Бул китептин темасы болгон ДНК – куралсыз көзгө көрүнбөгөн, кичинекей клеткаларыбыздын маалымат базасы. Айланабыздагы организмдерге тиешелүү маалыматтар ар бир жандыктын бүт клеткаларынын ичиндеги «ДНК» деп аталган ушул маалымат базасында сакталган. Бир гүлдүн, бир апельсиндин, бир чыйырчыктын, бир кабыландын же бир адамдын бүт дене түзүлүшү, өзгөчөлүктөрү аларды түзгөн клеткалардын ядролорунда турат. Бул китепти кармап турган колуңузду бир караңыз. Колуңузду түзгөн миллиондогон клетканын ар биринде бул маалымат кампалары бар.
Бул китеп көзгө көрүнбөй турганчалык кичинекей, бирок курамы жана маалымат көлөмү жагынан он миңдеген китептен турган бир китепканадай болгон молекулаларга арналган. Бул китепте, бир тараптан миллиондогон эсе чоңойтуу менен гана көрүүгө мүмкүн болгон ДНКнын кереметтүү тараптарын карасак, экинчи тараптан жандыктардын ушунчалык кичинекей жердеги бир бөлүгүнүн эволюция теориясын кандайча туюкка салганын көрөбүз. Бул укмуштуу түзүлүштөрдүн детальдарын карап жатып ааламдардын Рабби болгон Аллахтын чексиз улуулугун, илиминин теңдешсиздигин, чексиздигин жана жараткан нерселерин кандайча башкарып тураарын терең ойлонуу мүмкүнчүлүгүн табабыз.
Бирок 20-кылымда ачылган ДНКны кароодон мурда, кыскача биз жашап жаткан жана күн сайын жаңы бир тарабы ачылып жаткан аалам жөнүндө ойлонуп көрөлү. Бир-биринен жүз миңдеген жарык жылы алыстыктагы миллиарддаган галактика... Акылга сыйбачудай сезилген ири масштабдагы бул галактикаларды толтурган миллиондогон жылдыздар... Абдан татаал бир тартип менен, миңдеген километр ылдамдыкта тынымсыз айланган, бирок бири-бири менен эч кагылышпаган ири планеталар... Мына биз ушул жерде, бул планеталардын кичинекей бирөөсүнүн үстүндө чекиттен да кичинекей болгон бир адамдын курулуш материалы болгон клетканы электрондук микроскоп менен изилдеп жатабыз.
Жашоого шарт түзгөн бардык нерселерге жандыктар муктаж. Дүйнө – Аллахтын мээрими менен атайын жаралган жана организмдер жашап жаткан бир жер. 20-кылымдын алдыңкы илимпоздорунан Альберт Эйнштейн адамдын ааламдагы тартипти түшүнүшү кыйын экенин минтип айткан:
Бул кереметтүү чөйрөнүн ичинде бүт керектүү системалар менен жабдылган адам өзүнүн денеси жөнүндө тереңирээк маалымат алган сайын канчалык кереметтүү шарттарда өмүр сүрүп жатканын жакшыраак түшүнөт. Жашоонун күнүмдүк агымына өзүн алдырып, ойлонбой жашаган көп адамдар денесиндеги жашыруун системаларды байкаган сайын, жаралуу максатын ойлонот жана аны жараткан Аллахтын алдындагы жоопкерчилигин сезет. Кээ бир илимпоздор Аллахтын илиминин улуулугун, кемчиликсиз жаратуусун көрүп, Аллахтын бар экенине ыйман келтиришкен. Кээ бирлери болсо абийирлери кабыл алса да, бой көтөрүүдөн улам Аллахка муктаж абалда жашап жатканын көрмөксөн болуп өжөрлүк кылышууда. Бирок чындыктарды көрмөксөн болуу акыйкатты өзгөртпөйт. Аллах кээ бир адамдардын мындай мамилесин төмөнкүчө кабар берген:
Чындыкты батыл (жалган) менен жаппагыла жана чындыкты жашырбагыла. Силер (чындыкты) билип турасыңар. (Бакара Сүрөсү, 42)
Эй адамдар, силер Аллахка муктажсыңар; Аллах болсо Ганий (эч нерсеге муктаж эмес), Хамид (мактоого ылайыктуу). (Фатыр Сүрөсү, 15)
Космостон субатомдук бөлүкчөлөрдү көздөй сапар

Адам учу-кыйырсыз ааламда бир чекитчелик да болбой калат. Төмөнкү сүрөттөрдү карасаңыз, бул чындыкты жакшыраак түшүнөсүз. Аллах космостон субатомдук бөлүкчөлөрдү көздөй созулган системалардын баарын кемчиликсиз бир тартип менен жараткан. Абдан чоң көлөмдөгү галактикаларда да, микроскопиялык көлөмдөгү клеткада да өтө так чен-өлчөмдөр бар. Ааламдагы бүт нерселерди кемчиликсиз жараткан Раббибиздин чеберчилигинин эң кооз көрүнүштөрүн денебизден да, атомдордон да, жылдыздардан да көрө алабыз. Биздин милдетибиз болсо – жашоо үчүн ушунчалык кемчиликсиз бир ааламды жараткан Раббибизге шүгүр кылуу.
10 миллион жарык жылы алыстыкта бир чекиттей болуп көрүнгөн Саманчынын жолу галактикасынын ааламдагы миллиондогон галактикалардын бирөөсү гана экенин ойлосоңуз, Аллахтын жаратуу кудуретинин улуулугун жакшыраак түшүнө аласыз.
Жаратуу жагынан силерди жаратуу кыйыныраакпы же асмандыбы? (Аллах) Аны курду (жаратты). (Назиат Сүрөсү, 27)
100 миң жарык жылы алыстыкта күндү, жерди жана айды да ичинде камтыган Саманчынын жолу галактикасы, 100 миллиарддан ашуун жылдызы менен, ааламдагы эң чоң галактикалардын бири.
Түндү, күндүздү, күндү жана айды силердин кызматыңарга берди; жылдыздар да Анын буйругу менен кызматка даяр турушат... (Нахл Сүрөсү, 12)
Аллах Куранда жылдыздар жөнүндө мындай деп кабар берген:
«Жок, жылдыздардын орундарына ант ичем. Күмөнсүз, бул эгер билсеңер чындыгында чоң бир ант.» (Вакыа Сүрөсү, 75-76)
![]() |
A:
1 нанометр = 1 метрдин миллиарддан бири
1 пикометр = 1 метрдин триллиондон бири
1 фемтометр = 10 -15 метр = 0,000000000000001 метр
1 аттометр = 10 -18 метр = 0,000000000000000001 метр.
|
Алар турганда да, отурганда да, жатканда да Аллахты эстешет жана асмандардын жана жердин жаратылышы жөнүндө ойлонушат. (Жана мындай дешет:) «Раббибиз, Сен буларды жөн гана (максатсыз) жараткан жоксуң. Сен абдан Улуксуң, бизди оттун (тозоктун) азабынан сакта.» (Али Имран Сүрөсү, 191)
ДНК клетканын ядросундагы денеге тиешелүү бүт маалыматтардын коддорун камтыйт. Адамдын бир ДНК молекуласындагы маалыматтар бир миллион энциклопедия бетин толтура алат. Клетканын ядросунун ичинде жайгашкан ДНКдагы ичке жипче формасындагы түзүлүштөр «хроматин» деп аталат. Өтө ичке болгондуктан, микроскоптон да көрүнбөйт. Бирок клетка бөлүнүп жатканда хроматин кеңейип, жоонураак бир жипчеге айланат. Ошондо микроскоптон көрүнөт.
Бул сүрөттөрдөн көрүнүп тургандай, айланабызды курчаган түзүлүш же системалардын, эң чоңунан эң кичинекейине чейин, кайсынысын гана карабайлы, сөзсүз өтө улуу бир кереметти көрөбүз. Эң негизгиси, ал кереметтерди байкай алуу керек. Себеби бир керемет канчалык ачык жана чоң болбосун, ал кереметтен «Аллах бар жана чексиз улуу» деген тыянакка баруу – бир гана ыймандууларга тиешелүү бир өзгөчөлүк.
1. http://www.simpletoremember.com/vitals/einstein.htm
Hiç yorum yok:
Yorum Gönder