. Карл Сагандын «илимдин популярдашуусуна салым кошкон эң мыкты заманбап жазуучулар тизмегине» Е. О. Уилсон, Льюис Томас жана Ричард Доукинс кирген; булардын баары базарда саткан жомокторунун арасына тастыкталбаган же чындыкка карама-каршы пикирлерди кошуп коюшкан.171
Доукинс өзү да бир жактуулук кылганын, гипотезасынын илимий бир гипотеза эмес экенин моюнга алуу менен булардын баарын пропаганда максатында жасаганын билдирүүдө. «The Extended Phenotype» (Кеңейтилген фенотип) аттуу китебинин биринчи бетинде мындай деп жазат:
Бул эмгегим уятсыз бир жактуулук. Жаныбар жана өсүмдүктөргө кароо жана кылгандарын эмне үчүн кылганына кызыгуу үчүн белгилүү бир ыкманы жактагым келип жатат. Мен жактаган нерсе – жаңы бир теория, тастыктала турган же жокко чыгарыла турган жаңы бир гипотеза, же болбосо божомолдору менен ишке жарай турган бир модель дагы эмес.172
Эволюционисттер адамдын рухунун бар экенин кабыл алгылары келбегендиктен, адамды бир зат жыйындысы катары гана көрүшөт, жана ошондуктан бул зат жыйындысынын бир жерине кандайдыр бир жол менен аң-сезим таңуулоого аракет кылышат. Алардын гендерге аң-сезим таңуулай турганчалык сандырак бир пикирди ойлоп чыгарышы болсо канчалык кыйын абалда калгандыгынын бир көрсөткүчү. Илгери «тактадан же таштан жасалган путтарда (идолдордо) акыл жана аң-сезим бар» деп ойлогон путпарасттардын ордун бүгүн «молекулаларда, ал молекулаларды түзгөн жансыз атомдордо акыл менен аң-сезим бар» деп ойлогон эволюционисттер ээледи.
Бул жалган ишенимдин натыйжасында зордук, зомбулук, зордуктоо, кол салуу, жырткычтык, кызганычтык сыяктуу мүнөздөр адамдарга «айбан» аталарынан мураска калган жана мындай иштер эволюциянын табигый бир натыйжасы деп айтылууда. Бул пикирдин түбүндө болсо «адам гендерден турган бир машина, гендер болсо аң-сезимдүү бир нерсе сыяктуу тынымсыз «эволюциялануу жана өмүрүн улантуу» максатын көздөйт» деген эволюционист бир жалган ишеним турат.
Бир китеп «өзүмчүл» болуп, «өзүн төрөө жолу менен көбөйтүүнү максат кыла албайт» же кандайдыр бир аң-сезимге ээ боло албайт; ошол сыяктуу эле ДНКнын да андай болушу мүмкүн эмес. Себеби ДНК – аң-сезимсиз жана жансыз атомдордон турган бир молекула чынжыры, жана эч бир молекуланын акылы, аң-сезими жок. Мындан тышкары, израилдик илимпоз Жеральд Л. Шредер клетканын бөлүнүп ДНКсын беришин, алар жактагандай өзүмчүлдүк эмес, жан аябас бир иш-аракет экенин айткан:
Мейоз бөлүнүүнүн чечилбеген тараптарынын бири – бул клетканын жан аябас табияты. Бир клетка эмне үчүн хромосомалык маалыматынын жарымынан баш тартып, өндүрүлө турган клетканын өзүнүн копиясы болбошуна кепилдик берген бир келишимге өз каалоосу менен катышсын? Мен бул жан аябастыкты өзүн-кыйратуунун бир ишараты деп ойлойм. Себеби бир «ата-эненин» хромосомаларын башка бирөөнүн хромосомалары менен аралаштырышы, ата-эне балада кайрадан толугу менен жашабаганы үчүн, кандайдыр бир мааниде өзүн-кыйратуу деген мааниге келет. Бүтүндөй өзүмчүл болгон бир клетканын бул жерде да өзүмчүлдүк кылышы эч таң калыштуу болмок эмес... Индивид мейоз бөлүнүүдөн эчтеке утпайт.173
Ошондуктан өзүмчүл ген көз-карашы такыр чындыкка жатпайт жана бул көз-караш бир кыялдануу гана. Адамдарды «айбан» деп сыпаттаган, бир адамды «гендерин сактап, кийинки урпакка өткөрүп берүү» милдетин аткаруучу бир «робот» сыяктуу гана көргөн дарвинисттик көз-караш 20-кылымда зомбулуктардын, геноциддердин, заалымдыктардын, адеп-ахлактык бузулуунун да абдан кеңири жайылышына себепчи болду. Себеби бул көз-караш бүт заалымдыктарга, зомбулуктарга, адеп-ахлаксыздыкка жалган «илимий» фундамент болуп берди. 20-кылымдын эң чоң кыргындарын жасаган Гитлер да өзүнө дарвинизмди таяныч катары көрсөткөн. Ойдон чыгарылган «жогорку расадан» башка расалардын жашашы кажет эмес деп, аларды өлтүрүүнү айбандарды өлтүрүүгө теңеген Гитлердин бүт заалымдык, зомбулуктарына колдоо көрсөткөн да дарвинизм болгон.
Адамдар генетикалык жактан зомбулукчу, таш боор, атаандашууну жакшы көргөн, өзүмчүл, киши өлтүргүч болушу мүмкүн деген ойду жактаган дарвинизм көз-карашы бүт кылмыштарды кадыресе көрсөтүү үчүн колдонулууда. Ар бир адам Аллах ага үйлөгөн рухту алып жүрөт жана аны жоктон жараткан Раббибиздин алдында жоопкерчиликтүү. Аллах Куранда өзүн ээнбаш элестеткендерге кантип жаралышканын жана өлүмдөн кийин кайрадан тирилтилээрин мындайча эскерткен:
Адам «өз башымча жана жоопкерчиликсизмин» деп ойлойбу? Өзү куюлган бел суудан (спермадан) бир тамчы суу эмес беле? Анан бир алак (эмбрион) болду, анан (Аллах аны) жаратты жана бир «көрктүү келбет берди.» Ошентип андан эркек жана аял кылып жуп жасады. (Демек Аллах) Өлүктөрдү тирилтүүгө кудуреттүү эмеспи? (Кыямат Сүрөсү, 36-40)
![]() |
Айткын: Адамдардын Раббисинен коргоо тилеймин. Адамдардын Малигинен (Падышасынан), Адамдардын (чыныгы) Кудайынан.
(Нас Сүрөсү, 1-3) |
Жыйынтык
Илим тармактары идеологиялык кооптонуулардан арылып, эволюционисттердин бир жактуу жоромолдорунан көз-карандысыз иш-аракет жүргүзсө, албетте, ылдам өнүгүп баштайт. Логика, акыл жана илим көрсөткөн багыттагы чындыктар эске алынса, жашоонун (жандуу организмдердин) келип чыгышы «кокустук» көз-карашына негизделбестен изилденсе, «аалам жана жашоо кантип пайда болду» деген суроонун апачык жообун заматта табууга болот. Бул чыныгы илимдин жолун ачып, илимий өнүгүүлөрдү ылдамдатат жана жасалма далилдерди ойлоп чыгаруу үчүн эмгек, убакыт, акча коротулбайт. Жана илим «кокустук», «туш келди», «өзүнөн-өзү» дегенге окшогон логикасыз, карама-каршылыктарга толо түшүнүктөрдү, сандырак пикирлерди жактоо сымал пайдасыз максаттардан кутулат. Бир аятта Раббибиз мындай деп кабар берет:
«Жана, албетте, бизден Мусулмандар да бар, зулумдук кылгандар дагы. (Аллахка) Моюн сунгандар; алар «чындыкты жана туураны» изилдеп-тапкандар.» (Жин Сүрөсү, 14)
Булактар:
145. http://www.eurekalert.org/pub_releases/2002-05/uomh-pop051002.php
146. Denyse O'Leary, By Design or By Chance?, Castle Ovay Books, Kanada, 2004, s. 235.147. Denyse O'Leary, By Design or By Chance?, Castle Ovay Books, Kanada, 2004, s. 235.
148. S. R. Scadding, "Do Vestigial Organs Provide Evidence for Evolution?", Evolutionary Theory, cilt 5, Mays 1981, s. 175.
149. Elizabeth Pennisi, "Does Nonsense DNA Speak Its Own Dialect?", Science News, cilt 164 , 10 Aralk 1994.
150. Michael J. Denton, Nature's Destiny, Free Press, New York, 1998, s. 290; ["Mining Treasures form Junk DNA", Science, 4 Şubat 1994; "Hints of a Language in Junk DNA", Science, 25 Kasım 1994].
151. Gretchen Vogel, " Objection #2: Why Sequence the Junk?", Science, cilt 291, no. 5507,16 Şubat 2001, s. 1184.
152. Ernst Mayr, This is Biology, The Science of the Living World, The Belknap Press of Harvard University Press, 7. baskı, ABD, 1999, s. 105.
153. W. Wayt Gibbs, "The Unseen Genome," Scientific American, Kasım 2003, s. 53.
154. W. Wayt Gibbs, "The Unseen Genome," Scientific American, Kasım 2003, ss. 49-50.
155. "The Word: Junk DNA", New Scientist, 19 Kasım 2005.
156. Francis S. Collins, "Faith and the Human Genome Project", Perspectives on Science and Christian Faith, cilt 55, no. 3, Eylül 2003, s. 147.
157. Wojciech Makalowski, "Not Junk After All", Science, 23 Mayıs 2003, cilt 300, no. 5623, ss. 1246-1247.
158. Paul Nelson, "The Junk Dealer Ain't Selling That No More", 1997; http://www.arn.org/docs/
odesign/od182/ls182.htm#anchor569108
159. Helen Pearson, "'Junk' DNA reveals vital role: Inscrutable genetic sequences seem indispensable", 7 Mayıs 2004; http://www.bioedonline.org/news/news.cfm?art=956
160. Helen Pearson, "'Junk' DNA reveals vital role: Inscrutable genetic sequences seem indispensable", 7 Mayıs 2004; http://www.bioedonline.org/news/news.cfm?art=956
161. Henry Gee, "Statistical Cloud over African Eden", Nature, 13 Şubat 1992, cilt 355, s. 583.
162. Marcia Barinaga, "'African Eve' Backers Beat a Retreat", Science, 7 Şubat 1992, cilt 255, s. 687.
163. S. Blair Hedges, Sudhir Kumar, Koichiro Tamura, Mark Stoneking, "Human Origins and Analysis of Mitochondrial DNA Sequences", Science, 7 Şubat 1992, cilt 255, ss. 737-739.
164. Danny Penman, "Mitochondria Can Be Inherited From Both Parents", New Scientist, 23 Ağustos 2002; http://www.newscientist.com/news/news.jsp?id=ns99992716
165. Eleanor Lawrence, "Fathers Can Be Influential Too", 18 Mart 1999: http://www.nature.com/nsu/990318/990318-5.html
166. P.M. Forster, "To Err is Human", Annals of Human Genetics, Ocak 2003, cilt 67, no. 1. ss. 2-4.
167. Carina Dennis, "Error Reports Threaten to Unravel Databases of Mitochondrial DNA", Nature, 20 Şubat 2003, cilt. 421, ss. 773-774.
168. Phillip E. Johnson, Defeating Darwinism by Opening Minds, InterVarsity Press, Illionis, 1997, s. 69.
169. Phillip E. Johnson, Defeating Darwinism by Opening Minds, InterVarsity Press, Illionis, 1997, ss. 69-70.
170. http://www.arn.org/docs/odesign/od171/ls171.htm
171. Richard Lewontin, "Billions and Billions of Demons", review of "The Demon-Haunted World: Science as a Candle in the Dark" by Carl Sagan, New York Review, 9 Ocak 1997, ss. 28-32.
172. Richard Dawkins, The Extended Phenotype, W. W. Norton, New York, s. 1.
173. Gerald L. Schroeder, Tanrı'nın Saklı Yüzü, çev. Ahmet Ergenç, Gelenek Yayınları, İstanbul, 2003, ss. 80-81.
Hiç yorum yok:
Yorum Gönder