Бүт организмдердин негизги генетикалык заты болгон ДНК – түзүлүшү жагынан оролгон тепкичтерге окшоп кеткен, абдан узун бир молекула. Бүт организмдерде (адамдарда, гүлдөрдө, канаттууларда, чымындарда, ал тургай, бактерияларда да) ДНК бар. ДНК бир организмдин клеткасынын өзгөчөлүктөрү жана тартиптүү иштеши менен байланыштуу керектүү бүт маалыматтарга ээ. Ошондой эле, организмдин кандай көрүнүштө болоору, кандай түзүлүшкө ээ болоору, кантип чоңойоору, органдарынын кантип иштээри жөнүндөгү бүт маалыматтар ДНКда алдын-ала жазылат. Мисалы, бир адамдын ДНКсы анын бою, көзүнүн өңү жана дене түзүлүшү менен байланыштуу бүт маалыматты, дененин кайсы коркунучтардан кантип коргоноору, клетканын курулуш материалдары болгон белокторду кантип өндүрөөрү сыяктуу маалыматтарды камтыйт. Бир гүлдүн ДНКсы болсо гүлдүн жыты, түсү, тикендеринин түзүлүшү, жалбырактарынын формасы, сабынын жоондугу жөнүндөгү миллиондогон майда-барат маалыматтарды коддолгон абалда сактайт. ДНК молекулалары ар бир организмдин кантип курулаарын жана кантип иштээрин аныктоочу масштабдуу план, долбоорлор милдетин аткарат.
Адам өзүнөн бир топ акылдуу бул молекуланы ар бир клеткасында алып жүрөт. Мисалы, азыр бул саптарды окуган көздөрүңүздөгү ар бир клетканын ичинде ДНК тизмеги пакеттелген абалда турат. Китептин беттерин барактаган манжаларыңыздагы ар бир клеткада, жүрөк клеткаларыңызда, сөөк клеткаларыңызда, кыскасы, денеңизди түзгөн ар бир клеткада ДНК молекуласы бар. Болгондо да, адам жашашы үчүн тынымсыз иш үстүндө. Илим теоретиги проф. д-р Вернер Гитт ДНКдагы маалыматтардын кереметтүү масштабы жөнүндө мындай дейт:
Белок коддоочу бөлүмдөрүнөн сырткары, ДНК ошол эле учурда сансыз көп структуралык жана функционалдык маалыматтарды камтыйт. Андагы маалыматтар митохондрия жана рибосома сыяктуу кичинекей органеллдердин жасалышына керектүү коддорду да, чоң органдардын (мисалы, жүрөк, бөйрөктөр, мээ сыяктуу) жана организмдин бүт денесинин курулушу үчүн керектүү коддорду да камтыйт. Ушул күнгө чейин эч ким укмуш комплекстүү бул системаны толук чечмелей алган жок.12
![]() |
1- Булчуң системасы,
2- Скелет системасы.
Бул системалар жөнүндөгү бүт маалыматтар ДНКдагы генетикалык маалыматта жазылган.
|
Проф. Гитт көңүл бургандай, ДНКдагы маалыматтардын таасир чөлкөмү абдан кенен. ДНК тышкы көрүнүштү эле аныктабайт; ошол эле учурда клеткалар, органдар жана системалар деңгээлинде миңдеген ар кандай окуяны пландайт. Аллах ДНКга жазган маалыматтардын негизинде денебизде ишке ашкан окуялардын кээ бирлери жалпысынан төмөнкүлөр:
![]() |
Адамдын денесин ийкемдүү
кылган муундардын түзүлүшү да
ДНКда коддолгон.
|
*Адам денесинде 206 бөлүктөн турган сөөк системасы бири-бирине булчуңдар аркылуу идеалдуу туташтырылгандыктан, бир бүтүндөй кыймылдай алат. Бул булчуңдардын тепкичтен түшүп-чыга алууну, чуркоону, ийилип өйдө болууну камсыздай турган ийкемдүүлүгү менен кыймыл жөндөмү да ДНКда жазылган. Аллах ДНКда аныктап койгон маалыматтардын урматында булчуңдар биздин каалообузга жараша кыймылдайт. Мунун урматында адам суу куюлган чыныны кармай алат, китеп беттерин барактай алат, креслодо кулабастан отура алат же бир топ килограмм салмактагы пакеттерди көтөрүп жүрө алат.
*Сөөктөрдүн арасындагы сүртүлүүгө тоскоол болгон кемирчектер болсо формасы, түзүлүшү жана жайгашышы жагынан абдан өзгөчө кыртыштар. Мисалы, тизелердеги кемирчектер тампон кызматын аткарып, ондогон килограмм салмагындагы дененин оордугун сезбестен көтөрүп жүрүүнү камсыздайт. Булардын детальдуу планы да ДНКда жазылган.
*Узундугу болжол менен 100000 километрге созулган, ичинде өтө маанилүү бир суюктуктун, б.а. кандын айланышын камсыз кылган тамырлар денедеги бүт чекитке жетип, бүт кыртыштардын кан менен азыктанышына шарт түзөт. Тамырлар клеткаларга дайыма таза кан жана кычкылтек жеткирип, бир тараптан кирдеген канды чогултушат. Жүрөктүн өзгөчө насостоо системасы менен ортоктошуп иштеген жана кээ бирлери бир тал чачтан ичке болгон тамырлар көздүн кабагынан манжалардын учуна, мээден бөйрөктөргө чейин, кыскасы дененин бүт тарабына канды жеткиришет.
*Нервдердин бир тармак сыяктуу бүт денени капташын, дененин нервдер аркылуу өзгөрүүлөрдү сезип, аларга ыкчам реакция көрсөтүшүн жана бүт бөлүктөрүнүн жалгыз бир дене катары иштешин камсыздашат.
*Денедеги болжол менен 200 түрдүү клеткалардын баары түпкүрүндө бирдей механизмдерге ээ болгонуна карабастан, ар кандай кызматтарды аткарышат. Мисалы, бир боор клеткасы миллисекундалар (секунданын миңден бири) ичинде 500 түрдүү химиялык процессти жасаса, бир жүрөк клеткасы өмүр бою электр энергиясын өндүрө алат.
*Адамдын өйдө туруп басышы, тик турушу, дем алышы, көздөрүн ачып-жумушу, кыскасы өмүрүн улантышы үчүн керектүү болгон энергияны өндүрүү да клеткада жазылган пландын бир бөлүгү. Клеткалардын баары организм жеген азыктардан эң көп энергияны кантип алууга болоорун жана ал энергиянын кантип эң натыйжалуу колдонулаарын ушул план аркылуу билишет.
*Өзү да эттен турган ашказандын эттерди сиңирүүчү кислоталарды бөлүп чыгарганда, андан өзүн коргой турган бир системага ээ болушу, кесилген терини калыбына келтирүүдө канды уютуу (картка айландыруу) үчүн 20дай ферменттин иштеши – ДНКда жазылган чаралардын бир канчасы гана.
*Клеткалардын арасындагы жогорку бир байланыш системасы болуп эсептелген жана бүт дене тең салмактуулуктарын жөнгө салган гормондук система да ДНКда жазылган маалыматтардын негизинде иштейт. Денеде кайсы заттардын канчалык колдонулаары, ашыкчасынын кантип сактап коюлаары же денеден кантип чыгарылаары да ушул белгилүү пландын ичинде.
*Мындан тышкары, ДНК иммундук системадагы клеткалар арасы маалымат алмашуунун кантип жүргүзүлөөрүн да аныктайт. Мисалы, бир кыртыш (ткань) жаракат алганда, иммундук системага тиешелүү реакциялар башталат. Коргонуу клеткалары ал жарааттан кирген микробдорго кол салуу үчүн эң кыска убакыт ичинде ал жерди аныкташат. Анан коркунуч туудурган абалды анализ кылып, микробдорго каршы согушту баштоочу кабарларды жөнөтүшөт.
![]() |
1- Кан айлануу системасы,
2- Нерв системасы.
Бул системалардын түзүлүшү, аткарган кызматтары сыяктуу бүт маалыматтары да ДНКда жазылган.
|
Дагы сансыз китептерди толтура турган адам денесинин билинген жана билинбеген кылдат тартиптеринин баары ДНК деп аталган маалымат базасында жазылган пландын бөлүктөрү. Кыскасы, ДНКлар организмдерде архитектор, инженер, жыт эксперти, ботаник, лаборант, ички архитектор, чийгич-конструктор, сүрөтчү, доктор жана дагы көптөгөн санап бүткүс чебер искусство адамынын жана илимпоздун функциясын аткарган бир пландоо борбору катары кызмат кылышат. Бул саптарды окушуңуз, көрүшүңүз, дем алышыңыз, ойлонушуңуз, кыскасы, жашашыңыз үчүн дайыма кызмат кылып жаткан бул молекулаларды Улуу Раббибиз Аллах жаратып жатат жана дайыма башкарып турат. Бул чындык бир Куран аятында мындайча билдирилет:
«Мен чындыгында, менин да Раббим, силердин да Раббиңер болгон Аллахка тобокел кылдым (таяндым). Ал маңдайынан кармап-көзөмөлдөбөгөн эч бир жандык жок. Сөзсүз менин Раббим туптуура бир жол үстүндө (туптуура жолдогуну коргоодо).» (Худ Сүрөсү, 56)
ДНКдагы маалыматтарды абдан жөнөкөй бир мисал менен бир китепке салыштыралы. Бир китептин өзүнөн-өзү пайда болбошу анык. Кандайдыр бир жол менен бир китеп пайда болуп калды десек да, ал китепке кандайдыр бир маанилүү маалыматтардын жазылып калышы эч мүмкүн эмес. Проф. Филлип Жонсон (Phillip Johnson) ушул мисалдын негизинде туш келди кокустуктардын мындай күчү, жөндөмү, акылы жок экенин айтат:
... тамгаларды, боштуктарды, тыныш белгилерин туш келди бириктирүү менен орточо узундуктагы, кандайдыр бир маанини туюнткан жана логикалуу бир китепти алуунун эч мүмкүн эмес экенине дээрлик бүт адамдар кошулат. Ал тургай, «башында сөз бар эле» деген сыяктуу бир сүйлөмдүн тамгалардын жана сөз боштуктарынын туш келди аралашып чачылышынын натыйжасында келип чыгышы да такыр мүмкүн эмес.13
Албетте, ДНКда жазылган маалымат «башында сөз бар эле» деген сүйлөмгө эч салыштырылгыс даражада татаал жана бул комплекстүү түзүлүштүн өзүнөн-өзү же «кокустан» пайда болуп калышы такыр мүмкүн эмес. Болгондо да, миллиондогон жылдан бери миллиарддаган организмде триллиондогон ДНК кемчиликсиз бир система менен коддолуп, көзгө көрүнгүс кичинекей бир жерге батырылып, эң акылдуу ыкма менен колдонулуп келүүдө. Демек адамды да, анын клеткасын да, анын ДНКсын да кемчиликсиз пландап тартипке салган бир Жаратуучу бар. Ал Жаратуучу чексиз кудуреттүү Аллах. Муну четке кагуу чындыктарды, акыл жана логиканы четке кагуу дегенди билдирет.
Бирок тамгалардын өзүнөн-өзү тизилип үч кичинекей сөздү да жазышы мүмкүн эмес экендигине толук кошула турган көп адамдар «миллиарддаган атом бир-бирден, өзгөчө бир тизмек менен биригип китепканалар толо маалыматты камтыган бир молекуланы «кокустуктардын» натыйжасында пайда кылган» деген калпты эч каршы чыкпастан угушууда. Мунун жалгыз себеби – бул дарвинизмге далилсиз, фанаттык түрдө ишенүү. Мындай фанатизм мээлүү кээ бир адамдардын чындыкты көрүшүнө тоскоол болуп, аларды эч акылга сыйбас ишенимдерге багыттоодо. Бул стереотиптен кутулган, акыл жана абийири менен ойлонгон ар бир адам ДНК сыяктуу чексиз бир маалымат базасынын Аллахтын жаратышы менен гана пайда болушу мүмкүн экенин апачык түшүнөт.
Аларга: «Аллах түшүргөндү ээрчигиле» деп качан болбосун айтылганда, алар: «Жок, биз аталарыбыз кылган нерсени (салтты) ээрчийбиз» дешет. Аталарынын акылы эчтекеге жетпесе жана туура жолду таба албаган болушсачы? Чындыктан баш тартуучулардын (каапырлардын) мисалы кыйкырып-өкүрүүдөн башка эч нерсе укпастан (уккан же кыйкырган нерсесинин маанисин билбеген жана тынымсыз) айкырган (бир айбан) мисалы сыяктуу. Алар – дүлөй, тилсиз, көр; ошондуктан акыл жүгүртүп (чындыкка) жете алышпайт. (Бакара Сүрөсү, 170-171)
Булактар:
12. Werner Gitt, The Wonder of Man, Christliche Literatur-Verbreitung e.V., Almanya, 1999, s. 76.
13. Phillip E. Johnson, Defeating Darwinism by Opening Minds, InterVarsity Press, Illionis, 1997, s. 73.
Hiç yorum yok:
Yorum Gönder