24 Ocak 2017 Salı

ДҮЙНӨНҮН ЭҢ АЛДЫҢКЫ КОПИЯЛОО ТЕХНОЛОГИЯСЫ

Жашооңуз толук кандуу уланышы үчүн клеткаларыңызда күнү-түнү, сизге эч сезилбестен, кереметтүү бир кылдаттык жана жоопкерчилик сезими менен, сансыз процесстер ишке ашат. Алардын бири – адамдын өрчүшүн, кыртыштарынын оңдолушун камсыз кылуучу клетканын бөлүнүү процесси. Клеткалардын бөлүнүп көбөйүшүнө, жабыркаган кыртыштардын оңдолушуна жана бул процесстерде ар бир жаңы клеткага генетикалык маалыматтын берилишине ДНКнын копиялана алуу касиети шарт түзөт.
Адамдын денесиндеги бүт клеткалар бөлүнүп көбөйөт. Ар бир бөлүнүү учурунда клетканын ядросундагы ДНК өтө таң каларлык мыкты бир уюшкандык жана дисциплина менен копияланат. Адамдын денеси бир клеткадан экиге бөлүнөт жана бул бөлүнүү 2-4-8-16-32... катышы менен көбөйүүнү улантат. Клетка бөлүнүп жатканда жаңы клетка үчүн ДНКнын бир копиясын алуу керек болот. ДНК клетка бөлүнөөрдөн бир аз мурда өзүнүн бир копиясын жасап, аны жаңы клеткага берет.
Клетканын бөлүнүү процессине жүргүзүлгөн байкоолор боюнча, клетка бөлүнөөрдөн мурда белгилүү бир чоңдукка жетиши зарыл. Ал чоңдуктан өткөндө, бөлүнүү процесси программанын негизинде башталат. Клетканын формасы бөлүнүүгө ыңгайлашып чоюлуп баштаганда, ДНК да өзүн копиялайт.
Мунун мааниси мындай: клетка бир бүтүн бойдон бөлүнүү «чечимин чыгарып», клетканын ичиндеги бөлүктөр бул бөлүнүү чечиминин негизинде ишке киришишет. Клеткада мындай коллективдүү бир ишти жасай турган жөндөм өзүнөн-өзү эч качан пайда болуп калбайт. Бөлүнүү процесси Аллахтын буйругу менен башталат жана ДНК баш болуп клетканын бүт бөлүктөрү ошого жараша иш-аракет кылышат.

Ичинде 3 миллиард тамгалык бир маалымат базасын камтыган ДНК молекуласы спираль формасындагы бир тепкичке окшошот. Копиялоо иши башталганда алгач «ДНК-геликаза» аттуу фермент керектүү жерге келип, ДНКнын спираль формасын бир сыдырма сыяктуу ачып баштайт. Мунун натыйжасында ДНКнын спираль формасында бири-бирине оролгон колдору (тилкелери) экиге бөлүнөт. «ДНК-геликаза» дайыма өз убактысында кызматка келет жана өз милдетин эч кемчиликсиз, адашпастан жана ДНКга эч зыян тийгизбестен аткарат.


1. Копиялоо айрысы; 2. ДНК-полимераза; 3. РНК-праймер; 4. Праймаза; 5. Оказаки фрагменттери жасалууда; 6. ДНК-лигаза; 7. ДНК-полимераза; 8. Копиялоонун багыты.
A) Геликазалар ДНК спиралын ачышат.
B) Бир тилкеге жабышкан белоктор ажыраган ДНКны бекем кармашат.
C) Алдыңкы тилке тынымсыз ДНК-полимераза тарабынан октордун багытында синтезделет.
D) Праймаза ферменти кыска бир РНК-праймер тилкесин синтездейт. Бул тилке андан соң ДНК-полимераза тарабынан кеңейтилет.
E) ДНК-лигаза бөлүктөрдү калыптанып жаткан тилкеге туташтырат.

ДНКнын копияланышында кызмат кылган бүт мүчөлөр Аллахтын буйругуна моюн сунушат жана Аллахтын аларга берген жөндөмү менен ушундай кемчиликсиз жана өтө маанилүү бир процессти орундата алышат.


ДНК молекуласы ошентип эки тилкеге бөлүнөт. Эмки кезек «ДНК-полимераза» ферментинде. Бул ферменттин кызматы ДНКнын экиге бөлүнгөн тилкелерин жаңы бир тилке менен толуктоо. Ал үчүн ДНКнын ар бир тилкесиндеги ар бир маалыматтын тушуна ага туура келүүчү маалыматты таап алып келет. Бул абдан кереметтүү көрүнүш. Атомдордон турган, аң-сезими жана акылы жок бир фермент ДНКнын жарым тарабын толуктоо үчүн керектүү маалыматтарды аныктап, аларды клетканын ичиндеги турган жеринен алып керектүү орундарга жайгаштырат. Бул жумуш учурунда кичинекей да ката кетирбестен, 3 миллиард тамганы бир-бирден эң туура аныктап, ДНКны толуктайт. Ал ортодо башка бир полимераза ферменти болсо ДНКнын экинчи жарымын ушул сыяктуу толуктайт. Бул процесстер жүрүп жатканда, ДНК спиралынын бөлүнгөн эки тилкеси бири-бирине кайрадан оролуп калбашы үчүн «спиралды кармоочу ферменттер» ДНКны учтарынан кыймылдатпай кармап турушат.
Ошентип эки ДНК тилкесинин тең экинчи жарымы ошол жердеги даяр материалдар менен толукталып, эки жаңы ДНК молекуласы пайда болот. Бул операциянын ар бир баскычында фермент деп аталган, жогорку технологиялуу роботтордой иштеген адис белоктор кызмат кылышат. Ошондой эле, бул баскычтар учурунда ишке ашкан, өзүнчө бир китептин темасы боло тургандай кенен, көптөгөн абдан комплекстүү процесстер бар.

1. Аденин; 2. Цитозин; 3. Тимин; 4. Гуанин; 5. Куралган жаңы тилке; 6. Жаңы базалар; 7. ДНК жуп спиралы; 8. ДНК ажырап жатат.

Клетканын формасы бөлүнүүгө ылайыкташып созулуп баштаганда, ДНК да өзүн копиялайт. Клетка бүтүн бойдон бөлүнүү «чечимин чыгарат». Клетканын ичиндеги бүт бөлүктөр бул бөлүнүү чечимине баш ийишет. Клетканын мындай коллективдүү бир жумушту өз алдынча жасай албашы анык. Бөлүнүү, копиялоо процесстеринин ар бир этабы бүт нерсени башкарган Улуу Аллахтын буйругу менен башталып, Аллахтын буйругу менен ишке ашат.
Копиялоо учурунда келип чыккан жаңы ДНК молекулалары көзөмөлдөөчү ферменттер тарабынан көп жолу текшерилет. Кетирилген бир ката болсо (мындай ката абдан маанилүү болушу мүмкүн), ылдам аныкталып, оңдолот. Катасы бар код жулуп салынып, ордуна туурасы алынып келип, жабыштырылат.
ДНКнын түзүлүшүн ачкан илимпоздор Жеймс Уотсон менен Фрэнсис Крик 1950-жылдары «Кемчиликсиз биологиялык принцип» деп аталган копиялоо процессин абдан жөнөкөйлөтүшкөн эле. Бирок учурда ДНКнын өзүн копиялоо процессинин илимпоздорду айран-таң калтырган комплекстүүлүктө экендиги аныкталды. ДНКнын кичинекей бир тилкесин копиялоо үчүн да сөзсүз жыйырма түрдүү белок жана ферменттер талап кылынат.88 Проф. Вернер Гитт копиялоодогу кемчиликсиздикке мындайча токтолот:
ДНК ушундай бир түзүлүшкө ээ; клетка экиге бөлүнгөн сайын ДНК да өзүн копиялайт. Бөлүнгөн клеткалардын экөөнүн тең генетикалык маалыматы бөлүнүү жана копиялоо процессинен соң сөзсүз бирдей болот. Бул копиялоо кемчиликсиз.89

ДНКнын копиялана алуу касиети клеткалардын бөлүнүп көбөйүшүнө, эскирип жабыркаган кыртыштардын оңдолушуна жана ал ортодо ар бир жаңы клеткага генетикалык маалыматтын өткөрүлүп берилишине мүмкүндүк берет.
ДНКнын копияланышындагы эң кереметтүү жагдайлардын бири, булардын баарын атомдордон турган молекулалар жасашат. Аң-сезимсиз атомдордун биригишинен пайда болгон ферменттер ДНК спиралынын кем жагын аныктап, кем бөлүктөрдү тиешелүү жерлерден таап, ар бирин эң туура жайгаштырып, кереметтүү иштешет. Аң-сезимсиз, акылы жана илими жок кичинекей нерселердин мынчалык комплекстүү, илимди, аң-сезимди жана акылды талап кылган иштерди кемчиликсиз жасашы Аллахтын теңдешсиз жаратуусун көрсөтөт. Бул молекулалардын баары Аллахтын буйругу менен кыймылдап, Аллах аларга берген жөндөм менен ушунчалык кемчиликсиз жана адам жашоосу үчүн өтө маанилүү бир ишти аткарышат. Аллах Куранда адамдын жаратылышындагы тартипти мындайча билдирет:

Адам «өз башымча жана жоопкерчиликсизмин» деп ойлойбу? Өзү куюлган маниден (бел суудан) бир тамчы суу эмес беле? Анан бир алак (эмбрион) болду, анан (Аллах аны) жаратты жана бир «көрктүү келбет берди.» Ошентип андан эркек жана аял кылып жуп жасады. (Кыямат Сүрөсү, 36-39)

Копиялоодогу теңдешсиз ылдамдык
ДНКны копиялоо учурундагы бүт бул иштер абдан бат жасалат; мүнөтүнө 3.000 баскычтуу нуклеотид өндүрүлүп, секундасына болсо 50 база жубу копияланат.90 Ал ортодо бүт баскычтар жооптуу ферменттер тарабынан кайра кайра текшерилип, керектүү оңдоолор жасалат.
ДНКнын копиялоо ишинин канчалык чоң ылдамдыкта жасалаарын жакшыраак түшүнүүгө төмөнкү маалыматтар жардамчы боло алат: бир клетканын бөлүнүшү 20-80 мүнөткө созулат жана ал ортодо ДНКдагы маалымат да копияланып көбөйтүлүшү зарыл. Б.а. ДНКдагы 3 миллиард маалымат 20-80 мүнөт арасында эч катасыз, унутуу же кемчилик кетирилбестен копияланышы керек. Бул бир китепкана толо маалыматтын же 1.000 китептин же бир миллион беттик тексттин ушунчалык кыска убакытта, эч ката жана кемчиликсиз копияланышы сыяктуу кереметтүү кубулуш. Болгондо да, бул ишти жасагандар – технологиялык каражаттар, жогорку технологиялуу ксерокопия машиналары эмес, кээ бир атомдордун бири-бирине уланышынан келип чыккан ферменттер.
Чоң ылдамдык менен өндүрүлгөн жаңы ДНК молекуласында сырткы таасирлердин натыйжасында кадимки шарттарга салыштырмалуу көбүрөөк ката кетиши ыктымал. Ошондуктан клеткадагы рибосомалар ДНКдан келген буйрукка ылайык ДНКны оңдоочу ферменттерди өндүрүп башташат. Ошентип ДНК өзүн-өзү коргоого алат.
Клеткалар да адамдар сыяктуу туулат, көбөйөт жана өлөт. Бирок клеткалардын өмүрү алардан түзүлгөн адамдын өмүрүнө караганда бир топ кыска. Мисалы, алты ай мурда денеңизди түзгөн клеткалардын бүгүн көпчүлүгү өлгөн. Бирок өз убагында бөлүнүп ордуна жаңыларын калтырганы үчүн сиз азыр өмүрүңүздү улантып жатасыз. Ошондуктан клеткалардын көбөйүшү, ДНКнын копияланышы сыяктуу окуялар адамдын өмүрү үчүн кичинекей да катага жол берилбей турган өтө маанилүү процесстер.
Бул жерде таң калыштуусу, ДНКны жасаган жана анын түзүлүшүн текшерген ферменттердин баары кайра эле ДНКда жазылган маалыматтардын негизинде, ДНКнын буйрук жана көзөмөлүндө өндүрүлөт. Бул жерде бири-бири менен өтө тыгыз байланыштуу кереметтүү бир система бар; мындай системанын кокустуктардын натыйжасында, бир-бирден пайда болуп, калыптанышы эч мүмкүн эмес. Себеби фермент болушу үчүн ДНК, ал эми ДНК болушу үчүн кайра эле фермент бар болушу керек жана экөө болушу үчүн клетка бүт органеллдери менен бирге, толук бойдон бар болушу шарт.
Бул жерге чейин кыскача каралган маалыматтардан да көрүнүп тургандай, денеңиздеги бүт бөлүктөр өз милдеттерин кемчиликсиз жана ийгиликтүү аткарышууда. Аллах эң чоңунан эң кичинесине чейин сансыз атомду жана молекуланы өмүрүбүздү толук кандуу улантышыбыз үчүн кызматыбызга берген. Аллах бир аятта мындайча кабар берет:

... Шексиз, Аллах адамдарга (чексиз) жакшылык кылуучу. Бирок адамдардын көпчүлүгү шүгүр кылышпайт. (Момун Сүрөсү, 61)

Ар бир клетка бөлүнгөн сайын ДНКнын бир копиясын алуу керек экенин ойлонгон, ДНКнын эң ыкчам жана эч катасыз копияланышын башкарган, кетирилген каталардын ыкчам оңдолушу үчүн кереметтүү бир системаны уюштурган күч, акыл, эрк жана илим кимге тиешелүү? Мынчалык комплекстүү жана кемчиликсиз бир тартипти кокустан келип чыккан деп айтуу акылга да, логикага да эч туура келбейт. Ааламдагы бүт атомдорду бириктирип, керектүү бүт шарттарды аткарсаңыз да, ДНКны копиялоочу бир системаны кокустан эч качан пайда кыла албайсыз. Мынчалык кемчиликсиз бир системаны жараткан жана миллиондогон жылдан бери жаратууну уланткан – бул чексиз илим, акыл жана кудурет ээси Аллах. Бул акыйкат Курандын бир аятында мындайча билдирилет:

Асмандардагы жана жердегилердин баары Аллахтыкы. Аллах бардык нерселерди курчап турат. (Ниса Сүрөсү, 126)
Копиялоо каталарынын оңдолушу
Бир клетканын бөлүнүү процессинде хромосомалар өздөрүн копиялап жатканда кээде каталар пайда болот. Генетикалык маалыматтагы каталардын кийинки урпактарда чогулуп көбөйүшүнүн алдын алуу үчүн ар бир организмде мындай каталардын көпчүлүгүн аныктап оңдоочу бир механизм бар. Эгер бул механизм болбогондо, жандыктардын генетикалык түзүлүшү бузулмак, жана ал түр тукум курут болушу мүмкүн эле.
Мындай каталарды азайтуу үчүн клетка оңдогуч кызматын да аткарат. Бирок бул оңдоодон соң да бир эки ката калышы мүмкүн. Бул каталар анчалык олуттуу эмес. Клеткадагы мындай көзөмөл механизми аркылуу копиялоо учурундагы каталардын үлүшү бир миллиарддан бирден жүз миллиарддан бирге чейинки аралыкка түшүрүлөт. Жүз миллиарддан бир ката үлүшүн 50 миллион беттик текстте бир гана катанын кетирилишине салыштырууга болот. 50 миллион бетти болсо 100 профессионалдуу жазгыч өмүр бою эч тынымсыз жазганда гана араң жазып бүтө алат.91 Ядролук физик Жеральд Л. Шредер клетканын ичиндеги сапат көзөмөл системасындагы акылга мындайча көңүл бурат:
Бул системадагы акыл абдан чебер. Мен бир белоктун бир спиралды ачканды кайдан үйрөнгөнү жөнүндө же ДНК-полимеразанын кантип пайда болгону, же өз жумушун башташы керек экенин кайдан билээри жана туура базаны таап кантип туташтыраары жөнүндө эле айтып жаткан жокмун. Буларда бир сыйкырчынын шоусун элестеткен жана түшүндүрүүнү талап кылган кереметтүү нерселер бар. Бирок менин «абдан акылдуулук менен» деген сөзүмдүн мааниси мындай: ар бир жаңы копияланган тилке баштапкы тилкеге спираль формасында туташат жана мунун урматында сапат көзөмөлүнөн жооптуу белоктор жаңы копияланган тилкени баштапкыдан (оригиналдан) келгенге түз салыштырып текшерүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат. Абдан акылдуулук менен! Эгер жаңы пайда болгон эки тилке бири-бирине туташып, эки баштапкы тилке болсо баштапкы абалына кайра кайтканда, сапат көзөмөл системасынын жумушу бир топ оор жана бир топ натыйжасыз болмок.92
Апачык көрүнүп тургандай, ДНКда жана ДНКнын буйруктары менен иштеген бүт системаларда эч бир кокустук менен түшүндүрүлгүс, таң каларлык акылдуу жана пландуу окуялар ишке ашат. Булардын пландуу түрдө программаланышын болсо бүт нерсени билүүчү, бүт нерсени башкарган бир Жаратуучунун бар экендиги менен гана түшүндүрүүгө болот. Бул Жаратуучу – мээрими менен бизге жашоо берген, илими менен бүт нерсени ороп курчаган Улуу Аллах.

1. Катаны тастыктоо үчүн атайын бир белок ДНКны изилдейт.
2. Атайын бир белок каталуу бөлүктүн бир тарабын кессе, экинчи фермент экинчи тарабын кесет.
3. ДНКнын каталуу жери атайын бир фермент тарабынан жумшартылып ачылат.
4. Дагы бир белок экиге ажыраган ДНКны бекем кармап туруу үчүн катасыз тилкеге жабышат.
5. Каталуу ДНК.

ДНКны оңдоо учурунда көптөгөн белоктор кызмат кылышат. Алардын ар бири кереметтүү кызматташып, кемчиликсиз бир гармонияда иштешет.

Өтө маанилүү кызматты аткарган ДНК ферменттери
Ферменттер бир реакцияга таасир бергенде, бир топтун жогорудан ылдый тоголонушу менен төмөндөн жогору тоголонушунун арасындагы айырмага окшош бир таасир тийгизет. Ферменттер биохимиялык реакцияларды миң эседей ылдамдата алышат.93 Адамдын клеткасынын ичинде 3.500дөн ашуун фермент бар. Булардын бир же бир нечесинин кем болушу клетканын ичиндеги иш-аракеттердин толугу менен башаламандыкка учурашына себеп болот. Бул болсо клетканын талкаланып бузулушуна, б.а. организмдин жок болушуна алып келет (тереңирээк маалымат үчүн караңыз: Харун Яхья, Өмүр бою иштеген кереметтүү машина: фермент (Ha­yat Bo­yu Ça­lı­şan Mu­ci­ze Ma­ki­ne: En­zim)).
ДНК ферменттеринин эң негизги кызматтарынын бири – бул ДНК молекуласынын копияланышына көмөкчү болуу. Бир фермент молекуласын башка белок молекуласынан анын үч өлчөмдүү формасы гана айырмалайт. Эгер ферменттер мындай үч өлчөмдүү формада болбогондо, клетканын ичиндеги процесстер, мээден органдарга маалыматтардын жиберилиши жана клетканын ичиндеги көзөмөлдөр болмок эмес, натыйжада клеткалардын жашоосуна керектүү көп процесстер ишке ашпай калмак. Ошондой эле, эгер ДНКнын копиялануу процессинде каталарды оңдоочу ферменттер болбогондо, тиешелүү ген өз функциясынан ажырамак же копиялоодогу каталар ракка себеп болмок.
ДНКнын копияланышында кызмат кылган ферменттер

* ДНК спиралын сыдырма сыяктуу ачуучу: ДНК-геликаза.
ДНК-геликаза
Жогоруда да айтылгандай, копиялоо иши башталганда, алгач «ДНК-геликаза» аттуу фермент тиешелүү жерге келип, ДНК спиралын бир сыдырмадай ачып баштайт. Мунун натыйжасында ДНКнын спираль формасындагы бири-бирине оролгон тилкелери (колдору) экиге бөлүнөт. ДНК-геликаза бир секундада 1.000 нуклеотид жубун ача алат.
ДНКнын тилкелери бөлүнгөндө, алардын кайрадан бири-бирине оролушуна бөгөт коюу үчүн «спиралды кармоочу ферменттер» эки тилкени тең кармап турушат.
ДНК-геликаза сыдырманы ачып жатып, бир чекитте кокустан токтойт. Ал токтогон чекиттер – бул керектүү маалыматтын чектери. Ферменттер маалыматтын каерден башталып каерден бүтөөрүн билген сыяктуу өтө чеберчилик менен иштешет.
* Жаңы ДНК тилкелерин жасоочу: ДНК-полимераза
ДНК-полимераза
Кезек «ДНК-полимераза» ферментинде. Бул ферменттин кызматы болсо – жогоруда айтылгандай, ДНКнын экиге бөлүнгөн тилкелерин экинчи бир тилке менен толуктоо. Ал үчүн ДНКнын бир тилкесиндеги ар бир маалыматтын тушуна ылайыктуу маалыматты таап алып келет.
ДНК-полимераза жаңы тилкелерди кемчиликсиз толуктайт. Мурдакы тилкедеги цитозин дайыма жаңы тилкедеги гуанин менен жупташат, б.а. бетме-бет келет. Аденин болсо дайыма тимин менен жана тимин болсо аденин менен жупташат. Бирок укмуш чоң ылдамдыктагы бул жупташтыруу процессинде кээде бир канча ката кетет. Мисалы, ДНК-полимераза адениндин тушуна бир жерде тиминди эмес, гуанинди жайгаштырат. Мындай катачылыктар кээде өтө кооптуу болот. Мисалы, гемоглобиндин түзүлүшүндөгү алтынчы аминокислота эгер «валин» деп аталган башка бир аминокислотага алмаштырылса, белокто жипчелер пайда болот жана эритроциттердин оролушуна тоскоол болуп, «орок клетка анемиясы» деп аталган ооруга алып келет.94
Базалардын жупташуу учурундагы химиялык тандоочулугу ушунчалык күчтүү болгондуктан, 100.000 базада бир катага гана уруксат берилет. Мындан тышкары, ДНК-полимераза да каталарга абдан сезгич. Эгер бир база туура эмес жупташтырылса, ошол замат жок кылынып, ордуна туура база жайгаштырылат. ДНК-полимераза жумушун бүткөн соң бир оңдоочу фермент жаңы түзүлгөн ДНК тилкесинде ката калып калбаганын текшерет.
* Каталарга карата абдан сезгич: ДНК-нуклеаза
Бул фермент бир редактор (текстти оңдоочу киши) сымал ДНКдагы катаны аныктап, ката тамганы чыгарып таштайт. Бирок мунун натыйжасында ДНК спиралында бир боштук пайда болот. Бул көйгөй менен болсо башка бир фермент алектенет.

* ДНКдагы үзүктөрдү оңдоочу: ДНК-лигаза
ДНК-нуклеаза туура эмес жерди аныктап, алып салганда, ДНК спиралында пайда болгон боштук «ДНК-лигаза» аттуу фермент тарабынан оңдолот. Эң аягында алынган кемчиликсиз натыйжанын урматында миллиард нуклеотидде болгону бир катага жол берилет. Бул ката үлүшү компьютерлердин көзөмөлүндөгү кандайдыр бир маалымат системасынын эсе эсе өйдө. Миллиарддан бир ката миңдеген китепти копиялап жатып бир гана ката кетирүү деген мааниге келет.95 Бул чоңдук бизге көзгө көрүнбөгөн кичинекей бир жерде канчалык кереметтүү бир көзөмөл механизмасы бар экенин көрсөтөт.

* ДНКнын түйүлбөй чечилишин камсыз кылуучу: топоизомераза
ДНК тилкелери өзүнүн узундугунан миңдеген эсе кичине жерлерге пакеттелген. ДНК бул кичинекей жерде кыймылдап жатканда, мындай формасынан улам көп маселелерге кабылат. Мисалы, ДНК спиралы андагы маалыматты окуу үчүн ачылып жатканда, төмөн жактагы аймактар барган сайын тыгыздашат жана пайда болгон бул басымды сыртка чыгаруу зарыл. Бул бир жиптин ичиндеги жипчелерди бир-бирден тартып алууга окшошот. Мындайда жиптин ылдый тарабы чиелешип баштайт. Клетка бөлүнүп жатканда да мына ушундай көйгөйдүн чоңу пайда болот. Клетка бөлүнөөрдүн алдында ядродо ДНКнын 46 тилкесинен эки копия болот. Ар бир тилке алгач ажырап, анан экиге бөлүнүп эки жаңы клеткага кетиши керек.96
Топоизомераза деп аталган ДНК ферменттери клетка үчүн чоң бир көйгөй болгон бул маселени чечишет. Бир топоизомераза ДНК спиралынын бир тилкесин бөлүп, ДНКнын жазылып, жумшарышын камсыз кылат. Ошентип ашыкча катуу оролуудан келип чыккан басым жумшартылган болот. Ал тилке кийинчерээк бириктирилип, жуп спираль мурдакы абалына кайтат. Бул иштердин баары абдан кылдаттыкты талап кылат. Аллахтын мээрими менен бүт бул системалар бизге сезилбестен, кызматтарын кемчиликсиз аткарышып, ДНК спиралдарындагы генетикалык маалыматты коргошот.
ДНК менен ферменттердин кемчиликсиз кызматташтыгы
Бул процесстер адам денесиндеги 100 триллион клетканын ар биринде, күн сайын орточо 20.000 жолу ишке ашат.97 Ар бир фермент качан, каерде болушу керек экенин, кайсы этапта анын жумушунун башталаарын билет. Ар бир ферменттин кезеги белгилүү. Ар бири эмгектин бөлүнүшүнө мыкты бир координация аркылуу моюн сунушат. Бул системада кичинекей бир кемчилик же кечигүү болбойт. Антпесе ДНК ишке жараксыз бир молекула жыйындысына айланат жана денеде олуттуу зыяндарга жол ачышы мүмкүн.
1. Топоизомераза; 2. Баштапкы ДНК спиралы; 3. Копия ДНК спиралы; 4. Геликаза; 5. Полимераза; 6. Лигаза; 7. Полимераза.


ДНК ферменттери эволюционисттердин «бүт организмдер кокустан, баскыч баскыч, жай өзгөрүүлөр аркылуу пайда болгон» деген көз-караштарын толугу менен жокко чыгарган жаратылуу мисалдарынын бири. Себеби ДНК копияланышы үчүн бул ферменттер сөзсүз болушу керек. Бирок бул ферменттердин кантип жасалаары жөнүндөгү маалыматтар болсо ДНКда сакталган. Ошондуктан ферменттер пайда болушу үчүн ДНК болушу, ДНК өмүрүн улантышы үчүн болсо ферменттер болушу шарт. Ушул кезге чейин бирөөсүнүн да пайда болушун түшүндүрө албаган эволюция теориясы үчүн эки комплекстүү түзүлүштүн бир учурда пайда болуу шарты абдан чоң бир маселе.
Эволюционисттер кабылган мындай чарасыз абалды эволюционист илимпоз Фред Хойл жана Чандра Викрамасингх мындайча моюнга алышкан:
... Жашоо кокустан башталган эмес. Ааламдагы бардык маймылдарды бир-бирден текст терүүчү машинага отургузсаңыз жана ал маймылдар машинанын клавишаларын туш келди басышса, алардын бирөөсүнөн да Шекспирдин бир чыгармасы пайда болбойт. Ал тургай, иш жүзүндө туура эмес эксперименттерди салганга акыр-чикир чакалары да жетпей калат. Бул жандуу заттарга да тиешелүү. Жашоонун жансыз заттан өзүнөн-өзү пайда болуу ыктымалдыгы үчүн 1 санынын жанына 40.000 даана нөл жазыңыз. Жашоонун жансыз заттан өзүнөн-өзү пайда болуу ыктымалдыгы мына ушул сандан бирге барабар... Эгер адам коомдук ишенимдеринен улам же «илим эволюцияга ишениши керек» деген тенденциядан улам стереотиптүү болуп калбаса, бул жөнөкөй эсеп Дарвинди жана бүт теорияны көмүү үчүн жетиштүү деңгээлдеги ыктымалсыз бир сан. Бул планетада да, башкасында да эч кандай баштапкы бир аралашма (первичный бульон) болгон эмес жана жашоонун башталышы туш келди болгон эмес, демек белгилүү бир максатты көздөгөн бир акылдын натыйжасы.98

1. Кант
2. Фосфат
3. Аденин
4. Гуанин
5. Цитозин
6. ДНК-полимераза
7. ДНК-геликаза
8. ДНК-полимераза
9. Цитозин
10. Тимин

ДНКнын өндүрүшүн камсыз кылган ферменттер да, анын түзүлүшүн көзөмөлдөгөн ферменттер да – ДНКда жазылган маалыматтардын негизинде, ДНКнын буйрук жана контролунда өндүрүлгөн белоктор. Бул бири-биринен көз-каранды, кереметтүү бир система болгондуктан, мындай системанын өзүнөн-өзү, акырындап пайда болушу эч мүмкүн эмес. Себеби фермент болушу үчүн ДНК болушу керек, ДНК болушу үчүн фермент болушу керек.

Мынчалык татаал жумуштарды жасаган ферменттер – аң-сезимдүү, акылдуу бир жандыктар эмес. Анда, бул аң-сезимсиз атом жыйындылары чечим алуу, аларды аткаруу, алдын-ала пландоо, башаламандыктардын алдын алуу, кемчиликсиз бир тартип үчүн чара көрүү, каталарды аныктоо, каталарды оңдоо, түзөтүү сыяктуу аң-сезимди жана акылды талап кылган иш-аракеттерди кантип жасашат? Эволюционисттер ишенген «кокустук» түшүнүгү мынчалык комплекстүү бир механизмдин алдында бүт маанисин жоготот. Ошондуктан сокур кокустуктар жашоонун келип чыгышына эч качан илимий жооп боло албайт. Акылы жана абийири бар адамдардын баары сокур жана аң-сезимсиз кокустуктардын натыйжасында мынчалык аң-сезимдүү, пландуу процесстердин кезеги менен ишке ашпашын, кемчиликсиз жасала албашын кабыл алат. Куранда Аллахтын бар экенин жокко чыгаргандардын чындыктарды кабыл албай тирешиши мындайча кабар берилет:

Алар: «Бизди сыйкырлоо үчүн эмне керемет (аят) алып келсең да, баары бир биз сага ишенбейбиз.» дешти. (Аьраф Сүрөсү, 132)

Бул системанын бүт элементтеринин толук бойдон, бир учурда пайда болуу зарылчылыгы талашсыз чындык. Бул «алар жаратылган» деген мааниге келет. Адамдар окуп жатканда, оюн жыйнап толук аңдап-түшүнө да албаган бул процесстерди, Аллахтын каалоосу менен, аң-сезимсиз атомдор дайыма эч кыйынчылыксыз, ийгиликтүү орундатышат. Аллах Куранда мындай деп билдирет:


Себеби Ал алгач жараткан, (кийин тирилтип) кайтаруучу. Ал абдан кечиримдүү, абдан сүйүүчү. Арштын ээси; Мажид (абдан Улуу). Каалаганынын баарын жасап-ишке ашыруучу. (Буруж Сүрөсү, 13-16)

Булактар:
88. L. R. Croft, How Life Began, Evangelical Press, İngiltere, 1988, s. 37.
89. Werner Gitt, In the Beginning was Information, 3. baskı, Almanya, 2001, s. 90.
90. http://users.rcn.com/jkimball.ma.ultranet/BiologyPages/D/DNAReplication.html
91. Lee M. Spetner, Not By Chance, Shattering The Modern Theory of Evolution, The Judaica Press Inc., 1997, ss. 38-39.
92. Gerald L. Schroeder, The Hidden Face of God, The Free Press, New York, 2001, s. 206.
93. http://en.wikipedia.org/wiki/Enzyme
94. David S. Goodsell, Our Molecular Nature, Springer-Verlag, New York, 1996, ss. 40-41.
95. David S. Goodsell, Our Molecular Nature, Springer-Verlag, New York, 1996, s. 42.
96. David S. Goodsell, Our Molecular Nature, Springer-Verlag, New York, 1996, ss. 39-40.
97. http://users.rcn.com/jkimball.ma.ultranet/BiologyPages/D/DNArepair.html
98. Fred Hoyle, Chandra Wickramasinghe, Evolution from Space, Simon & Schuster, New York, 1984, s. 148.

Hiç yorum yok:

Yorum Gönder